Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

БУУ Израилдин Газадан жапырт эвакуация талабын сындады

  • Башкы жаңылыктар
  • 21.07.2025 16:06

Loading

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Израилдин палестиналыктарды Газа секторунан эвакуациялоо талабын бир суткада аткаруу мүмкүн эместигин билдирди. Бул пикирге Евробиримдик да кошулду.

Израиль бийлиги Газанын түндүк бөлүгүнөн түштүккө карай бир миллиондон ашык палестиналыкты эвакуациялоо үчүн болгону 24 саат убакыт берген. Бул тууралуу Израиль БУУну да кабардар кылган. Бирок бул пландын БУУдан колдоо тапкан жери жок. БУУнун Палестина качкындары боюнча агенттиги бул буйрукту «коркунучтуу» деп атады. Израиль чечимин БУУнун башкы катчысынын өкүлү да катуу сынга алды.

«БУУ мындай көчүрүү иш-аракеттери оор гуманитардык кесепеттерге алып келерин эсептейт. Биз мындай буйрукту дароо жокко чыгарууга чакырабыз, анткени ал буга чейин эле кайгылуу болгон кырдаалды толук кандуу катастрофага айлантуусу мүмкүн. Бул талап БУУнун кызматкерлерине да, анын мекемелеринде, мисалы мектептерде, клиникаларда, медициналык борборлордо баш калкалаган адамдарга да тиешелүү», – деди БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик.

Тема боюнча

АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

23.11.2026

БУУнун Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) Израилден бул чечимден баш тартууну талап кылып, палестиналык ооруканадагы жарадарларды коопсуз эвакуациялоо мүмкүн эместигин билдирди.

«Өтө оор абалдагы бейтаптар – реанимациядагы ымыркайлар, жашоосу жасалма дем алдыруучу аппараттарга байланган балдар тууралуу сөз болуп жатат. Бул оор абалдагы бейтаптардын көпчүлүгү – балдар. Алардын өмүрү түзмөктөргө туташкан бойдон гана сакталып калат. Мындай адамдарды көчүрүү алардын өлүм жазасына тете болот. Дарыгерлерден муну талап кылуу – адамдык чектен чыккан ырайымсыздык», – деди ДСУнун расмий өкүлү Тарик Яшаревич.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Жозеп Боррель да бир сутка ичинде миллион адамды эвакуациялоо мүмкүн эместигин айтты.

Израиль тараптан болсо БУУдагы туруктуу өкүлү Гилад Эрдан бул талапты «антигумандык» деп сыпаттоону четке кагып, БУУну жылдар бою ХАМАСтын куралдануусуна көз жуумп келген деп айыптады.

Бирок маалымат каражаттары Израил да ХАМАСтын даярдыгына көз жумганын жазып чыгышты. Times of Israel басылмасынын маалыматына караганда, жергиликтүү чалгын кызматы ХАМАСтын согушка даярдык көрүп жатканы тууралуу маалымат алган, бирок аны жөн гана машыгуу катары кабыл алышкан. The Wall Street Journal жазгандай, 7-октябрдагы чабуул учурунда ХАМАС Израил шаарларынын, аскердик базалардын так карталарын жана израилдик танктардагы алсыз жактар тууралуу маалыматка ээ болгон.

CNN болсо спутниктен тартылган сүрөттөргө жана ХАМАСтын интернетке чыгарган видеолоруна таянып, акыркы жарым жыл ичинде Газанын кеминде алты жеринде согуштук даярдыктар жүргөнүн билдирди. Алардын бири Израиль менен чек арадан болгону бир миль (1,6 км) аралыкта жайгашкан машыгуу лагери болгон.

«ХАМАСтын чабуулга жок дегенде эки жылдан бери даярданып келгени Израилдин жооп бербей калуусун түшүндүрүүдө кошумча суроолорду жаратат. Жакынкы Чыгыштагы эң өнүккөн чалгындоо жана аскердик системага ээ Израиль бул чабуулду кантип алдын албай калды? Бул тууралуу комментарий сураганда, Израил армиясынын эл аралык өкүлү полковник Джонатан Конрикус “анда эч кандай жаңылык жок” деп билдирди. Ал ХАМАСтын көптөгөн машыгуу полигондору болгонун жана Израиль армиясы мурунку жаңжалдарда аларды бир нече жолу бутага алганын кошумчалады», – деп жазат CNN.

Мындан тышкары, израилдик маалымат каражаттарында армия ичиндеги көйгөйлөр тууралуу маалыматтар көбөйө баштады. Бир нече басылма сапаттуу аскердик кийим-кечелердин, бронежилеттердин жана жабдуулардын жетишсиздиги тууралуу жазды. Израиль армиясынын резервисттерин жабдуу үчүн коомчулукка кайрылып, акча чогултуу боюнча жарыялар берилүүдө. Бирок ЦАХАЛ (Израил армиясы) өз билдирүүсүндө резервисттер толук кандуу камсыздалып жатканын белгилейт.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Газа тилкесигазалыктарды көчүрүүИзраильХамас
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Израил аскерлеринин суициди: улам кайталанган согуштардын психологиялык кесепеттери жана армиянын алсыроосу

Израил аскерлеринин суициди: улам кайталанган согуштардын психологиялык кесепеттери жана армиянын алсыроосу

24.11.2026
АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

23.11.2026
Эмне үчүн израилдик режим мындан ары Американын  союздашы болбой калды?

Эмне үчүн израилдик режим мындан ары Американын  союздашы болбой калды?

23.11.2026
Израиль парламентинин вице-спикери палестиналык кесиптештерин мазактаганы үчүн төрт депутатты жыйын залынан чыгарды

Израиль парламентинин вице-спикери палестиналык кесиптештерин мазактаганы үчүн төрт депутатты жыйын залынан чыгарды

19.11.2026
Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

17.11.2026
Guardian: Израиль палестиналыктарга көз салуу үчүн Amazon компаниясынын технологияларын колдонууда: булут сактагычка 3,5 миллион сүрөт жүктөлгөн

Guardian: Израиль палестиналыктарга көз салуу үчүн Amazon компаниясынын технологияларын колдонууда: булут сактагычка 3,5 миллион сүрөт жүктөлгөн

17.11.2026
Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

16.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

16.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.