Eurasiatoday
Ишемби, 21-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Апрель революциясынын баатыры Усупбий Шеримбаев Садыр Жапаровду мурунку президенттерге салыштырды

  • Аналитика
  • 06.11.2023 14:45

Loading

“Айкөл Таза Коом”, “Апрель Элдик Революциясынын Баатырлары” коомдук бирикмесинин өкүлү Усупбий Шеримбаев уюм мүчөлөрүнүн атынан өлкөдөгү саясий кырдаалга токтолуп, Кыргызстандын азыркы президенти Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүнө баа берди.

“Мен биздин “Апрель элдик революциясынын баатырлары”, “Айкөл таза коом” коомдук уюмунун мүчөлөрүнүн атынан өлкөбүздөгү акыркы окуяларга карата пикирин билдиргим келет. Мамлекетибиз түптөлгөндөн бери баардык президенттер өздөрүнүн саясатын жүргүзүп келишкен. Бирок өзүлөрү үчүн дагы, эл үчүн дагы туура деп келген иштеринен чоң деле көрсөткүчтөр болбогонун байкадык.

Акаевди өзүнүн алсыз мүнөзү, аялы, балдары да кыйратып, каалаганын кыла беришти. Анын тушунда “Кумтөр” менен ошол жаман келишим түзүлгөн, менимче бул анын эң чоң катачылыгы, анын айынан эл жапа чектик, бирок азыр кен элдики. Андан кийин Бакиев келди, аны эч ким колдободу, бирок Куловдун коркоктугу ага президент болууга мүмкүнчүлүк берди. Натыйжада бүт бийлик тизгинин баласына, агасына берип, анын доору ошол кандуу 7-апрелде бүтүп, жүздөгөн жарандарыбыз курман болуп, көпчүлүгү жарадар болушкан.

Тема боюнча

АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

20.11.2026

Атамбаев дээрлик 6 жыл башкарды, 7-апрелде СИЗОдо отурганда аны айдоочу менен кароолчу эмес, эл алып чыкканын унутпайбыз. Айдоочусу дагы, кароолчусу дагы байлыкты болушунча топтоп, сатып кеткенин да көрдүк. Баарыбыздын эсибизде, Раим миллион күн сайын “шопуру” аркылуу бажыдан түшкөн акчаны которуп турчу. Ал эми ошол эле адам андан кийин Жээнбеков менен анын ортосуна бут тосуучу тосмо болуп калат, ал Атамбаевдин убагында курулган коррупциялык системаны өзгөрткүсү келбей, аны менен күрөшүүгө бардык ресурстарын жумшагандыктан, акыры Жээнбековдун өзү үчүн коллапс болуп калды.

Жалпысынан бардык президенттер өз жакындарынын курмандыгы болуп калышты, балким, алар өлкөнү баткактан көтөргүсү келгендир, бирок азгырыктар өтө көп болду. Уулдарын курмандыкка чалып, чындык издеп ар дайым көтөрүлгөн элге тандоо калтырган жок.

Эми чындыкты айтсак, азыр Жапаров менен Ташиев 30 жылдан бери эч ким кылбаган иштерди жасашты. Ташиев баардык президенттердин тушунда жазасыз жашаган байлардын баарынын белин сындырды. Азыр чөнтөктөгү акча мыйзам алдында жардам бербейт, байлар кедейлерден коркуп калды, анткени дал ошолор алардын байлыгын ачыктап калышпадыбы.

Акыры, биздин армия буттан турду жана азыр биз ар кандай агрессорго жооп бере турган деңгээлге чыктык. Көптөгөн стандарттуу эмес чечимдер кабыл алынууда, алар ар кандай саясатчылардын сынына кабылып, өлкөдө туруксуздукту жаратышы ыктымал. Айлык, пенсия, өлкөнүн бюджети чындап эле өсүп жатат. Чындыгында 500 миллиард сомго жетти жана бул кубандырган көрүнүш.

Учурда дүйнөдө болуп жаткан окуялардын, катаклизмдердин, кыйроого учураган экономиканын, үзгүлтүксүз суунун жетишсиздигинин, Украина менен Палестинадагы согуштарга карабастан, биз прогресске жана өнүгүүгө бара жатабыз деп айта алабыз.

Биз Отунбаевадан баштап бардык президенттерди колдодук, анткени алар өздөрүнө эмес, чындап элге кызмат кылат деп ишенүүгө аракет кылдык. Анын жыйынтыгын Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин, Жээнбековдун кылган иштеринен билебиз. Бүгүнкү күндө Садыр Жапаров эл үчүн иштеп, мамлекетибизди жаңыдан жаратып жатат. Бул нерсени жүрөгүндө элим деген жалыны бар адам катары кылып жатканын түшүндүк.

“Адамдын жашоосундагы бардык жакшылык-жамандык – анын ишинин кесепети, анын кандай болорун ал гана чечет” деп бир акылман айткандай, кандай болгон күндө да президентти жана анын командасын колдойлу. Садыр Жапаровдун башынан чоң азаптар өттү, ошентсе дагы бийлик аны өзгөртүп салбайт деген үмүтүбүз, ишенимибиз бар. Мурда үй-бүлөсү үчүн мыкты ата болуп жүрсө, эми кыргыз эли үчүн ата болуп беришин каалайбыз” – деп жазган Шеримбаев.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Түркия дүйнөдө биринчи болуп учкучсуз согуштук учакты куралданууга кабыл алды

Түркия дүйнөдө биринчи болуп учкучсуз согуштук учакты куралданууга кабыл алды

20.11.2026
АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

20.11.2026
Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

20.11.2026
Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

20.11.2026
Путин Душанбеде Рахмон менен жолугушту

Путин Душанбеде Рахмон менен жолугушту

20.11.2026
АКШнын дагы бир авианосеци Батыш Азия аймагынан чыгып кетти

АКШнын дагы бир авианосеци Батыш Азия аймагынан чыгып кетти

20.11.2026
Сенатор-демократ Адам Шифф Иран менен жаңжалдан улам АКШнын чыгымдары жана жоготуулары көбөйүп жатканын билдирди

Сенатор-демократ Адам Шифф Иран менен жаңжалдан улам АКШнын чыгымдары жана жоготуулары көбөйүп жатканын билдирди

20.11.2026
Таланттан аракетке: “Социалдык лифттер” Кыргызстандагы жаштардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө кандай таасир берет?

В. Боков: Кыргызстан «Россия – мүмкүнчүлүктөр өлкөсү» долбоорлорунун катышуучуларынын саны боюнча чет өлкөлөр арасында экинчи орунда турат

20.11.2026
Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

20.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.