• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
13 Категория: Аналитика - Published: 03/05 - 18:00

БИШКЕК, 3-май. — Eurasia Today. Интернеттин заманы. Өлкөдөгү коомдук пикир, маанай азыр социалдык тармактар, айрыкча "фейсбук" аркылуу чагылып, билинип турат.

Мындан билгеним: Тажикстандын кандуу баскынчылыггы - мамлекет башына түшкөн оор мүшкүл улутубуздагы эки өзгөчө мыкты касиетти дагы бир ирет айгинелегенсийт. Ал - ар кандай кыйчалыш кырдаалдагы сабырдуулук, кечиримдүүлүк жана бири-бирине чын ыкластан кол сунган кайрымдуулук, ынтымак. Кантсе да, бул бизге кечээги көчмөндүктөн мурас калып, канга сиңген бийик сапаттар. (Көчмөндүк -тарыхый өнүгүштөн, погресстен артта калуу, бирок, ал доордун деле жакшы жактары жок эмес.)

Маселен, бу оор учурда бир да жан Садыр Жапаров башында турган бийликтин отставкага кетишин талап кылган жок. Антүүгө толук негиз бар экендигине карабай, келишкис оппозициялык топтор да мындай саясий кадамга барбады. Ырас, аймактык бүтүндүгүбүздү бузуп, элибизди кыргынга кептеген аскердик агрессиянын алгачкы күнү мага окшогон айрым жарандар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан кетиши керек деген пикирибизди билдирдик. Мунун өзү табигый көрүнүш болчу, эгер Кыргызстандагыдай абалга кептелсе, кадыресе мамлекет, аң-сезими жетик коомдо Ташиев сындуу жоопкерчилик алган кызмат адамы бирөөлөрдүн пикирин, талабын, же буйругун күтүп отурбай, өзү билип эле отставкага кетмек. ( Отставка боюнча пикирибиз өтө туура, жөндүү экендигин биздин "генералиссимус" ар күн сайын бекемдеп жатканы башка кеп.)

А тышкы агрессия ашкерелеген кенемтебизге келсек, бул жагы өтө эле терең. Баарын терип-тепчип отурбай орчундуу бир-эки жагдайга токтололу. Бул - кыргыз коомунда дале мамлекеттик инстинкт калыптанбагандыгы, мамлекетчил көзкараштын жоктугу! Биз азыр сырттан жоо кол салса, эптеп мал-жаныбызды аман алып калсак деп, бу коктуга корголоп, а коктудан кубаласа аркысына ашып, күнүмдүк менен жашаган көчмөн коом эмеспиз! Мамлекетпиз!

Мамлекеттин бардык башкаруу, жөндөө институттары бар. Дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин башын бириктирген БУУнун толук кандуү мүчөсүбүз. А дүйнөдө мамлекеттер аралык мамилелердин тыкыр көзөмөлгө алып, чегара, аскер-согуш, экономикалык болсун, чырдын баарын камтып, жөнгө салар элералык тартип, эреже, жол-жобо дегендер да жашайт...

Тилекке каршы, Президент башында, Жогорку Кеңеши кашында турган Кыргыз Республикасынын расмий мамлекеттик бийлиги бу согушта эң жөнөкөй мамлекеттик позицияны да көрсөтө алган жок. С.Жапаровдун кадамы тууралуу көп айтылды. Кайталабайлы. А Жогорку Кеңеш... Мамлекет тагдыры устаранын мизинде турган кооптуу учурда Кыргызстандагы Жогорку Кеңеш -парламент өзүн мамлекеттик бийликтин мыйзамдуу бир бутагы катары көрсөтүп, милдетин аткарган жок. Тек, катардагы Кайрымдуулук уюму, фонду, мисалы, Кызыл Жарым Ай коомунун бир ныптасы сындуу ишмердик менен алектенди. Окуяга шашылыш баа берип, чечим кабыл алуу Жогорку Кеңештин Конституция аркылуу кепилденген эң башкы парзы экендиги бир депутаттын да оюна келбей, баары Баткенге кантип барганын, жабыр тарткан элге кандай кайрымдуулук кылып, чөнтөгүнөн канча тыйын коротконун жарнамалап турду.

Албетте, кайрымдуулук, жапакечтик да коомго, адамга абдан керек иш. Бирок, парламент дупутаттары мамлекет бүтүндүгү бузулуп, жарандарын чет душман окко тутуп турган учурда "боорукердик" кылыш үчүн эле элден мандат алган эмес! Парламенттин мамлекет астында андан алдаганча маанилүү милдети, жоопкерчилиги бар! 120 депутатсыз деле карапайым калк жабыр тарткан боорлорун жалгыз таштабайт, колунан келген жардамын берет.

Кантсе да, бизде активдүү жарандык коом калыптана баштаптыр. Эл ичинде патриоттулукту ооз жүзүндө эмес, иш жүзүндө көрсөткүсү келген билимдүү адамдар да бар экен. Алар Тажик бийлигинин баскынчылыгы, дүйнөдө адамзатка каршы кылмыш деп бааланар согуштук аракеттери тууралуу маалымат таратып, ага эларалык коомчулуктун көңүлүн бурдурууга аракеттенүүдө. Тажикстан тарабынан жасалган баскынчылык кылмышты Эларалык соттун кароосуна чейин жеткирүүгө далалаттанууда.

Өкүнүчтүү да, таңгалыштуусу да, бул маселеде жарандык коом менен расмий бийлик карама-каршы позицияда тургансыйт. Тилекке каршы, эл менен бийликтин алакасына келгенде биз бир муштумдай түйүлгөн мамлекетчил биримдикти көрсөтө албай жатабыз. Эркин жарандар Э.Рахман башында турган Тажикстан бийлигин айыптаган сайын, С.Жапаров менен К. Ташиев башында турган расмий бийлик Тажикстандын агрессиясы ( мейли, ал Россиянын же башканын шыкагы менен болсун!), кыргыз айылдарын оккупациялап алгандыгын ачык айтуудан жаа бою качып, аларды айыптабай тургандыгын айтууда. Жаалдаган колдоочулары аркылуу күнөөнү "Аль-Каидадан", тоюс, ай-асмандан наркомафиядан "издеттирүүдө".

Ушундай эки анжы, чалкеш позиция менен бүтүн кыргыз коому эларалык чөйрөдө тажик бийлигине калыс баа берилүүсүнө, айып тартышына жетиши күмөн.

Ошондуктан, дагы кайталоого туура келет: четтен, эларалык коомчулуктан көп үмүт эте бербей, көңүлдү өзүбүзгө буруп, өзүбүздүн каталыкты сезип, өз бийлигибизди акыл-эс, эрк- кайратка, намыска чакыруу алдаганча маанилүү!

Ок атышуу токтоду. Тынччылык, аманчылык кандай жакшы... Тажикстан биздин аймактан аскерлерин алып чыгып кетти. Бирок, ортодо калыс, ишенимдүү макулдашуу болбогондуктан, өздөрү өзгөчө маанилүү деген участкаларды ээлеген боюнча калды..

Бул, чегара чыры толук жайгарылышына көп бар, али иштин арбыны алдыда деген сөз...

Абдувахаб Мониев.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети