АКШнын араб союздаштары Жакынкы Чыгыш боюнча Ак үйдүн атайын өкүлү Стивен Уиткофф менен болгон талкууларда Иран менен согушту болтурбоону талап кылышты. Бул тууралуу америкалык басылма кабарлады.
«Аль-Жазира» телеканалы «Вашингтон Постко» шилтеме берүү менен маалымдагандай, аты-жөнүн ачыкка чыгарбоону каалаган булак Стивен Уиткофф жана Ак үйдүн администрациясынын жетекчиси Иранга мүмкүн болгон чабуул маселесинде өзгөчө этияттыкты сактоо зарыл деп эсептешерин билдирген.
Флорида штатында өткөн Израиль–Америка кеңешинин конференциясында сүйлөп жатып, Уиткофф Дональд Трамптын администрациясы аскерий жолго караганда дипломатияга артыкчылык берерин айтты. Атайын өкүл Иран менен келишим түзүү үчүн администрация койгон шарттарды дагы бир жолу эске салды, бирок бул шарттар Тегеран тарабынан бир нече жолу четке кагылган. Анын айтымында, дипломатиялык макулдашуу төрт пунктту камтыйт: уранды байытууну токтотуу, ракеталык потенциалды кыскартуу, Ирандагы бар болгон өзөктүк материалдар жана прокси-күчтөр.
Уиткоффтун пикиринде, оор экономикалык абалга байланыштуу Иран бул төрт пункт боюнча тең компромисске барууга даяр болушу мүмкүн. Бул тууралуу IRNA агенттиги билдирди.















