Улуу Британиянын Кардифф шаарынан келген регби чеберлери ОшМУнун окутуучуларына жана студенттерине “Регби эрежелерин үйрөнүү” аталышында эки күндүк машыгуу өткөрүп беришти.
Иш-чарага окуу жадын жетекчилери, КР Регби федерациясынын Оштогу өкүлү Рысбек Кулов жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги Николас Боулер катышты.
Боулер катышуучуларга ийгилик каалап, Кыргызстанда регбиге жакшы көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
Аталган окуу жайда регби командасы түзүлүп, өлкө чемпионатына катышып келет. Өткөн жылы Шумкарбек Окен уулу жетектеген команда Улуу Британиянын Кардифф шаарына барып, 10 күндүк окуу-машыгуудан өтүп келген.
Спорттун бул түрү Кыргызстанда 2001-жылы башат алып, КР Регби федерациясы түзүлгөн. Улуттук команда 2008-жылдын 5-октябрында Иранга каршы беттеш өткөрүп, эл аралык дебют жасаган.
Регби оюну 1825-жылы Англиянын Регби деген шаарында пайда болгон. Ал – спорттун командалык түрү. Оюнчулар сүйрү топ менен чуркап, аны колу жана буту менен жылдырып отуруп, “Н” түрүндөгү дарбазага киргизүүгө аракет кылышат.























