• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
11 Категория: Аналитика - Published: 29/04 - 17:12

Бишкек, 29-апрель. — Eurasia Today. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында абал кайрадан курчуп кетти.

28-апрель күнү Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү Көк-Таш айылына жакын жерде Ак-Суу дарыясынын "Головной" деп аталчу суу бөлүштүргөн жайында тажик тарап электр мамысына видео байкоо камерасынын экинчисин орнотуп жаткан учурда, аларды Кыргызстандын чек арачылары токтоткон. Кырдаал боюнча эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп жаткан учурда Тажикстан тараптан ок атылган. Ушул окуядан кийин бүгүн маал-маалы менен ок атуулар болуп жатты.

Ушул окуя болгондон кийин 29-апрелде түнү болжол менен саат 04.40 чамасында Баткен районунун Көчө-Бою аймагында жагдай кайра курчуп кетти. Анда Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жарандарын жана алардын турак жайларына багыттап таш ыргыта башташкан. Мындан сыткары, тажик тарап ары-бери өткөн Кыргызстандын жарандарынын автоунааларын аңчылык курал менен аткылай баштаган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, чек ара жаңжалынан он чакты адам жаракат алган. Ок тийген бир кыргызстандыктын абалы оор экени айтылып, ал Лейлек районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилген. Экинчи жаран башынан жаракат алып, мээси чайкалган, үчүнчүсүнүн сол колу сынган. Алар Самаркандектеги жалпы дарыгерлер практикалык борборунда дарыланууда. Учурда жаңжал чыккан жерде Тез жардам кызматынын үч бригадасы нөөмөттө турат. Министрликтин маалыматына ылайык, эгер жогорку квалификациялуу медициналык жардамга муктаждык жаралса, Ош шаарынан адистер жөнөтүлөт.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматында Тажикстан тарап бүгүн күндүзү да мезгил-мезгили менен ок атууларды улантты. Ошондой эле Тажикстан Республикасынын чек ара ведомствосунун жетекчилиги менен телефон аркылуу байланышууга мүмкүн болбой, телефондук чалуулар жоопсуз калганы айтылды.

Чек ара чырына байланыштуу Баткен районунун жарандык коргонуунун башчысы, аким тарабынан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр чатак орун алган аймактан эл, коопсуз жайларга көчүрүлгөнүн Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Облус башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзтү. Тактап айтканда, 28-апрелде, Согди делегациясы менен сүйлөшүү аяктап, маселе чечилип калганда саат бештерде чагымчылдык болуп кетип, алардын чиновниктери жетекчилеринин сөзүн укпай койгонун Субаналиев билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругуна ылайык чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү. Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык.

Бул маалыматтардан кийин Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода, бүгүн 29-апрелде да чек арадагы абал боюнча эки ирет телефон аркылуу, кырдаалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүштү. Бирок абал курчуган бойдон калды. Чек арада кайра-кайра ок атылып жатты.

Ок атышууда кыргыз тараптан эки адам ооруканага жеткирилгенин журналисттер жеринен туруп кабарлашууда. Ок тынымсыз атылып жатканын саат 14:10дө да маалымдалды. Анда Тажикстан Республикасынын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери, Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемёт жана автоматтар менен массалык аткылоону баштаган. Кырдаалды координациялап, тажик чек арачылары тарабынан козголгон куралдуу чыр-чатакты локалдаштыруу боюнча КР УКМКнын чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - Шаршеев Уларбек Зарлыкович окуя болгон жерде чараларды көрүп жатат. Ал эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2021-жылдын 28-апрелинде чет өлкөгө дарылануу үчүн кеткени тууралуу маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы таратты. Бирок ал чек арадагы окуядан улам, Германиядагы ооруканага жетпей, кайра артка кайтканын түнү менен жетип калаарын өзүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Ал арада Көк-Жар айылынан Головнойго бара жаткан тез жардам машинасын тажик тарап оодарып салганы кабарланды. Маалыматка ылайык, “Головной” тарапта октон жабыркагандар болгондуктан, тез жардам машинасы ок атуудан улам ал жака бара албай, унаа ортодо калган. Ичиндеги медицина кызматкерлери учурда Көк-Ташта, коопсуз жайда экени айтылууда.

Кошумчалай кетсек, 17-апрелде да Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясынан суу бөлүштүргөн “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайдын айынан талаш чыгып, тирешүү болгон.

«Головной» деп аталган суу бөлүштүрүүчү аймак толугу менен Кыргызстанга тиешелүү. Бул обьект 1970-жылы курулуп, 1973-жылы колдонууга берилген. Бул тууралуу «Головнойдун» курулушу боюнча архивдик маалыматта жазылган.

“Бул обьект Ош облусунун аймагына Кыргыз ССРинин Айыл чарба жана суу ресурстары митистрлигинин буйрутмасы менен Баткен курулуш-монтаждоо башкармалыгынын (СМУ) «Ошводстрой» трести тарабынан курулган. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 384,2 миң рублди түзгөн. Мындагы максат суунун агымын «Кайырма» жана «Подводяший» каналдарына бөлүү болгон. «Подводяший» каналы «Төрт-Гүл» суу сактагычына келип куят”,-деп айтылат архивдик маалыматтарда.

Буга чейин маалым болгондой, кыргыз-тажик чек арасы жабылган. Ошондуктан Тажикстанга барчу контрабанда токтоп, Кыргызстан аркылуу өтчү экспорттук товарлары токтоп калганына байланыштуу да тажик тарап ар ыкмага салып жатат. Андан сырткары, суу башын талашып да ушул кадамга барышууда. Мындай пикирди Ак-Татыр айылдык кеңешинин депутаты, Рават айылынын тургуну Дастанбек Эркинов айтат.

Эки өлкөнүн чек арасындагы талаштардан улам, ушул жылы эле бир топ чыр чыкты. Буга чейин Лейлек районунда 19-21 жаштагы эки жигит 24-апрелге караган түнү чек арага жакын аймакта үй салып жаткан жеринен дайынсыз жоголгон. Аларды ошол күнү кечке жуук Тажикстандын күч кызматтары алып кеткени маалым болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулган. Жарандар кайтып келгенден кийин Тажикстандын аскер кызматкерлери өз аймагында кармап турган учурда ур-токмокко алып, аскер бөлүктөрү тууралуу суроолорду узатканын жергиликтүү журналисттерге айтып беришкен. Эки жаранды уурдоого байланыштуу Кыргызстан Тажикстанга нота жиберген.

Кийин “Спутник-Тажикстан” сайты Исфара шаарынын бийлик өкүлдөрүнө шилтеме кылып, Ворух анклавында жашаган эки өспүрүмдү кыргызстандык чек арачылар кармап кетип, суракка алганын жазган. Маалыматта 8-класста окуган эки окуучуну 25-апрелде мал жайып жүргөн жеринен кыргыз чек арачылары кармап алып, уруп-согуп суракка алышканы айтылат. Ошондой эле окуучу балдар Исфаранын жергиликтүү бийлиги жана тажик чек арачыларынын кийлигишүүсү менен бошотулганы да маалымдалган. Мындан улам Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине да Кыргызстанга нота жөнөткөн.

Ал арада Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы бул маалымат чындыкка дал келбей турганын айтып, 28-апрелде маалымат таратты. Ага ылайык, мындай маалымат чыккандан кийин эки өлкөнүн чек ара маселелери боюнча өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Анда тажик тарап окуучулар кармалган же сабалган окуя болбогонун расмий түрдө билдирген. Ошондуктан бул маалымат фейк экенин кабарлашкан.

Эске салсак, Кыргызстан менен Тажикстан 970 чакырымдай жери чектешет, анын 519 чакырымы эки тараптуу такталган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети