139 Категория: Центральная Азия - Published: 06/04 - 17:12

Бүгүн, 6-апрелде Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, андан кийин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушууларды өткөрдү.

Бул тууралуу  “Eurasia Today” агенттигинин корреспонденти жеринен маалымдайт. Зариф Кыргызстанга Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган сапарынын алкагында келди. Ирандын тышкы иштер министри Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Өзбекстанга 5-апрелде барган.

Иран менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлери аймактык жана эл аралык иштер боюнча пикир алмашышты. Зариф эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү айрым тоскоолдуктарга, анын ичинде коронавирус пандемиясына, ошондой эле АКШнын мыйзамсыз жана катаал санкцияларына ишара кылып, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелер жетишсиз денгээлде экенин билдирди.

"Кызматташтыкты, айрыкча машина куруу, жол куруу, дамбаларды куруу, электр станцияларын куруу, жүк ташуу, транзит сыяктуу ар кандай тармактарда кеңейтүү керек", -деди Ирандын ТИМ башчысы. Ал ошондой эле Тегеран ЕАЭБ менен толук кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. Өз кезегинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Иранды Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү деп атап, региондо жана бүткүл дүйнө жүзүндө тынчтык орнотуудагы аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар Биргелешкен экономикалык комиссиянын 13-жыйынын өткөрүү, саясий жана консулдук консультацияларды кеңейтүү жана транспорт жаатында эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Ооганстандагы аймактык маселелерге жана тынчтык жараянына көңүл бурушту.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, кыргыз-иран саясий консультациялардын жүрүшүндө Казакбаев иран тарабынын 2020-жылы коронавирус пандемиясы күчөгөн оор мезгилде өлкөгө бир нече жолу гуманитардык жардам көрсөткөндүгүн, Ирандагы кыргыз жүк ташуучуларына чек аранын жабылышына байланыштуу жардам бергендигин, ошондой эле Ош шаарындагы "Кыргыз-иран достугу" спорт комплексинин курулушуна каржылык грант бөлгөндүгүн жогору баалады.

 Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрин Иранга расмий иш-сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Кыргызстандан кийин Зариф Казакстанга жөнөп кетет, ал жерде республиканын жогорку жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. Ирандын тышкы иштер министринин Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган сапары Түркмөнстандагы жолугушууларды өткөргөндөн кийин аяктайт.

Теги: