Ак үйдүн пресс-кызматынын билдирүүсүндө, АКШ президентинин өмүрүнө коркунуч туулган жок.
Белгисиз бирөө мамлекет башчы жубайы Джилл Байден менен Уилмигитондун (Делавэр штаты) борборундагы демократтардын шайлоо алдындагы штабынын штаб-квартирасынан чыгып баратканда президенттик кортежди сүзүп алган. Президенттин пресс-кызматынын маалыматы боюнча, Делавэр штатынын номери бар күмүш түстүү седан шайлоо алдындагы штабдын тушундагы жолдун кесилишинде кортежди тосуп турган автомашинаны сүзгөн.
“Өтө каттуу үн чыгып кетти, бул учурда АКШ президенти өңү таң каларлыктай өзгөрүп, машинасынын жанында турду”,- деп билдиришти журналисттер. АКШнын Жашыруун кызматынын агенттери жол-транспорт кырсыгына күнөөлүү машинанын айдоочусун тез арада курчоого алышып, айдоочуга курал такашканда, ал эки колун өйдө көтөрдү.
Авария болор алдында Байден журналисттердин эмне үчүн ал сурамжылоолорго ылайык, мурдагы президент Дональд Трампка популярдуулугу боюнча утулуп жаткандыгы тууралуу суроого жооп берүүгө үлгүргөн. “Сиз туура эмес суроого көңүл буруп жатасыз”,- деп жооп берген Ак үйдүн азыркы кожоюну.
















