Сириянын мурдагы президенти Башар Асадды колдогон куралдуу топтор Орусиянын Хмеймим авиабазасы жайгашкан Жебла шаарынын четиндеги Сириянын жаңы өкмөтүнүн коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөл-өткөрүү пунктуна кол салышты.
Бул тууралуу Сириянын“Аль-Ватан” басылмасы билдирди.
Маалыматка караганда, Асаддын тарапкерлеринин тобу Сириянын жаңы администрациясынын Мамлекеттик коопсуздук башкармалыгынын текшерүү пункттарынын бирине кол салышкан.
«Куралдуу күчтөр Асаддын жактоочуларынын куралдуу топторунун ар кайсы жерлерде бир убакта уюштурулган чабуулдарын колго алган күч органдарына жардам көрсөтөт», – деп жазат басылма.
Армия тартипти орнотуу жана чабуулчуларга каршы туруу үчүн Жабла аймагына кошумча күчтөрдү жиберген. Кол салуулардын натыйжасында акыркы маалыматтар боюнча, 16 коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери набыт болгон.
Ал эми Сирия телеканалы өзүнүн Telegram-каналында жарыялангандай, Тартус жана Сувейда шаарларындагы демонстрациялардын видеолору социалдык тармактарда пайда болуп, катышуучулар Дамасктын бийлигине каршы ураандарды кыйкырып жатышат.
Бул кол салуудан кийин коңшулаш Латакия менен Тартус шаарларына коменданттык саат киргизилди.
Мындай чечим карапайым калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Ал эми бейшемби күнү Тартуста да массалык демонстрациялар болуп, катышуучулар Дамасктын жаңы өкмөтүнө каршы ураан менен кыйкырышкан.
Ошондой эле, куралдуу өзүн-өзү коргоо бөлүктөрү менен Сириянын жаңы өкмөтүнүн коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу өлкөнүн түштүгүндөгү Дараа провинциясында да болду. Ал арада друз калкы басымдуу болгон коңшулаш Сувейда провинциясында активисттер көчөгө чыгып, өлкөдө бийликти алмаштырууну талап кылышты.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын 8-декабрында куралдуу сириялык оппозиция ири чабуулдун натыйжасында Дамаскка кирип, Башар Асад Сириянын президенттигинен баш тартып, өлкөдөн чыгып кеткен.
2025-жылдын январь айынын аягында Сириянын жаңы бийликтери “Хаят Тахрир аш-Шам” тобунун (террорчу деп таанылган жана Орусия Федерациясында тыюу салынган) лидери Ахмед аш-Шараа өткөөл мезгилде өлкөнүн президенти болоорун жарыялашкан.















