Казакстан менен Өзбекстандын борборлорунда биргелешкен соода борборлору ачылып, анда эки өлкөнүн продукциялары сатылат.
Казакстандын Өзбекстандагы элчилигинде өткөн атайын жыйында тиешелүү пландарды ишке ашыруунун жолдору талкууланды. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Казакстандын Өзбекстандагы элчилиги өлкөдө иш алып барган казакстандык ишкерлер менен жолугушуу уюштуруп, эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги жөнүндө кеңири сөз болгон.
Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары Дилшод Расулов өткөн жылы Актау шаарында дистрибьютордук борбор ачылганын, ал аркылуу Ташкент Казакстандын рыногуна айыл чарба жана азык-түлүк товарларын экспорттоону пландап жатканын эске салды.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы жайында Казакстанда өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болуп, анын алкагында Астананын акими менен жолугушуу өткөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар бири-бирине жер тилкелерин бөлүп берүүнү караган меморандумга кол коюшкан.
“Бул аймактарда соода борборлорун куруу пландалып жатат, алар Өзбекстандын продукциясын Астанада жана Казакстандын товарларын Ташкентте сатууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт”, – деди Дилшод Расулов.
Буга чейин Казакстан менен Өзбекстан 4,5 миллиард долларлык 34 биргелешкен долбоорду ишке ашырып жатканы маалымдалган.


















