Араб мамлекеттеринин лигасынын (АМЛ) Башкы катчылыгы Израил бийлиги тарабынан Сирияда жүргүзүлгөн рейддерди кескин түрдө айыптады.
Бул тууралуу Caliber.Az агенттиги SANA агенттигине таянып билдирди.
«Бул рейддер АМЛ жана Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү болгон араб мамлекетинин эгемендүүлүгүнө жасалган одоно кол салуу болуп эсептелет. Алар эл аралык укукту бузуу жана дүйнөлүк тартип эрежелерин тоготпоо болуп саналат», – деп айтылат АМЛ Башкы катчылыгынын билдирүүсүндө.
Башкы катчылык Сирия менен толук тилектештигин билдирип, Израилдин чабуулдарынын фонунда Сирияны колдоого чакырды. Ошондой эле, Сирия өкмөтүн учурдагы чыңалууну диалог аркылуу чечүүгө, ички пикир келишпестиктерди жоюуга жана бардык сириялыктарды улуттук алкакта кармоого багытталган ыкчам чараларды көрүүгө үндөдү.



















