• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
433 Категория: Аналитика - Published: 16/04 - 09:47

“Мектепке жоолук же топу кийип келүү ар бир окуучунун өз эрки”,- деди билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Самара Кадырмаева.

Eurasia Today агенттигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө айрым ата-энелер балдардын мектептерде жоолукка болгон тыюу салууларына карата арызданып келишет. Мындай көрүнүштөр көбүнчө түштүк облустарда жана Бишкектин кээбир мектептеринде болууда.

Белгилей кетсек, Бишкектин № 2 мектебинде 3 Д класстын окуучусу К.Ж. мектепке жоолук салынып келгени үчүн класс жетекчиси жана завуч аркылуу сын-пикирге кабылган. К.Ж. аттуу кыз өз каалоосу менен сабакка жоолук салынып келгени үчүн класс жетекчиси Татьяна Николаевна: “Сен эмне оорулуусуңбу? Чеч жоолугуңду”, -деп окуучулардын алдында жемелеген. Классташтарынын шылдыңына калган кыз үйүнө ыйлап келип, экинчи мектепке баргысы келбей калганын айткан. Кыздын ата-энеси Россияда болгондуктан, балдардын тарбиясын моюнуна алган чоң апасы айласыздан ушул маселе боюнча иштешкен укук коргоочуларга кайрылган.

Албетте, мектептерде жоолук салынуу маселеси толук чечилбесе дагы, башка мыйзамдарга ылайык, жарандардын дин же кийим тандоо укуктарына эч ким чектөө киргизген эмес. Учурда “балдарын зордоп динге окутуп же жоолук салып...”, - деген дооматтар болбогон нерсе. Азыркы замандын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша чоң эле киши эмес, жада калса балдар дагы өзүнүн тандоо эркиндигинен пайдаланышат. Өспүрүмдөр мектепте же коомдо каалагандай кийимдерин кийип жүрүүгө умтулушуп, бири “Корея стилинде” жүрүшсө, айрымдары мусулманча жүргөндү жактырышат. Атүгүл жаш кезинен намаз окуп, орозо кармаганга кызыккандар аз эмес. Анткени азыркы коомдун балдары аң-сезими тез өсүп, өтө көп маалыматтарга ээ.

Ал эми, "Өлкөдөгү дин эркиндигине таянып, мусулманча жоолук салынып келгендерге тыюу салынабы", – деген маселенин тегерегинде көптөгөн талкуулар болгон. Алардын бири быйыл өткөрүлгөн “Эл аралык жоолук” күнү жөрөлгөсүнөн кийинки “Умма” журналынын редакциясы бир канча активисттерди, укук коргоочуларды жана  Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүн тегерек столго чакырып, мектептерде жоолук салынуу көйгөйүн козгогон.

Eurasia Today агенттигинин кабарчысы ошондой бир жөрөлгөлөрдүн биринде Билим Берүү министрлигинин өкүлү, мектептик билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Самара Кадырмаева менен маектешип, мектепте жоолук салынууга дагы деле тыюу барбы деген суроолор менен кайрылган.
 Самара Кадырмаев, учурда № 69 мектептен тышкары (светский окутуу болгондуктан) бардык мектептерде жоолук салынууга, атүгүл эркек балдарга топу кийип келүүгө уруксат берилгенин билдирди.

“Биз, пандемия учурунда окуучуларга жоолук салууга тыюу салмак түгүл, мектепке эркин форма кийип келүүсүнө да тыюу сала албайбыз”,-деди Самара Кадырмаева. Анын айтымында, эгерде кайсы бир мектепте жоолукка тыюу салуу болсо, ата-энелер биринчиден мектептин директоруна кайрылып, мектептин уставын ортого салдыртып, өз балдарынын укуктарын коргосо болот.  

Ал эми, “Чыңгыз Айтматов” атындагы  №1 мектептин директору дагы билим берүү министрлигинин өкүлүнүн сөзүн кубаттап: “Мектепке жоолук салынып келүү кыздардын өз эрки, ага биз тоскоолдук кыла албайбыз. Биздин мектепте да жоолук салынгандар бар, аларга кысым көрсөтүү же тыюу салуу жок. Бир гана салынган жоолуктары түстүү же кара болбой, ак түстө болушу талап кылынат”,- деди.


Даярдаган: Каныкей Жаманкулова.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-4.04
USD
79.87
0.00
EUR
84.48
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.30
0.00
TJS
6.42
-3.47
TMT
22.82
-3.81
UZS
0.01
-2.70

Аба ырайы

 

+24°C Тегеран
+7°C Москва
+13°C Нур-Султан
+14°C Бишкек
+14°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+16°C Ташкент

Соцсети