• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
3700 Категория: Аналитика - Published: 25/12 - 11:14

БИШКЕК, 25-декабрь. — Eurasia Today.  Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин жыйналышында 2020-жылдын 5-октябрынан тартып аткарылган иштер жөнүндө отчет берди.

«Бүгүнкү жыйынды – мен жалпы кыргызстандыктардын алдында аткаруу бийлигинин отчётун берүү деп эсептеймин», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Кыргыз Республикасынын Мнистрлер Кабинетинин жыйналышында.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу жыйындын катышуучулары!

11-апрелде референдум болду. 

Бүткүл элдик добуш менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынды. 

Ага ылайык аткаруу бийлигинин ишин жетектөө милдети толугу менен мага жүктөлгөн. 

Президенттин ыйгарым укуктарына ылайык Министрлер Кабинетинин жыйынына катышып, отчёт алууга жана элге кайрылууларды жасоого укуктуумун. 

Бүгүнкү жыйынды – мен жалпы кыргызстандыктардын алдында аткаруу бийлигинин отчётун берүү деп эсептеймин. 

Учурдан пайдаланып мекендештериме кайрылуу жасап кетким келет. 

Урматтуу менин мекендештерим! Урматтуу катышуучулар

Жыл бүттү. 

Менин да бир жылдык отчётум, 

кылган иштеримдин жыйынтыгы туурасында элге айтууга кезек келди. 

Бүгүн Жаңы жыл алдында, шайлоо бүтүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алтынчы чакырылышы өз ишин аягына чыгып, жетинчи чакырылыш өз ишин баштаардын алдында, ошондой эле элдин жүгүн көтөргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жалпы элдин алдында – расмий түрдө 2020-жылдын 5-октябрынан тартып азыркы күнгө чейинки аткарылган иштерибиз туурасында билдирип кетсем дейм.

Өткөн жылы өлкөдөгү коомдук саясий абалдын маанисин терең түшүнүп, кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык иш-аракеттерди мыйзам менен чечип, укуктук талаага кайтарууга кадам жасадык. 

Укуктук талаада көпчүлүк депутаттар Кыргыз Республикасынын Премьер-министрлик кызматына мени сунуштады, 

Өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын аткаруу милдети мага жүктөлдү.

Бир жагынан мамлекетибиздеги түзүлгөн саясий кырдаалды, 

экинчи жагынан пандемиянын шартында кемиген экономикабыздын абалын, бюджетибиздин тартыштыгын, 

социалдык милдеттерди жүрөгүм менен кабылдап турдум. 

Аны мен 2 ай аткардым. 

“Бардыгы мыйзамдуу, мыйзам талаасында чечилсин” деген ниетте Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына – шайлоо аркылуу аттандым. 

Бүт милдетти тапшырып бердим. 

Тең шайлоо өтсүн деген принципти бекем кармандым. 

Мен да ар бир аймакты түрө кыдырып, эл менен түздөн-түз жолугуштум, 

ар бир шайлоочумду угууга аракет жасадым. Уктум.

2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо жана референдум өттү. 

Референдумда Кыргызстан эли башкаруунун президенттик формасын тандап алды. 

11-апрелде референдумда Кыргызстандын эли өлкөнүн негизги мыйзамынын жаңы редакциясын – Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдоого алды. 

Бардык иштер эң жогорку укуктук-ченемдик акт менен бекемделди.

Мамлекет башчысынын толук сөзүн бул шилтемеден окусаңыз болот.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
84.21
+0.07
KZT
0.17
+1.04
RUB
1.45
-1.04
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+12°C Москва
+12°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+28°C Алматы
+24°C Дүйшөмбү
+31°C Ашхабад
+27°C Ташкент

Соцсети