Бул тууралуу 30-сентябрдан 1-октябрга чейин өткөн БРИКСтин геомейкиндик технологиялар жана алардын колдонулушу боюнча 4-жумушчу топ жыйынында айтылды. Онлайн форматтагы бул жолугушууну Иран өткөргөн.
Ирандын космостук агенттигинин эксперти Эмран Амининин айтымында, мындай биргелешкен платформа өлкөлөр ортосунда маалымат алмашууну жана практикалык кызматтарды өнүктүрүүнү жеңилдетет. Ар бир мүчө мамлекет өзүнүн спутниктик маалыматтарын жүктөй алат жана башка өлкөлөр сунуштаган кызматтарды колдоно алат.
Амини белгилегендей, бул система көптөгөн тармактарда — өрт кырсыктарын көзөмөлдөөдө, айдоо аянттарын аныктоодо, кризистик кырдаалдарды жөнгө салууда, ошондой эле экспорт жана импортту өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной алат.
Кытай, Россия жана Бразилия бул демилгеге кызыгуусун билдиришти жана жакынкы убакта бул сунуш биргелешкен стратегиялык план түрүндө ишке ашырылат деп күтүлүүдө.
Жолугушууга БРИКСке мүчө өлкөлөр — Бразилия, Кытай, Россия, Индия, Индонезия, Эфиопия, Түштүк Африка Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттары катышты.
Эки күндүк иш-чара Ирандын бир катар илимий жана мамлекеттик мекемелеринин катышуусунда уюштурулду. Алардын ичинде Картография уюму, Метрология уюму, Космостук уюм, Космостук изилдөөлөр институту, Геология жана кен байлыктарды чалгындоо уюму, Тегеран университети жана Хадже Насир Туси технологиялык университети бар.
Бул иш-чара Ирандын заманбап технологиялар жаатындагы потенциалын көрсөтүүгө, БРИКС өлкөлөрү менен илимий-техникалык кызматташтыкты бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берди.
Биринчи күнү жыйында мүчө мамлекеттердин потенциалы жана келечектеги кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Экинчи күнү болсо катышуучулар геомейкиндик маалыматтарды колдонуу жана бул тармактагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушууда көтөрүлгөн маселелер жыйынтыкталып, көп тараптуу кызматташтык тууралуу документ катары бекитилет. Бул документ 2026-жылы өлкөлөрдүн кеңири форматтагы биргелешкен ишинин негизин түзөт. Анын негизинде жүргүзүлгөн иштер боюнча отчет кийинки жыйында сунушталат.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16–17-сентябрында Москва шаарында БРИКСтин геомейкиндик технологиялар боюнча үчүнчү жумушчу топ жыйыны өткөн.
Ал жыйында Ирандын Улуттук картографиялык борборунун мурдагы башчысы Али Джавиданех сунуштаган БРИКС мейкиндик маалыматтар инфраструктурасын (ИПД) түзүү демилгеси жактырылган.
Жыйындын ачылышында Али Джавиданех:
«Карталар жана мейкиндиктик маалыматтар — коомдордун туруктуу өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү куралдар. Алар так чечим кабыл алуу, натыйжалуу пландоо жана экономикалык өсүү үчүн зарыл маалыматтарды камсыздайт», — деп белгилеген.















