• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
395 Категория: Аналитика - Published: 16/03 - 14:29

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Ирандын Бандар-Аббас шаарындагы Эркин экономикалык зонада (ЭЭЗ) участокко ээ болгон биринчи өлкө болгон.

Ал Кыргызстандын деңизге жана транспорттук артерияларга чыгуусуна мүмкүнчүлүк берген. Бул тууралуу Кыргызстандын Ирандагы экс-элчиси Медеткан Шеримкулов «Eurasia Today» агенттигине берген маегинде билдирди. «Ирандын түштүгүндөгү деңиз жолдорунда Бендер-Аббас жана Чабахар деген эки ири порт бар.  Деңиз жана темир жол аркылуу сооданын негизги бөлүгү Бендар-Аббас аркылуу өтөт. Бул портто Иран чет элдик инвестицияларды тартууну каалаган Эркин экономикалык зона бар. Мен Иранга элчи болуп дайындалганда, биринчи кезекте дал ушул деңиз портуна бардым», - дейт кыргыз дипломаты.

Кыргыз Республикасынын Ирандагы экс-элчиси Ирандын жаңы Чабахар порту Иран аркылуу Борбордук Азия менен Индиянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн негизги транзиттик жана транспорттук коридорлорунун бири болуп калышы мүмкүн деп эсептейт. Ал Евразия үчүн ири транзиттик хаб болуп калышы мүмкүн. 2019-жылдын январь айында эле Самаркандда өткөн Борбордук Азия жана Афганистан өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда, темир-жол маршруттарын Ирандын Чабахар порту менен байланыштыруу идеясы айтылып, бардык Борбордук Азия өлкөлөрүнүн катышуусунда консорциум түзүү сунушталган. Ал региондун транзиттик жана транспорттук потенциалын жогорулатат.

Шеримкуловдун айтымында, бул идеяны ишке ашыруу жүктөрдү Борбор Азия – Индия багытында ташууга мүмкүндүк берет. Өз кезегинде, бул регинон өлкөлөрүнүн Иран менен да, Индия менен да соода-экономикалык мамилелерин бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Келечекте Чабахар порту курулуп жаткан Чабахар-Захедан темир жолу жана «Түндүк-Түштүк»  – «Казахстан – Түркмөнстан – Иран» коридорунун чыгыш темир жол линиясы аркылуу Каспийдин транспорттук тутуму менен туташтырылышы мүмкүн.

«2007-жылы ирандык кесиптештерим менен жеке мамилелерим жакшы болчу, ушул себептен Бендер-Аббас Эркин экономикалык аймагынан Кыргызстанга жалпы аянты 7 гектарды түзгөн жер тилкесин бөлүп берүүнү макулдаштым. Ал стратегиялык эл аралык «Шахид Раджаи» деңиз портунан бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан, ал эми жакын жерден темир жол өтөт. Ошол учурда, Бендер-Аббастын Эркин экономикалык зонасында бир дагы КМШ өлкөлөрүнүн, ал тургай Орусиянын мындай участогу болгон эмес. Бул аймакта биз завод, цех, кампалард ж.б. кура алмакбыз», - деп билдирди Шеримкулов.

Анын айтымында, жер Кыргызстанга берилгенде, ал бир нече жолу Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти К.Бакиевге отчет берип, кат жазып, бул участокту өздөштүү керек жана анын негизинде Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн долбоорду ишке ашыруу керектигин билдирген. Алгач өлкө жетекчилиги ага кызыгуусун көрсөткөн, бирок эч нерсе жасалган эмес.

Дипломаттын айтымында, Индия ошондой эле участокко 1 миллиард доллар, малайзиялыктар 700 миллион доллар салып, ал жакта ишканаларды ачкан, Түркия заводдорду курган, бир гана Кыргызстан эч нерсе жасаган жок. “Биз ал жерге жөн гана кампаларды куруп, аларды ижарага берсек болот эле, бул кыргыз мамлекетине көп киреше алып келмек”, - деди Шеримкулов.  

“Орусиялык ишкерлер жеке мени менен биргелешкен ишкана түзүү сунушу менен кайрылышты. Албетте, мен баш тарттым, анткени бул жер Кыргызстанга таандык болгон жана мамлекеттик ишканаларга арналган”- , деди ал.

«2010-жылдагы революциядан кийин мен Роза Отунбаевага, андан кийин Алмазбек Атамбаевге кайрылдым, бирок бир дагы президент эч нерсе кылган жок. 2012-жылы мени Ирандан чакыртып алгандан кийин, Кыргызстан бул участокту жоготту. Кыргыз аткаминерлеринин кош көнүлдүгүнөн жана жемкорлугунан улам, кыргыз экономикасы өзүнүн өнүгүүсү үчүн мындай сейрек мүмкүнчүлүктү жоготуп алгандыгы өкүндүрөт», - деп сөзүн жыйынтыктады Шеримкулов.


Материалды даярдаган Азиз Пиримкулов.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.57
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+23°C Тегеран
+6°C Москва
+1°C Нур-Султан
+21°C Бишкек
+21°C Алматы
+22°C Дүйшөмбү
+30°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети