БИШКЕК, 25-октябрь. — Eurasia Today. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Баткен жергесиндеги тынч тиричилигин өткөрүп жаткан чегара аймагындагы жай тургундарга Тажикстандын диктатордук расмий бийлиги максаттуу пландын негизинде атайын даярдыктагы агрессия жасап, күтүүсүз жерден кол салды.
Бирок, өткөн 2021-жылдын Рамазан айындагы кол салуусунан айырмаланып, бул кандуу кагылышууда тажиктер согуш тактикасын митайымдык негизде өзгөртүү менен түнкү саат 4тө дүйнө жүзүнө «Бизге кыргыз тарап кол салды, биз коргонууга мажбурбуз» деген жалган маалыматты дүйнөлүк ММКга жар салды. Таңкы саат 6да биздин чегарадагы айылдарга бастырып киргенден кийин орусиялык сайттар тажик ММКсына шилтеме кылып жалган жалааны жабышты. Тажиктер бул билдирүүдөн кийин биздин жарандарды аёосуз бутага алып, кала берсе Миң-Өрүк айылынын майып тургуну Мамыров Ысмайылды коляскада отурганына карабай үч жолу ок чыгарып бутага алган. Дагы бир баса белгилей кетүүчү нерсе, Тажикстан бир эле чатак чыккан жерден эмес, бардык тараптан аскердик заставаларды баш кылып, Лейлек районунун Достук, Арка, Раззаков айылдарынан, Баткен районунун Кык жайлоосу, Чоң-Талаа, Чоң-Кара, Кызыл-Бел айылдары тараптан кол салып, аларды курчоого алгандан кийин, Баткен шаардык аскер бөлүгүнө карай ок чыгарган. Бирок, снаряд аскердик базага эмес, жакын жайгашкан дүкөнгө түшүп жарылгандан кийин Лейлек, Баткен райондорунун элин өкмөт коопсуздук үчүн Кадамжай районуна эвакуациялаган. Эвакуацияланган элдин асты Бишкекке, арты Ош шаарына келип, Кадамжай районуна сүрүлүп келип токтогон.
Эки күн мурун эвакуация болгондордун 6 миңге жакыны үйлөрүнө кайта электиги расмий айтылды. Үй-жайын таштап чыгууга мажбур болгондордун миңден ашууну дагы эле убактылуу кабыл алуучу жайларда жашап жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 1083 адамдын 11и Ош шаарында, 17си Жалал-Абад, 45и Ысык-Көл, 819у Чүй, 191и Баткен облустарында. Мындан тышкары, Баткен облусунун башка аймактарында жергиликтүү тургундардын үйлөрүндө 4871 адам бар. Жарандык коргонуу комиссиялары 661үй жабыркаганын, анын 423ү жашоого жараксыз, 238и оңдоп-түздөөгө муктаж экенин аныктап чыгышты. Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.
Биз Баткендин өзүнө барып, жарандардын үнүн уктук:
Агрессиянын кесепети…
Маматкул Алимкулов, Раззаков айылынын тургуну: «Кесиптик лицейде, мектептерде баш калкалап жатабыз»
— Чегарада болгон мурдагы чыр-чатактардан айырмаланып, акыркы кандуу кармашуу бул жолу масштабдуу түрдө болду. Чоң жоготууларга учурадык. 62 жараныбыздан ажырадык. Мындан тышкары тажиктер тараптан оор курал-жарактар пайдалангандыгына байланыштуу турак-жайлар өрттөлдү. Элдин баары тоого качып, айылда эркек адамдар гана калдык. Эки үйгө снаряд түштү. Электр жарыгы өчүрүлдү. Ок мөндүрдөй эле жаап жатты. Аскерлер кийинчерээк келип калды. Курал да кийин берилди. Раззаков шаарындагы навайканадан нан жаап алып келип солдаттарга берип, колдогу мал жандыктардан союп берип турдук. Азыр эл толук көчүп келе элек. Айрыкча үй-жайы күйгөн үй-бүлөлөр Баткен шаарындагы кесиптик лицейде, мектепте жана кээ бир бош үйлөрдө убактылуу баш калкалап жатабыз. Эл, өкмөт тарабынан жардамдар берилип жаткан менен турак-жайсыз элге кыйын болуп жатат. Азыр тазалоо, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы менен күн суутуп калгандыктан, айрыкча карыялар менен жаш балдар кыйналып жатат.
Жамила Закирова, Ак-Сай айылынын тургуну: «Ак-Сай, Капчыгай айылдарында жашоого болбой калган»
— Баткен мамлекеттик көп тармактуу коллежинде 23 күндөн бери баш калкалап турабыз. Биз Ак-Сай, Капчыгай эли чоң жоготууга учурадык. Капчыгай менен Ак-Сай толук жараксыз болгон. Тажик мыкаачылары биздин бардык мүлктөрүбүздү талап-тоногону аз келгенсип, күйгүзүп да кетишти. Биздин өкмөттөн эч кандай жардам болгон жок. Биздин балдар дээрлик жылаң аяк, жылаң баш качып чыккан боюнча жүрөбүз. Үстүбүздөгү кийимибиз менен гана келгенбиз. 23 күндөн бери элден келген жардамдар, Кызыл Ай коому, МЧСтен келген жардамдар менен күн кечирүүдөбүз. Жылуу кийимдерибиз да жок. Балдарга керектүү жылуураак кийим-кечени өзүбүздө болгон акчага сатып берип жатабыз. Азыр Ак-Сайга барууга болбойт. Быйыл жылдагыдан да өзгөчө кооптуу. Өкмөт дагы кепилдик бере албайт. Камчыбек Ташиев келип жолугам деди, бирок келген жок. Андан башкасы да келген жок. Азыр бизге Баткен шаарынын мэринин орун басары, райондук акимчиликтин өкүлдөрү келип компенсация бөлүнөт деп айтып кетишти. Бизге жардам тез аранын ичинде келбесе болбойт. Биз кийим-кечеден кыйналдык.
Насиба Кодирова, Рузахун мейманканасынын администратору: «Колубуздан келген жардамды бердик»
— Биздин мейманкана ошол күндөрү качкындарга жык толду. Айрыкча балалуу үй бүлөлөр келишти. Жалпысынан 4 үй-бүлө бала-чакасы менен жыйырма беш адамдан ашуун келишип, бир жумага жакын турушту. Келген үй-бүлөлөр дээрлик үстүндөгү кийими менен гана экен. Мейманканадан бекер орун берип, тамак-аш менен камсыз кылып, колубуздан келишинче шарт түзүп бердик. Раззаков шаарынын ичи тынч эле болду. Деген менен кооптуу абал түзүлгөндүгүнө байланыштуу эл эвакуацияланды. Айрыкча жаш балдар менен карыялар, аялдар Баткен, Кадамжай райондорунун тынч аймактарына бөлүнүштү.
Майрамкан Жанжигитотва, Капчыгай айылынын тургуну: «Чегарабыз жок экени аз келгенсип пост, заставаны алып салды»
— Кыргыздар менен тажиктердин кармашы СССР мезгилине барып такалат. Апамдын айтуусу боюнча мен ал мезгилде бир жаштагы бала экенмин. Ошондо болжол менен 1975-жылдары тажиктер биздин элди таш бараңга алышып, аяш атам тажиктердин колунда кармалып калып башынан жаракат алган экен. Ошондо мени алып качкан апам азыр 76га чыкты. Азыр мен бала-чакамды алып качып жатам. Андан кийин 1989-жылы кайра кайталанган. Анда 9-класстын окуучусу элем. Автобус менен Мачайы айылынан өтүп бара жаткан учурубузда тажиктер биздин автобусту ташбараңга алып, мен отургучтун астына жашынып өткөнмүн. Ошондон бери кармашып эле келе жатабыз. Жер талаш, суу талаш болуп кагылышуулардын аягы согушка чейин жетти. Азыркы бийлик мурунку бийликтегилерге караганда бир топ алсыздыгын көрсөттү. Азыркы өкмөт эрктүү кадамдарга барып биздин тынчтыгыбызга кепилдик берип, чегарабызды тактап, зымды тартып койсо биз кайра эле барып жашай беребиз. Азыр бизде такталган чегарабыз жок экени аз келгенсип пост, заставаны алып салды. Тажиктер ээн эркин эле кол сала алат. Азыр зым тарткан менен кандай болот, ага дагы ишенич жок. Акыркы эки жыл ичинде ортодо адамдар өлүп кетти. Бул кандуу кармашууларга, курч кырдаалдарга Жеңиш Раззаков менен Камчыбек Ташиевдин күнөөсү бар. Жеңиш Раззаков губернатор болуп турганда постту алдырып, ок-дары Тажикстанга көзөмөлсүз өтүп турган. Ошол курал-жарактар азыр бизге карай атылып, биздин жарандардын өмүрүн алып жатат. Азыр деле текшерген эч ким жок. Президент Садыр Жапаров кечээ Кемпир-Абадда митинг болду эле Өзгөнгө барды. Баткенге эмне үчүн келген жок? 63 жаран өлдү. Жапжаш аскерлер окко учту. Аскерлерге убагында жардам берилип, курал-жарак менен камсыз болуп, убагында команда берилип, жардам келгенде алар өлбөй калат эле. Садыр Жапаров 1 метр жер бербейбиз деп жатат. Мына 1 ай болуп бара жатат. Садыр Жапаровдон, Камчыбек Ташиевден кабар жок. Неге келишкен жок? Депутаттарды күттүк. 10 депутат келген, силерге график менен келет дешти. Депутаттардын бири дагы басып келген жок. Жергиликтүү бийлик гана келип жатат.
Менин бийликке коё турган талаптан мурун суроом бар. Эмне үчүн 16-сентябрь күнү Капчыгай айылына 4 солдат коюп койду? Булар бизди тажиктерге атайын жем кылыш үчүн 4 солдат коюп коюштубу? Тажиктер бизди 16-сентябрь күнү тебелеп-тепсеп, күйгүзүп, айылдаштарыбызды бычак менен кескилеп, өлтүргөнгө чейин барышса да, биздикилер жардамга барышкан жок. Ошол тапта «Бөрүлөр» бул окуялардан кабардар болгон. Бирок, алар буйрук жок бара алышпаптыр. Камчыбек Ташиев Капчыгай айылын тажиктерге бошотуп берем деген мааниде кылды бул ишти. Капчыгайдан 5 кырчындай курактагы жигиттер өлдү. Айылда талкаланбаган 4–5 эле үй калды, ал да тонолгон.
Марапат Зулпукарова, Ак-Сай айылынын тургуну: «39-протокол ишке ашса, биз анклавда калабыз»
— Биздин бул жерде баш калкалап турганыбызга 25 күндөн ашып калды. Бизге мамлекет тарабынан жардам келе элек. Эми 300 миңден компенсация бөлүндү деп жатат. Колубузга эми тиет. Акча, продукта, элдин жөнөткөн жардамдарынан келген. Бизге жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү келип батирлерге чыккыла деп кетишти.
Биз бул жерден чыгып кете турган болсок, мамлекет тарабынан эч кандай жардам берилбейт деген ойдомун. Мына 300 миң сом компенсация бере турган болсо, менимче ошону менен бүттү. Карай албайт. Карай турган болгондо кечээ 16-сентябрь күнү тажиктер аткылап жатканда карайт болчу. Тажиктердин кол салганын мага Самаркандек айылында жашаган сиңдим телефондон айтты. Мен кабарды кошуналарыма айтып, балдарымды алып 15 мүнөттө чыгып кеткенге үлгүрдүм. 7ге 15 мүнөт калганда мен Ак-Сайга барып, Раваттын жолуна чыгып кеттим. Биздеги абал ушундай. Ошондуктан биздин тынч жашап калышыбызга эч ким кепилдик бере албайт. Себеби, биздин мамлекет өтө жакырчылыкка кептелди. Эгер өкмөт бизди карай алганда, биз мынчалык чыгашага учурабайт элек. Бир тууган абамдын контракттагы 20 жаштагы баласын өлтүрүп кетти. Жалгыз бала эле. Энеси боорун жерден көтөрө албай жатат. Айлабыз жок отурабыз. Кыргыз эли тарыхта бирөөгө кол салган эмес. Илгери сатылып кеткен жерлердин азабын биз тартып жатабыз. Эми посттор менен застава алынып тажиктердин киришине эркин шарт түзүлдү. 39-протоколдун негизинде түзүлгөн келишим ишке аша турган болсо, тажиктер биздин үстүбүздөн каттап, кийин биз анклавда калабыз дагы кысым менен көчүп чыгып отуруп, айылдарыбыз тажиктер тарапка өтүп кетет. Тажиктер азыр ушул пландын негизинде катуу аракет жасап жатышат. Бул биздин бийликтин алсыздыгы.
Саадат Шарипова, Капчыгай айылынын тургуну: «Октун астында калдык. Өкмөт жардам бербеди»
— Биз үстүбүздөгү кийимдерибиз менен гана келгенбиз. Жылдык кирешелерибизден айрылдык. Тажиктер талап-тоноп, калганын күйгүзүп кетишти. Өзүмдүн гана эмес, келинимдин жүк, буюм-тайымдарына чейин күл кылып салышты. Билбейм, эми муну өкмөт кайра калыбына келтирип бере алабы-жокпу? Өкмөт берет дейин десең, октун астында калган бизге жардам бербей койду, анан кайсы жакшылыкты күтөбүз?
Абдырахман Б. Ходжаев атындагы орто мектептин 7-классынын окуучусу: «Биздин айылдын балдары аскер болот»
— Тажиктерден корккон жокмун. Чоңойгондо чегарачы болом. Жерибизди тажиктерге бербейм. Тажиктер менен коңшу турганыбыз менен алардын балдары менен дос эмеспиз. Каршыбыз. Алар менен ойнобойбуз. Тескерисинче, алар менен урушканда таш менен коргонобуз. Алар бизден коркот. Биздин айылдын балдарынын баары аскер болобуз.
Сайдуллаев Абдумажит, Миң-Өрүк айылынын тургуну: «Тажиктердин Баткен облусун алуу планы бар»
— Тажиктер Ак-Сай айылынан 186, Максат айылынан 60 үйдү талап-тоногондон кийин биротоло күйгүзүп, жараксыз абалга келтиришкен. Азыр биздин балдар убактылуу мектептерде, лицейде жашап турушат. Өкмөт квартира таап берсе үй-бүлөлөрү менен чыгышат. Бирок, биз бул жакта туруктуу жатып кала албайбыз. Биздин мал-жандыктар, күйгөндөн калган кармаган-туткандарыбыз баары калды. Бирок, бала-чака менен баарыбыз кайра барганга деле коркуп турабыз. Тажиктердин кайсы маалда, качан кол салаарын билбейбиз. Биздеги заставаларды алып бекер кылышты. Биз пост, застава бар кезинде тынчыраак турчу элек. Айылда эркектерден башка эч ким жок. Эркектер дагы күндүз уктап, түнү айылды карап уктабай таң атырып жатабыз. Тажиктер кирбеген айылдарда жашоо болуп жатат. Бирок, алар да кооптонуу менен жашоодо. Кепилдик жок экендигин биз өзүбүз көзүбүз менен көрүп турабыз. Өкмөт деле кепилдик бере албайт. Себеби, тажиктердин негизги максаты жер жана суу. Бул жерде көңүл буруучу маселе, биздин өкмөт азыр тазалоо иштерин жүргүзүп, жакында күйгөн үйлөр кайра калыбына келет деп жатат. Курулуш курулат. Бирок, тажиктер кайра кол салбайт деп эч ким айта албайт. Кайра эле кыйроого учурабайт деп айта албайбыз да. Биздин айылдан майыптыгы бар адам менен чегара кызматкерин өлтүрүп кетишти. 36 үй жараксыз болду. Кышка камдалган нерселердин баарын алганын алып, албаганын күйгүзүп жок кылып чыгып кетишти. Булардын көздөгөнү Ак-Сай, Капчыгай, Көк-Таш, Самаркандектин жерлерине көз артышууда. Тажикстандын тышкы иштер министри ООНдо «Кыргыздар биздин 2110 кв.км жерди 1950-жылдардан бери бербей келе жатат» деп сүйлөдү. Демек, алардын Баткен облусун алуу боюнча максаттуу планы бар.
Турдайым Кожомбердиева
Бишкек-Баткен-Бишкек
Булак: "Жаңы ордо".
Валюта курсу
Аба ырайы