Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 60-сессиясы башталды.
Израил Эл аралык соттун (ЭС) талаптарына ылайык геноциддин алдын алуу үчүн чара көрүүгө, геноцидге чакырган адамдарды жазалоого жана Газадагы палестиналыктарга жетиштүү жардам көрсөтүүгө юридикалык милдеттүү. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Фолькер Тюрк билдирди.
Женевадагы БУУнун кеңсесинде Швейцариянын туруктуу өкүлү, элчи Юрг Лаубер жетектеген жыйында сүйлөгөн сөзүндө Тюрк Израилдин Газадагы тынч палестиналыктарды массалык түрдө өлтүрүүсү, чексиз азаптар менен кыйроолорго алып келиши, жашоого зарыл болгон жардамдын жеткирилишине тоскоол болушу, калктын ачарчылыктан жабыркашы, журналисттердин өлтүрүлүшү жана бири-биринин артынан уланып жаткан аскердик кылмыштар дүйнө коомчулугун дүрбөтүп жатканын айтты.
«Мен жогорку даражалуу израилдик чиновниктердин геноциддик риториканы ачык колдонгонунан жана палестиналыктарды адам катары санабаган уятсыз мамилесинен аябай шок болдум», — деди ал.
Тюрктүн айтымында, регион тынчтыкка муктаж, бирок Газа «көрүстөнгө айланды».
«Мындан аркы аскерлештирүү, оккупация, аннексия жана кысым көрсөтүү зордук-зомбулукту, өч алууну жана террорду күчөтөт. Израил Эл аралык сот белгилегендей, геноциддин алдын алууга, ага чакыргандарды жазалоого жана Газадагы палестиналыктарга жетиштүү жардам көрсөтүүгө милдеттүү», — деди ал.
Ал Газадагы кыргынды токтотуу үчүн шашылыш чаралар керектигин белгиледи.
Тюрктүн айтымында, эл аралык коомчулук өзүнүн милдетин аткарбай жатат.
«Биз Газадагы элди таштап коюп жатабыз. Геноциддин алдын алуу боюнча чечкиндүү чаралар кайда? Эмне үчүн өлкөлөр мыкаачылык кылмыштардын алдын алуу үчүн көбүрөөк аракет көрбөйт? Айрым өлкөлөр согуш мыйзамдарын бузушу мүмкүн болгон Израилге курал-жарак берүүнү токтотушу керек», — деди ал.
Тюрк өлкөлөр ок атышууну токтотууга, барымтадагыларды жана мыйзамсыз кармалгандарды бошотууга, ошондой эле Газадагы калкка жетиштүү гуманитардык жардам жеткирүүгө жетишүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, максималдуу басым көрсөтүүгө тийиш экенин белгиледи.
«Дүйнө коомчулугу Израилдин Газаны аскердик жол менен басып алуу жана Батыш жээкти ыкчам аннексиялоо пландарына каршы чечкиндүү чара көрүшү керек», — деди Тюрк, палестин элинин өз алдынча мамлекет болуу укугун колдоонун маанисин белгилеп.



















