Бүгүн Иранда президенттик шайлоо алдындагы “жымжырттык күнү”. Шайлоого байланыштуу үгүт иштери 27-июнда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 8ден баштап токтоду.
Шайлоого бир нече күн калганда Ислам Республикасынын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи бул шайлоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, ирандыктарды шайлоого активдүү катышууга чакырган.
Жума күнү өтө турган президенттик шайлоодо 4 талапкер ат салышат.
Алардын арасында Иран парламентинин (Мажлис) спикери Мохаммад Багер Галибаф, Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү Саид Жалили, Ички иштер жана юстиция министрликтеринин мурдагы башчысы Мостафа Поурмохаммади жана мурдагы саламаттыкты сактоо министри Масуд Пезешкян бар.

Башында президенттик жарышка катышуу үчүн документтерин тапшырган 80 адамдын ичинен Конституцияны сактоочулар кеңеши алты талапкерди тандап алган. Бирок үгүт маалында 26-июнда вице-президент Амир Хоссейн Газизаде Хашеми башка консерватор талапкерлердин пайдасына талапкерлигин алып салганын жарыялады. Тиешелүү билдирүүнү ал өзүнүн X (мурдагы Twitter) баракчасында жарыялады.

Ал иран элине, анын тарапкерлерине, шайлоо штабынын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, өлкө маркум президент Ибрахим Раисинин жолун улантат деген үмүтүн билдирди.
Андан көп өтпөй Тегеран шаарынын мэри Алиреза Закани да консерватордук канаттан дагы эки талапкер – парламенттин спикери Мохаммад Багер Галибаф менен Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү Саид Жалилинин пайдасына жарыштан баш тартты.

Шайлоо алдындагы үгүт иштерине бөлүнгөн эки жуманын ичинде талапкерлердин ортосунда теледебаттардын беш туру болуп өттү. Алардын ар бири конкреттүү темага арналды: экономика, тышкы саясат, маданият, социалдык саясат жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Шайлоо өнөктүгү учурунда жүргүзүлгөн социалдык сурамжылоонун соңку жыйынтыгы боюнча учурда лидерлик позицияда реформатор Масуд Пезешкян турат. Андан кийин консерваторлор Жалили жана Галибаф тиешелүүлүгүнө жараша экинчи жана үчүнчү орундарда.
Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 28-июнда өтөт. Ал өлкөнүн президенти Ибрахим Раисинин 19-майда авиакырсыкта каза болгондугуна байланыштуу өткөрүлүп жатат.
Ирандын конституциясына ылайык, президент түз жалпы шайлоо жолу менен төрт жылдык мөөнөткө шайланат жана катары менен эки мөөнөттөн ашык эмес шайланат. Талапкер 40 жаштан 75 жашка чейинки, теги ирандык жана мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматта иштеген Ирандын жараны боло алат.
















