• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
55 Категория: Аналитика - Published: 20/03 - 12:08

“Нооруз мажустардын (отко сыйынгандардын) майрамы, аны майрамдаган мусулман, динден чыгып кетет” - деген пикирлер акыркы убакта биздин коомдо улам  айтылып келет.

Негизи эле Нооруз кайдан келип чыккан жана кандай майрам? Нооруз майрамы мусулман өлкөлөрүндө кандай деңгээлде майрамдалат?  Ноорузду мусулмандарга майрамдаса болобу? Ж.б. суроолордун тегерегинде айрым маалыматтарды төмөнкүдөгү макалада нооруздун тарыхчасына көз жүгүртүү менен назарыңыздарга тартуулайбыз.
“Нооруз” майрамы, эң байыркы майрам, анын тарыхы III - VII кылымдардан башталат, кийин, Ахеменид Империясында зароастризм дининин расмий майрамы катары кабыл алынган. Нооруз бул – “нав руз”, перс тилинен которгондо “жаңы күн” дегенди билдирет. Мындайча айтканда “жаңы жыл”, күн календары менен эсептегенде быйыл 21-март 1400-жыл болмокчу. Ошондой эле жаз майрамы, күн менен түндүн теңелген күнү, жаратылыш майрамы катары белгиленет.
Синдден Батыш Азия, Кавказга чейин тарап кеткен бул майрам кийин, Ислам пайда болгондо деле айрым мусулман өлкөлөрүндө майрамдалып келе жатат. Ал эми, 2009-20120-жылдары “Нооруз” маданий мурас катары ЮНЕСКОго катталып, 21-март “Эл аралык Нооруз күнү” болуп, БУУ аркылуу бекитилген.
Нооруз, айрым Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө, Борбор Азия, Батыш Азия, Кичи Азия, Кавказ жана бир канча өлкөлөрдө белгиленгени менен, анын чыккан чордону Иранда өлкөнүн негизги майрамы катары даңазалуу майрамдалат. Ал эми араб өлкөлөрүндө бул майрам белгиленбейт, жада калса тыюу салынган десек жаңылышпайбыз.
Иранда Нооруз жаңы жыл, жаңы мезгил, жаңылануу жана достуктун майрамы катары кабыл алышат. Ноорузда ирандыктардын айрыкча жөрөлгөлөрү болот; бардык жумуштар токтотулуп, азык-түлүк, жер-жемиш, таттууларды арбын сатып алуу менен, майрамды үй-бүлө, тууган-жакындары менен өткөрүшөт. Нооруздун байыркылыгына байланыштуу айрым жөрөлгөлөр уланып келсе, айрым башкалары өзгөртүлгөн. Мисалы от жагып, андан секирүү, дасторконго “шин” тамгасынан башталган 7 нерселерди коюу... Бул нерселердин ар бири кандайдыр бир маанини туюундурган: 1. Шароб (шарап) – кайра жаралуунун; 2. Шир (сүт) – тазалыктын, аруулуктун; 3. Ширин (таттуу) – кубануунун; 4. Шакар (шекер) – канааттануунун, ыраазы болуунун; 5. Шарбат (шербет, шире суулар) – салкындыктын, эс алуунун; 6. Шом (шам, чырак) – жарыкка, отко таазим этүүнүн, сыйынуунун жана; 7. Шона (тарак) – сулуулуктун белгиси.
Кийинчерээк 7 “шин” -  7 “син” болуп өзгөртүлгөн: 1.Сир (сарымсак). 2. Сабза (буудайдын майсасы, көгү). 3. Санжид (жийде). 4. Себ (алма). 5. Сирко (уксус). 6. Сипанд (чөптүн бир түрү). 7. Сухон (бадамдын данеги кошулуп жасалган печенье, коржик). Ошондой эле Нооруздун эң башкы белгиси болуп сүмөлөк (туурасы сумалак) аталат.
Мындайча айтканда, Нооруз бара бара мусулман өлкөлөрүндө зароастризм дининдеги сыпаттардан аздыр-көптүр алыстап, салтуулукка өтүп, маданий улуттук колоритке айланган.


Ошентсе да, бул майрамды диний жактан кескин сындаган мусулмандар да аз эмес. Мунун себеби эмнеде? - Исламда эки улуу майрам: Орозо айт жана Курман айт деп жарыяланганы менен башка майрамдарга тыюу салуу өкүмү чыккан эмес. Тагыраак айтканда, Ислам дини улуттардын каада-салттарына тыюу салган эмес. Албетте, шариятта бир шарт бар, ал: динден чыгып кетпөө шарты. Буга пайгамбарыбыздын (с.а.в) белгилүү хадиси далил боло алат: “Кимде ким башка диндегилерди туураса, анда ал бизден эмес”. Албетте, бул хадистин таржымалы өтө терең.  Кыскасы, “тууроо” бул диний жактан тууроо дегенди туюндурат. Мисалы, кайсы бир диндегилердин майрамын так ошол ээрчигендер сымал майрамдоо же белгилөө, мусулмандардын динине шек келтирмекчи. Ал эми Нооруз майрамы же ошол эле Жаңы жыл майрамы диний майрам болбогондуктан, аны белгилеген мусулман динден чыгып кетти- деген тыянак туура болбойт. Адам баласынын жашоосунда, коомуна байланыштуу бир канча майрамдар болушу мүмкүн; туулган күн, энелер күнү, Эгемендүүлүк күнү ж.б.  Албетте, буларды белгилөө динден чыгарбайт, анткени булар диний күн эмес, тек гана биздин салтыбызда майрамдалып калган күндөр. Ошентсе да, динди бекем кармангандар бул майрамдарда, арам болгон нерселерди пайдалануудан алыс болуулары абзел.  


Даярдаган: Каныкей Жаманкулова

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.57
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+23°C Тегеран
+6°C Москва
+1°C Нур-Султан
+21°C Бишкек
+21°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+22°C Ашхабад
+18°C Ташкент

Соцсети