Eurasiatoday
Ишемби, 21-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Бир катар өлкөлөр Зеленскийдин Швейцариядагы саммитине катышуудан баш тартышты

  • Башкы жаңылыктар, Европа, Россия, Саясат
  • 08.06.2024 12:43

Loading

15-16-июнда Швейцарияда Украинанын демилгеси менен уюштурулуп жаткан тынчтык саммити өтөт. Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаменти Берн 160тан ашык делегацияны, анын ичинде ЕБ,  Чоң жетилик тобу (G7), Жыйырмалык тобу (G20, ) жана БРИКС өлкөлөрүн чакырганын кабарлаган.

Щвейцария бийлигинин айтымында, чакырылгандардын арасында Россия Федерациясы жок.

Швейцариядагы тынчтык саммити Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин демилгеси менен эл аралык коомчулукту украин тынчтык формуласынын айланасына бириктирүү максатын көздөйт.

Тема боюнча

АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

20.11.2026

Россиянын президенти Владимир Путин эгер Москваны ал жерде көргүлөрү келбесе, ага катышууну суранбай турганын билдирген. Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, мындай иш-чараны өткөрүү маанисиз. Ал эми РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украина боюнча Россиясыз сүйлөшүүлөрдүн мааниси жок экенин, Швейцарияда өтчү саммитте “тынчтык формуласынын” кайсынысы тууралуу сөз болорун түшүнүү керектигин айткан.

Ошол эле маалда Россия Киев менен болгон жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүдөн Москва эч качан баш тартпаганын бир нече жолу билдирген.

Саммитке катышуудан баш тарткандар 

Ушул аптада Украина президентинин басма сөз катчысы Сергей Никифоров саммитке 107 өлкө жана эл аралык уюмдар катышаарын ырасташканын билдирген. Саммитке Германиянын канцлери Олаф Шольц, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Италиянын премьер-министри Жоржио Мелони, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жана Япониянын премьер-министри Фумио Кишида, ошондой эле башка дүйнөлүк лидерлер келет деп күтүлүүдө.

Бирок ага катышуудан баш тарткан өлкөлөр да болууда. Алсак, айрым өлкөлөрдүн башчылары анын ичинде АКШ президенти Жо Байден да, Си Цзиньпин да жыйынга катышпайт. Ак үй бул демилгенин өзүн колдойт, бирок Швейцарияга Байдендин ордуна вице-президент Камала Харрис барат.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин Кытай Швейцариядагы Украина боюнча конференцияга катыша албай турганын, анткени Пекиндин Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнө бирдей катышуу чакырыгы жыйындын күн тартибине карама-каршы келерин  билдирген.

Мао Ниндин айтымында, Кытай ар дайым эл аралык тынчтык конференциясын үч маанилүү элементти эске алуу менен өткөрүүнү талап кылып келет: Россиянын да, Украинанын да өкүлдөрү катышышы керек, бардык тараптар тең катышып жана бардык тынчтык пландары калыс каралышы керек.

Латын Америкасынын дагы бир өлкөсү Бразилия дагы Швейцариядагы Украина конференциясына жогорку даражалуу аткаминерлерди жибербей турганы маалым болгон. Саммитке Бразилиянын Берндеги элчиси Клаудиа Фонсека Буцци гана катышары айтылган.

24-майда Бразилия менен Кытай Швейцариядагы тынчтык саммитине альтернатива сунушташкан. Эки өлкө уюштура турган саммит Украинадагы жаңжалга бардык тараптардын бирдей катышуусун, ошондой эле бардык тынчтык пландарын адилеттүү талкуулоону болжолдойт.

Сауд Аравия да Швейцариядагы Украина боюнча конференцияга катышпайт. Мындай чечим саммитке Россияны чакыруудан баш тартууга байланыштуу экенин Эр-Рияддагы дипломатиялык булактарга таянуу менен DPA агенттиги билдиргенин ТАСС жазды.

Сауд Аравиянын расмий өкүлдөрү жана мамлекеттик бийликтери азырынча маалыматты тастыктай элек.

7-июнда дагы бир нече өлкө Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык конференциясына өз өкүлдөрүн Швейцарияга жөнөтүүдөн баш тартышканын Lenta.ru агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Никарагуанын тышкы иштер министрлиги алдыдагы саммитти саясий фарс деп эсептей турганын билдирди. Дипломаттар саммиттин катышуучулары тынчтыкка жол табуу ниетинде эмес, болгону “Россияга дагы бир ультиматум коюуну” каалап жатканын белгилешкен.

Мексиканын Москвадагы элчилиги Мехико саммитке орус тарап катышпагандыктан ал чакыруудан баш тартканын билдирди.

«Биздин өлкө тынчтыкты жактайт, ошондуктан биз жакын арада чыр-чатактын эки тарабы тең катыша турган сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө мүмкүн болот деп күтөбүз», – дешкен дипломаттар.

Аргентинанын президенти Хавьер Майли Европадагы турнесине карабай Швейцарияга баруудан баш тарткан. Кийинчерээк Майли 12-июнда Италияга барып, ал жерде үч күн болуп, андан кийин Аргентинага кайтып келери белгилүү болгон. Андан соң Германия жана Испанияга барып, ал жактагы пландаштырылган иш-чараларга катышат.

Швейцариядагы конференцияга БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш да катышпай турганын дүйнөлүк уюмдун жетекчисинин расмий өкүлү Стефан Дюжаррик брифингде билдиргенин ТАСС жазды.

Бул саммитке Кыргызстан да катышпай турганын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов DW агенттигине берген маегинде айтты.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Түркия дүйнөдө биринчи болуп учкучсуз согуштук учакты куралданууга кабыл алды

Түркия дүйнөдө биринчи болуп учкучсуз согуштук учакты куралданууга кабыл алды

20.11.2026
АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

20.11.2026
Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

20.11.2026
Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

20.11.2026
Путин Душанбеде Рахмон менен жолугушту

Путин Душанбеде Рахмон менен жолугушту

20.11.2026
АКШнын дагы бир авианосеци Батыш Азия аймагынан чыгып кетти

АКШнын дагы бир авианосеци Батыш Азия аймагынан чыгып кетти

20.11.2026
Сенатор-демократ Адам Шифф Иран менен жаңжалдан улам АКШнын чыгымдары жана жоготуулары көбөйүп жатканын билдирди

Сенатор-демократ Адам Шифф Иран менен жаңжалдан улам АКШнын чыгымдары жана жоготуулары көбөйүп жатканын билдирди

20.11.2026
Таланттан аракетке: “Социалдык лифттер” Кыргызстандагы жаштардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө кандай таасир берет?

В. Боков: Кыргызстан «Россия – мүмкүнчүлүктөр өлкөсү» долбоорлорунун катышуучуларынын саны боюнча чет өлкөлөр арасында экинчи орунда турат

20.11.2026
Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

20.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.