• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
2592 Категория: Аналитика - Published: 26/04 - 16:17

БИШКЕК, 26-апрель. — Eurasia Today. Апрель айынын башында, Ыйык Рамазан айынын алгачкы күнү алыскы Анкарадан, Бурса шаарынан кубанычтуу кабар келди.

Анткени түрк тилдүү мамлекеттердин маданий биримдиги болгон ТҮРКСОЙ уюмуна алгачкы жолу же бул уюм түзүлгөндөн дээрлик 30 жыл өткөн соң Кыргызстандын өкүлү Башкы катчы болуп шайланды. Баарынан да ал белгилүү жазуучу, драматург, журналист жана публицист, АДАМ деген ыйык атка ар тарабынан татыктуу Султан Раев экендиги эки эсе кубанычтуу окуя катары кабыл алынды. Билген адамга бул бир эле Султан Раевдин өзү үчүн эмес, Кыргызстан жана кыргыз элине да чоң сыймык менен кубанычтуу кабар болду. Себеби биринчиден, ТҮРКСОЙ түрк элдеринин ЮНЕСКОсу катары өтө маанилүү жана абройлуу уюм. Ал эми анын жетекчилиги кеч болсо да биздин мамлекетибиздин өкүлүнө берилип жатышы баарыбыздын духубузду көтөрүп, терең маданияты бар эл экендигибизди дагы бир ирет далилдеп койду. Өзүнүн таланты жана бийик адамкерчилиги, ошол эле учурда жөнөкөйлүгү менен белгилүү калемдешибиз, кара сөздүн чебери катары таанылган агабыздын бул кызматка тандалып алынышы өтө татыктуу жана туура болду деп эсептейбиз.

Оболу ТҮРКСОЙ тууралуу. Ким билет, 1991-жылы улуу держава СССР кулап, анын курамындагы башка союздук республикалардын катарында түрк тилдүү элдер да өз алдынча Эгемендүү мамлекет катары жарыялангандыгынын таасириби же башка себеп болдубу, айтор 1993-жылы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркия Республикаларынын маданият министрликтери тарабынан ТҮРКСОЙ уюму түзүлгөн. Кийинчерээк Түндүк Кипр байкоочу, Россиянын түрк элдери жашаган Татарстан, Башкыртыстан, Алтай, Саха(Якутия), Тува, Хакасия, жана Молдованын курамындагы Гагаузия аймактары кошулган. ТҮРКСОЙдун негизги максаты жана милдети - түрк элдерин маданият, искусствосу жана рухий баалуулуктары аркылуу бириктирүү, дүйнө жүзүнө түрк элдеринин маданиятын көрсөтүү жана бул мурастар менен каада-салттарды келечек муунга өткөрүп берүү болуп саналат.

Эмне үчүн ТҮРКСОЙдун Башкы катчылыгы 30 жылга жакын Кыргызстандын өкүлүнө берилбей келди? Буга чейинки жетекчи, Казакстандын өкүлү Дүйсөн Касеинов 2008-жылдан бери же 14 жыл иштептир. Себеби Кыргызстан көп жыл бул уюмга мүчөлүк акысын төлөбөгөндүктөн, Башкы катчылыкка өз талапкерин көрсөтмөк турсун, өкүлүн да дайындай албай келди. Кийин, А. Атамбаевдин тушунда бир нече жыл топтолуп калган мүчөлүк акчалар төлөнүп берилип, Д. Касеинов Бишкекке бир нече ирет келип, маданий иш-чараларга катышып, президент тарабынан кабыл алынып, “Даңк” медалы менен сыйлангандан кийин өкүлүбүз дайындалган.

Баса, мен ТҮРКСОЙдун журналисттер арасында уюштурулган алгачкы конкурсунун Кыргызстандан тандалган алгачкы лауреаты катары жана 2013-жылы да экинчи ирет ардактуу конок катары Эскишехир шаарына чакырылгандыктан, бул уюмду сыртынан болсо да анча-мынча таанып, ошол 2008-2010-жылдары бир нече интервью, макалаларды, маалыматтарды жазып, кыргыз коомуна таанытууга аз да болсо салым коштум деп айта алам.

Анда 2010-жылдын апрель айынын алгачкы жумасы, революция-төңкөрүштүн алды, 4-апрель болчу. Мен “Кабар” агенттигинде иштейт элем. Анкарадан “Анадолу” агенттигинин 90 жылдыгына карата өтүүчү иш чараларга катышуу үчүн чакыруу келип калды. Ошол кездеги директорубуз Нарын Айып түрк боордоштордун башкы маалымат агенттигинин юбилейине мени жана бир журналистти жөнөтүп калды.

Бирок негизги иш чаралар башталардан 1-2 күн эрте барып алган экенбиз, мейманканада эригип жатсак, биздин келгенибизди кайдан угуп калган, ТҮРКСОЙ менен сырттан кызматташкан Алиман Океева (белгилүү кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин кызы) келип калып, бул уюмдун Башкы катчысы Дүйсөн Касеинов менен жолуктурууну, интервью алуубузду сунуш кылып калды. Жок демек белек, заматта эле Анкараны аралап, кыргыздын боз үйүнүн формасында салынган алты кабат имаратка бардык. Бул ТҮРКСОЙдун штаб-квартирасы экен. Бизди Дүйсөн ага өзүнүн иш бөлмөсүндө тосуп алып, үч саатка жакын маектештик. Ал ошол сөзүндө Кыргызстан мүчөлүк акы төлөбөгөндүктөн, ТҮРКСОЙдо өкүлү да жок экендигин, ага карабай, ар кандай эл аралык деңгээлдеги иш чараларга Кыргызстандын маданият, искусство ишмерлерин калтырбай чакырып, катыштырып тургандыгын айтты эле.

Ошол жылы жаңы эле алгачкы ирет түрк элдеринин Нооруз майрамы ЮНЕСКОнун алкагындагы иш чарада эң жогорку деңгээлде Парижде өткөрүлүп, бир эле Башкы катчынын эмес, баардык ТҮРКСОЙдун кызматкерлеринин маанайы жакшы экен. Комплимент кылдыбы же чын ниетинен айттыбы, эмнегедир Дүйсөн агай тамаша-чыны аралаш “Кыргыздар мүчөлүк акыны төлөбөй эле койгула. Болгону ар кандай иш чараларга өнөрпоздоруңар катышып берип тургандыгы болот. Кыргыздын ырчы, артист жана өнөр адамдарынын деңгээли өтө жогору...”,- деп айтты эле.

Арадан бир жыл өтүп Алиман эже чалып, “Эмилбек мырза, ТҮРКСОЙ тууралуу жазган макалаларыңыздын электрондук вариантын тез жөнөтүңүз, Сизди журналисттер арасында уюштурулган конкурска талапкер кылып көрсөтүп жатабыз...”,- деп калды. Мен жарым сааттын ичинде баардык уюм тууралуу жазган макала, интервьюлардын электрондук вариантын жөнөттүм. Ошол эле күнү Алиман эже кайра чалып, Анкарага сыйлык тапшыруу аземине барышымды суранды.

Чындап эле ал кезде ТҮРКСОЙ дүркүрөп, акча маселеси жок экендигин байкадым. Азербайжан, Казакстан жана Түркия сыяктуу чоң жана бай мамлекеттер мүчөлүк акыдан тышкары ири суммада демөөрчүлүк кылып турчу экен. Угушум боюнча, Азербайжандын приезидентинин администрациясы бир миллион доллар которуп, Казакстандын президентинин администрациясына “ТҮРКСОЙдо казак жигит Башкы катчы экен, бир миллион доллар котордук...”,- деп телефон чалып тамашаласа, намыстана түшкөн баурдастар андан эки эсе ашык акча демөөрчүлүк кылышыптыр.

Д. Касеинов ТҮРКСОЙду 14 жыл жетектептир. Бирок анын тушунда Кыргызстандын ал кезде өкүлү жок болсо да (азыр бар) ар кандай эл аралык жана башка маданий иш чараларга кыргыз өнөрпоздору катардан калбай, Түркияга, башка түрк мамлекеттериндеги иш чараларга катышып, жол кире, баардык чыгымдары төлөнүп берилип турду. Жыл сайын түрк тилдүү мамлекеттердин алдыңкы журналисттерин чакырып, конкурстун сыйлыктарын тапшыргандан тышкары аларды бири-бири менен тааныштырып, бириктирип, кийин да өз ара кызматташуусуна шарт түзүп берди. Бул сыйлык медиа өкүлдөрүнө азыр да ыйгарылып турат. Бирок мен билгенден Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп таанылган шаардагы салтанатка кошо өткөрүлгөн лауреат журналисттерге жол киреси мурдагыдай төлөнүп берилбей, ар ким өз эсебинен барып жүрүшөт. Журналист катары менин сунушум, бул сыйлыкты жөн эле ар кайсы журналистке тапшыра бербей, алдын ала телевидение, радио, сайт жана басма сөз багытында жобосун иштеп чыгып, ТҮРКСОЙдун ишмердүүлүгүн чагылдырган жана коомчулукка тараткан гана журналисттер тандалып алынса, уюмдун аброюу мындан да жогорулап, жалпы коомчулукка кеңири таанылмак. Балким, бул сунушту өзү да журналист жаңы Башкы катчы С. Раев эске алар.

 С. Раев 13-апрелден тартып өз кызматына расмий түрдө киришкендиги тууралуу маалымат келди. Бул салтанат Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу баш болгон бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн эл аралык уюмдарынын жетекчилеринин, элчилердин катышуусунда өткөндүгүн С. Раев өзү мындайча жазды: “Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун Генералдык секретары катары расмий жумушту баштадым. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун штаб-квартирасында эски Баш катчыны узатуу, жаңы Баш катчынын ишке киришүү аземи өттү. Салтанатка Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, Түркия Республикасынын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Түрк мамлекеттер уюмунун Баш катчысы Багдад Амреев, элчилер, коомчулук, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Расмий иш 13- апрелден башталды”.

Биз да, жалпы эле кыргыз коомчулугу Башкы катчынын ишине ийгилик, чың ден соолук, түрк элдерин маданияты аркылуу бириктирип, дүйнө жүзүнө тааныта беришин каалайбыз.

Эмилбек Момунов,

Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+36°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+31°C Ташкент

Соцсети