Иран АКШ жана Израиль менен болгон жаңжалда Азербайжан жана Түркия тарапка бир да снаряд учурган эмес.
Бул тууралуу Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи билдирди.
«Иран тараптан Азербайжанга карай бир да ок-дары атылбаганын түз билдирдик. Эки өлкөнүн президенттери жана тышкы иштер министрлеринин ортосунда өткөн сүйлөшүүлөр түшүнбөстүктөрдү жойду деп ойлойм. Түркия боюнча да кырдаал ушундай эле болду: биздин тараптан эч кандай аткылоо болгон эместигин биз так билдирдик. Ошондуктан эки өлкөнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү бар деп эсептейм, ал эми пайда болгон суроолор жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин жөнгө салынды», — деди Багаи маалымат жыйын учурунда.
















