• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
401 Категория: Аналитика - Published: 10/04 - 17:58

Бийлик үчүн жергиликтүү шайлоолордо жеңишке жетүү жана жаңы Конституцияны кабыл алуу маанилүү, ал эми оппозиция үчүн бул шайлоолор чыңалууну жаратуу үчүн стратегиялык мааниге ээ. Жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун референдум менен кандай байланышы бар жана бул шайлоодо бийликчил жана оппозициялык топтор кандай максаттарды көздөп жаткандыгы жөнүндө саясат таануучу Азамат Темиркулов "Eurasia Today" агенттиги менен өз оюн бөлүштү.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо Конституция боюнча референдум өткөрүү бири-бири менен датасы боюнча гана эмес, белгилүү бир логика боюнча дагы тыгыз байланышта.

Эксперт азыркы президент шайлоонун аркасында жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум аркылуу өзүнүн бийлигин бекемдөөгө аракет кылып жатат деп эсептерин билдирди.
“Бул бекемдөө ал өзүнүн адамдарын партиялык структураларга, биринчи кезекте жергиликтүү кеңештерге, андан кийин парламентке (Жогорку Кеңешке) шайлоо жолу менен алып келүүнү каалагандыгы менен байланыштуу", - деди Азамат Темиркулов.

Парламентти басып алуу үчүн плацдарм жана репетиция

«Азыр бийликтин алдында Конституция кабыл алынышы үчүн Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда шайлоодо жеңишке жетүү милдети турат. Бул аларга алдыдагы парламенттик шайлоодо (Жогорку Кеңеш) жеңишке жетүү үчүн белгилүү бир плацдармды (пайдубалды) түзүүгө мүмкүндүк берет ”, - деп эсептейт саясат таануучу.

Ал белгилегендей, негизги күрөш Кыргызстандын борборунда эмес, Кыргызстандын түштүгүндө жүрөт.

«Бишкекте мындай толкундануу жана айыгышкан күрөш жок экенин байкасак болот, бардыгы тынч эле өтөт. Эч кандай одоно жанаситемалуу мыйзам бузуулар, паракорчулук жок, бирок түштүк борбордо кырдаал таптакыр башкача. Эгерде курч күрөш жүрүп кетсе, анда биз аны Ошто байкай алабыз», - деп кошумчалады ал.

Бишкекте эмес Ошто

2020-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда Ош шаарындагы шайлоо участкасы / Sputnik Кыргызстан

Бишкекте бийликчил партиялар үчүн оппозициячыл олуттуу атаандаштар жок. Албетте, оппозиция таптакыр жок деп айтууга болбойт, бирок ал көптөгөн жаңы топторго чачырап кеткен. Ал эми Ата-Мекен, КСДП (КСД) сыяктуу чоң тажрыйбасы бар эскилер - алсырап калышкан дейт Темиркулов.

«Ошондой эле партиялар жеңишке жетишүү үчүн, парламенттик шайлоодон (ЖК) айырмаланып, 7 пайыз чектен өтүү керектигин түшүнүү керек. Жанылардын жене алышы күмөн. Анткени алар добуштарды бөлүшөт жана алардын көпчүлүгү артта калат, ал эми БШКга бийлик колдогон же аларга берилгендер келет», - деп эсептейт саясат таануучу.

Эксперт Ошто кырдаал таптакыр башкача экендигин баса белгилеп өттү. Бул жерде 7 пайыздык чектен сөзсүз өтө турган саясий партиялар бар жана булар оппозициялык саясий уюмдар. Алар бир топ радикалдуу. Алар аймакта олуттуу колдоого ээ. Алардын катарына "Бүтүн Кыргызстан" жана "Улуттар Биримдиги" кирет.
«Ошондуктан, бийлик Ош шаарында активдүү күрөш жүргүзүүгө ыктап жатышат. Ошондуктан биз ошол жакта чыңалууга, паракорчулук жөнүндө билдирүүлөргө, административдик ресурстарды пайдалануу жана башкаларга күбө болобуз. Ушул эле себептен улам, ал жакта 5 партия биригишти: жогоруда аталган эки партияга "Улуу Журт", "Республика" жана "Бир Бол" кошулду", - деди Азамат Темиркулов.

Оппозицияга даярдануу

2020-жылдагы таза эмес өткөн парламенттик шайлоого каршы митинг / Азаттык радиосу

Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоонун өзгөчөлүгү бар. Бул алардын натыйжалары референдум менен өз ара көз каранды экендигинде. Шайлоолордогу күрөш анын жыйынтыгында чагылдырылат.

Эксперттин айтымында, бийликтин алдында шайлоодо кантип жеңишке жетүү жана көпчүлүктү жаңы Конституцияга добуш бердирүү милдети турат. Ал эми оппозиция үчүн бул шайлоо башкача мааниге ээ.

«Алар үчүн бул саясий кырдаалды курчутууга мүмкүнчүлүк. Оппозиция үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык жыйындарына катышуу коомдогу чыңалуунун деңгээлин жогорулатууга көбүрөөк себеп болот. Бул жаңы негизги мыйзамдын кабыл алынбашына көбүрөөк байланыштуу. Бирок, алар кандай болсо дагы Конституция кабыл алынышын түшүнүп, даяр турушканына ишенем», - деп билдирди саясат таануучу.

Анын билдирүүсүнө караганда, оппозиция кандай болгон күндө дагы бийликтин аракетин сындап, кырдаалды курчутуп, шайлоонун жыйынтыгын таза болгон жок деп тааныбайт жана мындай риторика күзгө - парламенттик шайлоого чейин уланат.
«Оппозиция парламенттик шайлоого чейин рейтингин жогорулатуу жана бийликтин рейтингин төмөндөтүү үчүн жергиликтүү шайлоону стратегиялык түрдө плацдарм катары колдонот. Бирок, Жогорку Кеңешке депутаттык мандат алуу алардын башкы максаты деп дагы эсептесе болот. Анткени, жаңы Конституция кабыл алынса, анда депутаттардын ыйгарым укуктары жана таасири кыскарат”, - деп кошумчалады эксперт.

Мунун бардыгы, Кыргыз Республикасында көп болгондой, олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Парламенттик шайлоо айыгышкан күрөш менен коштолуп, бийликтин күч менен алмашуусу менен аяктайт. Балким, ушундай болушу расчет кылынган”, - деп жыйынтыктады Темиркулов.
Саясат таануучу Марс Сариев: “Батыш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде өзүнүн тарапташтарынын болушун каалайт. Ошондуктан, азыркы бийлик менен негизги күрөш парламенттик шайлоодо жүрөт. Төңкөрүш аракети дагы болушу мүмкүн”, - деген кJз карашта экенин билдирди.
Анын айтымында, 11-апрелде өтө турган Кыргызстандын жаңы Конституциясы боюнча референдумдан кийин өлкөдө туруксуздук болушу мүмкүн.
Эксперт белгилегендей, азыр Кыргызстан өтө курч экономикалык кырдаалда турат, ошондуктан ушул жазда социалдык жарылуу болушу мүмкүн.
"Бейөкмөт сектор митингдерге чыгат, ошондуктан бул иш-чаралар пландаштырылып жатканы, алардын артында глобалдык оюнчулар тургандыгы айдан ачык", - деп жыйынтыктады саясат таануучу.

Даярдаган: Азиз Пиримкулов

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
102.46
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
+0.01
TMT
24.23
+0.01
UZS
0.01
+1.25

Аба ырайы

 

+22°C Тегеран
+12°C Москва
+12°C Нур-Султан
+17°C Бишкек
+17°C Алматы
+18°C Дүйшөмбү
+24°C Ашхабад
+20°C Ташкент

Соцсети