• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
435 Категория: Аналитика - Published: 28/06 - 14:12

БИШКЕК, 28-июнь. — Eurasia Today. АКШ өз аскерлерин Ооганстандан чыгарып кете баштагандан кийин Борбор Азиядагы абал курчуп баратат.

Анткени “Талибандын” чабуулу күчөп, Өкмөт көзөмөлдөгөн райондорду биринин артынан бирин ээлеп баратат. Эгер алар бийликке келе турган болсо, Борбор Азия мамлекеттерине кол салбайбы же террордук актыларды уюштурбайбы деген кооптонуу башталды. Анткени бул аймактагы мамлекеттердин бирине АКШ өз аскерлерин жайгаштыруу аракетин көрүп жатат. Маселе кайсы өлкө уруксат берет, ошондо калды. Бирок Кошмо Штаттардын аскердик базасын жайгаштырган кайсы гана мамлекет болбосун, аларга сөзсүз жооп боло турганын “Талибан” кыймылы эскертүү берген. Серепчилер Борбор Азия мамлекеттери АКШ базасын жайгаштырууга Орусиянын көшөгө артындагы “уруксатын” алмай сайын, чечкиндүү кадам жасай албай турганын белгилешет. Ал арада бул маселеде Кытай байкоочу позицияды турат деген менен алардын да чоң пландары бар экени айтылууда. Ошентип Борбор Азия державалар таасир талашкан аймакка кайра айланды.

Борбор Азия мамлекеттерине “Талибандан” келген кооптонуу

Акыркы убактарда “Талибандын” чабуулу күчөдү. Тактап айтканда, ушул жылдын 19-22-июнь күндөрү Ооганстандын 15 районун ээлеп алышты. АКШнын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабдарынын кол башчысы, генерал Марк Милли 23-июнда Конгрессте сүйлөп жатып, 419 райондук борбордун 81и козголоңчулардын колуна өткөнүн билдирди. Анын айтымында, алар 60 борборду былтыр, америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгаруу жараяны баштала электе басып алышкан. Ошентип, “Талибан” кыймылы ээлигине каратып алган райондордун саны күн өткөн санап көбөйүп баратат.

22-июнда “Талибандар” Тажикстан менен негизги чек ара өткөөлүн – Кундуз провинциясынын борборунан 50 километрдей жердеги Шерхан Бандар шаарчасын ээлешти. Андан кийин Тажикстан менен чек арадагы Кундуз шаарынын жака белине жакындашты жана азыр тажик аймагы менен байланыштырган өткөөлдү кармап турушат. Согушкерлер акыркы жумаларда улам бир районду өз көзөмөлүнө алып баратышат.

Ошентип, ансыз да күчөп бараткан коопсуздук маселеси андан ары курчуп, Борбор Азия мамлекеттерине реалдуу кооптонуу жаралды. Мындан улам бул аймактагы өлкө башчылары өз ара акылдашуу процессин башташты.

Айрыкча Тажикстан көбүрөөк кооптонуп турат. Президент Эмомали Рахмон Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Коопсуздук Кеңешинин катчылары менен аймактагы кооптуу кырдаалды чукул талкуулады. Бул жыйынга Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын Коопсуздук Кеңештеринин катчылары жана Индия менен Ирандын атайын өкүлдөрү катышты. Бирок кызыгы бул жыйынга Кытайдан өкүл келген жок.

Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да Тажикстандын президенти менен 23-июнда телефон аркылуу сүйлөшүп, акыркы кырдаал боюнча пикир алмашышты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы аскердик-саясий кырдаалга жана анын курчуп кетишинин кооптуу тенденцияларына өзгөчө көңүл бурушту. Ал арада Өзбекстан куралдуу күчтөрүнүн аскердик машыгууларын баштаганы кабарланды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстанга 28-29-июнь күндөрү барып, Борбор Азиядагы коопсуздук, кооптуу жагдайларга биргелешип каршы туруу маселелери каралаары күтүлүүдө. Жапаровдун бул сапары эки мамлекеттин ортосунда апрелдин аягында адам өмүрлөрү кыйылган үч күндүк ок атышуудан кийин жана ал президент болгондон берки эң алгачкысы болот.

“Талибдер” көзөмөлдөгөн аймак Тажикстандын чек арасына чейин келгенден кийин Борбор Азия мамлекеттерине реалдуу коркунуч жаралды. Ошондуктан азыр ар кандай кооптуулукка биргеликте каршы туруу аракети жүрүп жатат. Ошондой эле өлкөлөр улуттук коопсуздугун чыңдап, аскерин, курал-жарактарын, аскердик техникаларын күчөтүп, ар кандай жагдайга даяр турушу шарт экени анык болуп калды.

“Талибдерди” АКШ күчөтүп жатабы?

Ооганстандан коалициялык аскер күчтөрдү 2021-жылдын 11-сентябрына чейин толук чыгарып кетүү милдеттенмесин алган АКШ бул аймакка жакын жердеги мамлекеттердин бирине аскер базасын жайгаштыруу аракетин көрүп жатат. Бирок азырынча кайсы өлкө өз аймагына жайгаштыра турганы аныктала элек. Азырынча сүйлөшүү процесси гана жүрүүдө.

АКШ чындап кааласа, Борбор Азиянын кайсы гана болбосун мамлекетине аскердик базасын киргизүү маселеси чечилет. Өзбекстан болбосо, Тажикстан, ал болбосо Кыргызстан же Казакстан киргизип кое берет. Бул жаатта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Борбор Азия болбосо, Ооганстанга чектеш башка мамлекеттерде же болбосо, Перс булуңундагы дагы бир өлкөгө киргизе алат. Башкача айтканда, мамлекеттерди тандоо ыктымалдуулугу менен сүйлөшүү убактысы кеңири. Бирок ага чейинки ойлоно турган маселе Талибандардын чабуулунун күчөшүнөн улам, Борбор Азия мамлекеттерине болгон кооптонуу курчуганы болуп калды.

АКШ баштаган коалициялык аскер күчтөрүнүн жарымы чыгарылгандан бери Талибдердин өкмөттүк күчтөргө кол салуусу күчөдү. Айрым серепчилер муну АКШнын өзүнө байланыштырышат. Анткени аймакты көзөмөлдөө укугунан ажырабоо жана аскердик базаны кандай гана болбосун Ооганстанга жакын жерге жайгаштыруу максатында, “Талибандын” чабуулдары күчөдү деп бул мамлекетте кайра калып калуу аракети болушу мүмкүн. Ошондой эле бул аймакка көзөмөл кылып, таасирин кармап туруу үчүн “Талибанды” көмүскөдө туруп курчутуп, согуштук аракеттерди күчөтүп жатышы да ыктымал. Муну менен Кошмо Штаттары кайсы бир мамлекетке базасын эртерээк жайгаштырууну да көздөөдө дешет.

Бул логика туура болушу да мүмкүн. Анткени Талибан кыймылы Ооганстандын түндүгүнө чабуулдарды күчөттү. Тажикстанга чектеш районду элеп алгандан кийин андан ары Борбор Азияга реалдуу кооптонуу жаратты. Мындай кооптонуудан улам, бул чөлкөмдөгү мамлекеттер, мисалы Тажикстан, Өзбекстан же Кыргызстан АКШнын аскердик базасын өз аймагына киргизүүгө аргасыз кылууга алып барышы мүмкүн. Анткени бул мамлекеттер жоочулар менен кармашууну, тактап айтканда, “Талибандар” менен согушууну каалашпайт. Анын ордуна алардан алыс болууну туура көрүшөт.

“Талибандын” чабуулу күчөй баштаганда, АКШ өз аскерлерин чыгарып кетүү аракетин жайлата турганы кабарланды. Башкача айтканда, азырынча Ооганстандан толук чыгып кетүүсү мүмкүн эмес. Мындан улам, сентябрга чейин бардык күчтөрүн алып чыгып кетүү келишимин жокко чыгарып, бул мамлекетте калып калуу тууралуу чечимге келиши да толук ыктымал. Анткени буга чейин АКШнын азыркы президенти Жо Байдендин администрациясы Талибан менен түзүлгөн келишимдерди кайра карап чыгуу ниетин билдиришкен болчу. Анын үстүнө АКШнын Европадагы союздаштары Ооганстандан аскерлердин чыгып кетишин кийинкиге жылдырууну суранган.

Ашраф Гани АКШдан колдоо тапкан жок

Бирок азыр картина башка нукка бурулду. Ооганстандын президенти Ашраф Гани ушул жылдын 26-июнунда өлкөдөгү абалдын оорлоп кеткенине байланыштуу АКШга барып, президент Жо Байден менен жолукту. Бул жолугушуу Гани үчүн ийгиликсиз болду. Анткени буга чейин “Талибандардын” чабуулу күчөп, райондордун биринин артынан бирин ээлеп баратканда, ал АКШга барып, кандайдыр бир колдоо сурай турганы белгилүү болчу.

Бирок Байден өздөрү алган милдеттенмелерден кайтпай турганын, башкача айтканда, ушул жылдын 11-сентябрына чейин өз аскерлерин Ооган жергесинен чыгарып кетүүнү сөзсүз аткара тургандыктарын билдирди. Ошондой эле аскерлерди алып чыгып кетүү мөөнөтү узартылбасын жана жайыраак темп менен да чыгаруу болбой турганын белгиледи. Байден АКШ Ооганстанга колдоо көрсөтө берээрин айтып, бирок өлкөдөгү кырдаалды бийлик өзү көзөмөлдөшү керектигин эскертти.

АКШдан канааттандыраалык жооп ала албаган Ганинин бийлиги кулай тургандай болуп турат. Анткени буга чейин Кошмо штаттардын Чалгындоо кызматы алдын ала божомолун өзгөртүп, Ооганстанда бийлик алты айдын ичинде кулашы мүмкүндүгүн жарыялаган. Ага чейин ооган өкмөттүк күчтөрү “Талибандарга” эки жылга чейин туруштук берет деп турушкан.

АКШ аскердик базасын Борбор Азиядагы кайсы мамлекет киргизиши мүмкүн?

Буга чейин белгилүү болгондой, АКШ Ооганстандан биротоло чыгып кетүүнү убада кылганы менен бул аймактан толугу менен кетүүнү көздөбөйт. Анын максаты - Борбор Азия мамлекеттеринин бирине аскердик базасын жайгаштыруу экени белгилүү болгон.

Алгач Өзбекстан, Тажикстан же Казакстан мамлекеттеринин аты айтылып жатса, кийинки убактарда Кыргызстандын аймагына киргизүү ыктымалдуулугу белгиленген. Бирок АКШ аскер базасын киргизүү бир топ кыйынчылыкты туудуруп жатканын билдирди. Анткени бул аймакка Орусиянын таасири күч. Орусия ачык айтпаган менен Кошмо Штаттардын аскердик базасын жайгаштырууга Борбор Азиядагы өлкөлөрүнө уруксат бербей турат. Мисалы, кайсы факторлорду алса болот?

Өткөн жумада Орусия Президентинин өкүлү Дмитрий Козак Кыргызстанга келип кетти. Анын визити АКШ Борбор Азия мамлекеттеринин бирине өз аскерлерин жайгаштыруу аракети башталган учурда болду. Айрым серепчилер анын келип кетүүсүн Кыргызстанга АКШ аскер базасын жайгаштырууга уруксат бербөө ишарасы катары сыпатташты.

Ал эми Тажикстан Ооганстан менен чектешип турат. Эгер алар АКШнын базасын өз өлкөсүнө жайгаштырса, коопсуздук жана каражат жагынан утат. Бирок Орусия Тажикстанга АКШнын базасын жайгаштырууга уруксат бербөө ишарасын буга чейин эле жасаган. Ошентип тажик бийлиги Ооганстандан келген кооптонуулардан улам союшдаш издеп жаткан учуру. Анткен менен алар АКШ аскер күчтөрүн жайгаштырып да коюшу ыктымал. Анда бул өлкө Орусиянын, Кытайдын жана АКШнын аскер базаларын жайгаштырган Борбор Азиядагы биринчи мамлекет болуп калат. Бирок божомолдор Кошмо Штаттардын базасына Тажикстанда орун жок экенин айтат.

Бул чөлкөмдө Өзбекстан да негизги ролду ойнойт. Бирок бул өлкөнүн коргонуу тармагындагы доктринасы, Конституциясы, тышкы саясаттын концепциясы чет элдик аскер базасын Өзбекстанга жайгаштырууга жол бербейт. Бул тууралуу алгач орусиялык басылмаларда жарыяланды. Демек, Орусия талаптарын кыйыр түрдө эскертип, Өбекстанга да АКШ базасын киргиздирбөө аракетин көрүп жатат десе болот. Аларда Орусиянын аскер базасы жок. Ошондой эле Москва баштаган Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Армения кирген Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) да мүчө эмес.

Өзбекстан Орусия негиздеген Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) да мүчө эмес жана Орусияга көп деле көз каранды эместей саясат алып барат. Бирок аларды АКШ базасын киргизүүгө макулдугун бере турган фаворит өлкө катары белгилегендер бар. Өзбекстан инвестициялык климатка байланыштуу базаны киргизүүдөн баш тартып коюшу мүмкүндүгү айтылат.

Ал эми Казактан постсоветтик өлкө катары Орусия менен союздаш. Бирок Европага көбүрөөк ыктайт. Кытай менен да мамилеси жакшы. Акыркы убактарда АКШ аскерлерин жайгаштырууну каалаган өлкөлөрдүн тизмесинде Казакстандын аты аталбай деле калды. Анткени территориялык жактан Ооганстанга алыс экени да айтылган. Анын ордуна Кыргызстан көбүрөөк айтылып, көбүрөөк сөз болууда.

Кыргызстандын АКШнын аскердик базасын киргизгенге толук мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде бул аракеттер ишке аша турган болсо, Кыргызстан коопсуздук жаатында эле эмес, экономикалык дагы пайдасын көрөт дешет. АКШнын базасы Кыргызстанда 2001-жылдан 2009-жылга чейин жайгашып, жылына бюджетке 150 млн. доллар төлөп турган.

Ошентип азырынча АКШнын аскер базасын жайгаштыруу каалоосу боюнча ЖМКлар аркылуу жарыяланган маалыматтардан башка чечкиндүү кадамдар баштала элек. Анын үстүнө коомдогу талкууларга карабай, Борбор Азия мамлекеттери менен Орусия бул жаатта расмий билдирүү да таратыша элек. Баары саясий нук кайсы жакка бурулаарын карап, “күтүү режиминде” турушат.

АКШ баштаган коалициялык күчтөр Ооганстандан чыгып кетүү тууралуу милдеттенмесин аткарат. Бирок акыркы жылдары Кытай жана Орусия менен болгон мамилесинин начарлап кетишине байланыштуу, аталган аймакта таасирин сактап калуу үчүн да аскердик базасын жайгаштырууга болушунча аракет көрүп жатат.

Ооганстанга Кытай аскердик базасын киргизеби?

Кытай Эл республикасы (КЭР) азырынча байкоочу позицияда турганы менен АКШнын аскер күчтөрү Ооганстандан чыгып кеткенден кийин бул мамлекетке алар өзүнүн аскер күчтөрүн киргизиши мүмкүн деген божомолдор айтыла баштады.

Мисалы, орусиялык кытай таануучу Николай Вавилов, америкалыктар Ооганстандан чыгып кеткенден кийин, аймактар “​​Талибандын” көзөмөлүнө өтөөрүн жана алар өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөгөн аймактарды ээлеше турганын айтып, буларды кошумчалайт:

“Террордук уюм катары таанылган “Талибан” Ооганстандын гана аймагын көзөмөлдөөнү максат кылбайт. Алар Борбор Азия эле эмес, Түндүк муз океанга чейинки аймакта Ислам мамлекетин курууну кыялданышат. “Талибан” Борбор Азия өлкөлөрүн жана Орусиянын Тажикстандагы базасын жок кыла турган ИШИМдин аналогун түзүүгө аракет кылышы мүмкүн. Андан соң Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районундагы уйгурлар менен биригиши ыктымал. Бул технология Жакынкы Чыгышта сыналган.

Анда “Талибандар” “бир ок менен бир нече коёнду атышат”:

1. Кытайдын "Бир алкак, бир жол" геостратегиялык долбоорун үзгүлтүккө учуратуу.

2. Орусияны батыш чек арадан алаксытуу менен тышкы жана аскердик саясатын Борбор Азияга багыттоо.

3. Кытайдын аскердик саясатын Борбор Азияга багыттоо жана Тайвандан алаксытуу.

Талибандын агрессиясы менен Борбор Азияда ИШИМ 2.0 түзүлүү коркунучу – Пекинди абдан тынчсыздандырат. Кытай буга жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүүгө аракет кылат. Ошондуктан БУУну жамынып – тынчтык орнотуучу операциялардын алкагында, Ооганстанга өз аскерлерин киргизет.

Кытайдын чоң пландарынын ичинде Ооганстан менен дагы байланыштуу пландары бар. АКШнын Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетүү операциясына чейин эле Пекин Иран менен мунай-газ түтүгүн куруу жөнүндө макулдашкан.

Бул Кытайга төмөнкүлөрдү жасоого мүмкүндүк берет:

Биринчиден, Ооганстандын түштүгүн көзөмөлдөө менен Ирандын чек араларына жана анын энергетикалык ресурстарына түз жетүүгө мүмкүндүк берет.

Экинчиден, Индиянын Борбор Азияга, тагыраагы, Тажикстандын борбору Душанбеден 130 чакырым түштүк-чыгышта, Пархар шаарына жакын жайгашкан жана Ооганстан менен болгон чек арадагы “Фархор” аскер аба базасына барчу жолду бууп салуу.

Ошентип Кытай дүйнөлүк державага айланып баратат”.

Постсоветтик өлкөлөрдө ушул тема да көтөрүлө баштады.

Асанбек Каракозуев.

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети