• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
2371 Категория: Аналитика - Published: 13/04 - 09:50

БИШКЕК, 13-апрель. — Eurasia Today. Кечээ, 12-апрелде, саат 18дер чамасында, Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталды.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматында, Лейлек районунун Селкана аймагында коңшу мамлекеттин чек арачылары Кыргызстандын аймагына жыйырма метрдей кирип келген.

"Алар "Чек ара сызыгынан өтпөгүлө" деген эскертүүгө баш ийген эмес. Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок аткан. Жооп иретинде тажик чек арачылары Кыргызстандын аскерлерине ок чыгарган",- деп айтылат маалыматта.

 

Атышуу токтоп, бирок сүйлөшүүлөргө карабай кайра уланды

12-апрелде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода баштаган эки тараптуу делегациянын жолугушуусу өтүп, чыр-чатактарды алдын алуу, чектеш аймактарда орун алган окуялар жана аларды чечүү жолдору талкууланган. Жыйында чек ара аймактарына кошумча куралдуу күчтөрдү тартпоо боюнча макулдашууга кол коюшкан.

Кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда, т.а. 12-апрелде кечки саат 21.17 чамасында чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарапка карай кайрадан ок чыгарышкан. Атышуу башталып, ал 30 мүнөткө созулган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы "Андан ары тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштады",- деген маалымат берди.

Атышууда кыргыз тараптан бир чек арачы жараат алганы, ал Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилип, операцияга киргизилгени кабарланды.

Бул арада кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды курч деп баалады.

Ал эми саат 22.15ке карата тажик тарап Баткендин "Достук" айылын миномет менен аткылоону токтоткону кабарланып, бул учурда эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү жүрүп жатканы айтылды.

Ушул саатка карата да чек арада кырдаал чыңалган абалда деп бааланды.

Ал эми саат 22:50дө тажик тарап Лейлек районунун чек аралаш айылдарын миномет менен аткылоону токтотуп, 20 мүнөттөн кийин Баткен районунун “Радар-1” аймагын мезгил-мезгили менен аткылаганы жана ок атышуу орун алган аймакка Тажикстан кошумча куралдуу күчтөрүн тартып келгени кабарланды.

Ал арада аймакта күч кызматтары менен жергиликтүү бийликтин ишин Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жеринен координациялап жатканы белгилүү болду.

Бул учурда Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын Чек ара кызматынын Согд облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Хикматулло Пираковдун сүйлөшүү өткөрүштү.

Анда окуя болгон аймакка тартылган кошумча куралдуу күчтөрдү кайра чыгаруу макулдашылды. Эки тараптын сүйлөшүүсү Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде жүрүп жатканы кабарланды.

 

Жергиликтүү эл эвакуацияланды

Лейлек районунун чек арага жакын Интернационал, Максат, Достук, Борбордук, Арка, Жаштык айылдарынын тургундары коопсуз жайга чыгарылды.

Аталган райондун тургундары айылда эркектер калып, аялдар, балдар жана карылар коопсуз жайга чыгарылганын жазышты.

 

Ок атышуу токтоду. Сүйлөшүүлөр узакка созулду

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев чек арадагы ок атышууга байланыштуу Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода сүйлөшкөндөн кийин ок атышуу токтоду.

Ал арада КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп бааланып жатканын билдирип, Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын чек ара кызматынын Согд облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Хикматулло Пираковдун сүйлөшүү жүргүзө баштаганы кабарлады.

Анда жаңжал чыккан аймакка тартылган кошумча куралдуу күчтөрдү кайра артка чыгаруу макулдашылды. Эки тараптын сүйлөшүүсү Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде жүрдү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин “Азаттыкка” билдирген маалыматына ылайык, чек арадагы соңку ок атышууга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү таңкы саат 7де да аяктаган жок жана уланып жатты. Бирок аймакта абал салыштырмалуу туруктуу экени айтылды.

Ал эми чек арадагы бул жолку атышууда Кыргызстандын эки жоокери жараат алганын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Алардын бири учурда Лейлек районунун ооруканасында жатат, биринчи хирургиялык жардам көрсөтүлдү жана абалы орточо оор экени кабарланды.

Экинчи аскерге алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин анын абалы канааттандырарлык болгондуктан, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

 

Тажик тараптын маалыматы

Тажикстан бул окуялардан 3 чек арачысы жарат алганын Спутник-Тажикстан сайты өлкөнүн расмий булактарына таянуу менен жарыялады. Алар Хистеварз ооруканасына жеткирилген. Жарат алгандардын экөөнүн абалы өтө оор деп бааланган.

Бирок Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кырдаал боюнча расмий комментарий бере элек.

 

Чек ара чыры эмнеге чечилбей келет?..

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Өткөн жылдын май айынан бери чек араны тактоо боюнча эки тараптуу комиссия 81 чакырым боюнча орток пикирге келгени айтылган. Калган бөлүгү негизинен калктуу конуштарга келип такалган.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында ок атышууга чейин жетип, адам өмүрүн алган чыр-чатактар байма-бай катталып келет.

Тараптар мындай чатактар үчүн бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү таратып келишет.

 

Даярдаган: А. Пазыл.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
84.21
+0.07
KZT
0.17
+1.04
RUB
1.45
-1.04
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+12°C Москва
+12°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+28°C Алматы
+24°C Дүйшөмбү
+31°C Ашхабад
+27°C Ташкент

Соцсети