• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
785 Категория: Аналитика - Published: 03/07 - 13:25

БИШКЕК, 3-июль. — Eurasia Today. Америкалыктар “Баграм” аэродромун Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнө өткөрүп берүүнү көздөп жатканы июнь айынын башында эле айтылган. Эми аны Ооганстандын Коргоо министрлиги тастыктады.

АКШнын бардык аскер күчтөрү жана коалициясы Ооганстандагы эң ири Баграм авиабазасын таштап чыгып кетишти, аны көзөмөлдөө өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнө өткөрүлгөнүн Ооганстандын Коргоо министрлигинин өкүлү Фавад Аман ырастады.

"1-июнда кечинде АКШнын жана коалициянын бардык күчтөрү Баграмдагы авиабазадан чыгып кетишти. База Ооганстандын Улуттук Коргоо жана Коопсуздук Күчтөрүнө (ANDSF) өткөрүлүп берилди. Күчтөр базаны коргоп, аны терроризмге каршы күрөшүү үчүн колдонушат", - деди ал Твиттердеги билдирүүсүндө.

Баграм базасы Кабулдун түндүгүндө жайгашкан. Аны 1979-1989-жылдардагы ооган согушунун учурунда советтик аскерлер колдонуп, 2001-жылы АКШ Ооганстанга аскерлерин киргизгенден кийин, ал америкалык күчтөрдүн негизги базасы болуп калган.

Борбор Азияда АКШнын аскер базалары пайда болобу?

Буга чейин Wall Street Journal өз булактарына таянып, АКШ Ооганстандагы өз аскерлерин Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштыршы мүмкүн деп болжолдогон.

Атап айтканда, сөз Ооганстан менен чектешкен Өзбекстан жана Тажикстан жөнүндө болгон.

Аскер эксперттери жана Америка президенти Жо Байдендин администрациясынын өкүлдөрүнүн айтымында, америкалык күчтөрүн Өзбекстан менен Тажикстанга жайгашуусу зарыл учурда аскерлердин  Ооганстанга тез кайтып баруусуна мүмкүнчүлүк берет.
Ошол эле учурда, WSJ булактары контингентти Өзбекстан менен Тажикстанга жайгаштыруу  Орусиянын аймактагы "ири аскердик катышуусунан" жана Кытайдын таасиринин өсүшүнөн улам кыйынга турарын белгилешти.

Бирок, Вашингтондун Москва жана Пекин менен мамилеси начарлаганына карабастан, АКШ жана башка бир катар өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Орусия менен Кытай америкалыктардын региондогу туруктуулукту камсыз кылуудагы кызыкчылыгын бөлүшөт.
WSJдин маалыматы боюнча, Борбор Азиядагы кандайдыр бир базага америкалык аскерлерди жайгаштыруу боюнча расмий кайрылуулар боло элек. Учурда АКШнын Коргоо министрлиги оң жана терс жактарды таразалап жатат. Чечим кабыл алууга Мамлекеттик департамент жана Ак үй дагы катышууда.

Эске салсак, АКШнын Борбордук Азияда буга чейин эки базасы болгон - Өзбекстанда жана Кыргызстанда. Алар Ооганстанга күчтөрдү жайгаштыруу жана операцияларды жүргүзүү үчүн колдонулган. Америкалыктар Өзбекстандагы базаны 2005-жылы таштап, дээрлик он жылдан кийин Кыргызстандан чыгышкан.

АКШнын ниети жөнүндө Ташкент кандай ойдо?

Өзбекстандын Коргоо министрлиги WSJ басылмасы жарыялаган билдирүүгө дароо реакция жасап, АКШнын аскер базасы республиканын аймагында жайгаштырылышы мүмкүн эмес деп билдирген.  Ведомствонун өкүлүнүн айтымында, бул өлкөнүн коргонуу доктринасында дагы, Конституциясында дагы каралган эмес.

Өзбекстандын Коргоо министрлигинин өкүлү ошондой эле мамлекеттин коргонуу саясаты Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуу операцияларына жана чет өлкөлөрдөгү аскердик чыр-чатактарга катышпоо принцибине негизделгенин эске салган.
АКШ Ооганстандагы күчтөрүн 11-сентябрга чейин толук чыгарып кетерин АКШнын президенти  Жо Байден 2020-жылы апрелде жарыялаган. Бирок, WSJдин маалыматы боюнча, май айынын башында башталган америкалык аскерлерди чыгарып кетүү июль айында эле аякташы мүмкүн.

Ошондуктан АКШ зарыл болгон учурда Ооганстанга кайра кайтып келүүгө ыңгайлуу болушу үчүн жайдын ортосуна чейин өз аскерлерин кайда алып барарын чечип алышы керек.

Терс тажрыйба

Аскердик байкоочусу Виктор Литовкин Борбор Азия өлкөлөрү, айрыкча Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан өз аймактарын америкалык аскер базалары үчүн бере алышпайт деп эсептейт.

"Бул жергиликтүү бийликке жакшылык алып келбейт - алардын бардыгы башынан терс тажрыйбаны өткөрүшкөн. Бул терс көрүнүш. Америкалыктар барган жерге “бөлүп-жарып башкар” саясаты жана түстүү ыңкылаптар дагы барат. Бул жерде алардын эч кимге кереги жок", - деди Литовкин.

Ал бул республикаларда Орусиянын аскер базалары - Душанбеде, Кулябда жана Бахарада жана Кантта (Кыргызстан) бар экенин эске салды.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+14°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети