БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш Израиль Газа тилкесиндеги өтмөктөрдө кармалып турган гуманитардык жардамдардын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылышы керектигин айтты.
“Израиль оккупациялык держава катары эл аралык укуктун, анын ичинде эл аралык гуманитардык укуктун жана адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдардын алкагында ачык-айкын милдеттенмелерге ээ. Бирок учурда гуманитардык жүктөр Газа тилкесине жете албай жатат. Өткөрүү пункттарында азык-түлүк, дары-дармек жана баш калкалоочу каражаттар топтолуп, жашоо үчүн керектүү буюмдар көптөн бери турат. Гуманитардык жардамга тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылуу зарыл”, — деп жазган ал X баракчасына.
Гутерриш 1949-жылдагы Женева конвенциясынын согуш учурундагы жарандык адамдарды коргоо боюнча жоболорун эске салды.
Документте белгиленгендей, оккупациялоочу держава карамагындагы бардык каражаттардын жардамы менен улуттук жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматташтыгы менен басып алган аймактагы медициналык жана оорукана мекемелери менен кызматтарын, калктын ден соолугун жана гигиенасын камсыз кылууга жана колдоого, атап айтканда, жугуштуу оорулардын жана эпидемиялардын жайылышына каршы күрөшүү үчүн зарыл болгон профилактикалык чараларды көрүүгө милдеттүү.
2-мартта Израиль Палестинанын анклавына гуманитардык жардам жеткирүүнү токтотуп, бардык өткөрүү пункттарын жапкан.
18-мартка караган түнү Израилдин Коргоо армиясы Газа тилкесине сокку урууну кайра баштаган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху чабуулдар ХАМАСтын ок атышпоону узартуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча АКШнын планын кабыл алуудан баш тартканы үчүн уланганын билдирди.
ХАМАС аскердик аракеттердин кайра жанданышы үчүн жоопкерчиликти Израиль менен АКШга жүктөдү.
Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышпоо келишими 1-мартта расмий аяктады, бирок ортомчулардын Газадагы жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга тараптарды тартуу аракетинен улам аскердик аракеттер кайра жанданбай турган. Бирок Израиль тилкедеги тузсуздандыруучу ишканага электр энергиясын берүүнү токтотуп, гуманитардык жүк ташуучу унаалардын тилкеге киришин жапты.
19-январдан 1-мартка чейин Газа тилкесинде Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы палестиналык туткундардын ордуна израилдик туткундарды бошотуу келишиминин биринчи этабынын алкагында ок атышпоо келишими күчүндө болчу. Алты аптанын ичинде ХАМАС барымтадагы 30 израилдикти бошотуп, каза болгондордун сегизинин сөөгүн өткөрүп берди. Буга жооп кылып Израиль 1700гө жакын палестиналык туткундарды бошотуп, ЦАХАЛ анклавдын ички аймактарынан чыгып кеткен. ХАМАС учурда дагы 59 кишини барымтада кармап турат.
2-мартка караган түнү Газа тилкесинде 42 күнгө созулган макулдашылган ок атышпоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин Израиль бийликтери АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф Газадагы убактылуу элдешүүнү узартуу боюнча жаңы планды сунуштаганын, анткени азыркы учурда Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы согушту толук токтотууга байланыштуу пикир келишпестиктерди жеңүү мүмкүн эмес экенин жарыялаган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Израиль бул планга макул экенин, бирок ХАМАС макул болбогонун баса белгилеген.
ХАМАС өз кезегинде Газа боюнча келишиминин экинчи этабына өтүүнү талап кылууда, анда согушту толук токтотуу жана анклавдан израилдик аскерлерди чыгаруу каралган.


















