• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
421 Категория: Аналитика - Published: 07/03 - 17:57

БИШКЕК, 7-март. — Eurasia Today. Дүйнөдөгү, аймактагы коопсуздук маселеси жакшы эмес. Россия-Украина тирешүүсү белгисиздик абалды жаратса, АКШ баштаган Батыш саясий-экономикалык жаңы жүрүштөрдү жасаганга өттү.

Ушул ж. б. туурасында саясат таануучу, геосаясат боюнча адис Марс Сариев менен маектештик.

— Марс мырза, Россия менен Украинанын ортосундагы кагылышуу же атайын операция деген туңгуюкка кептелди. Россия көп адамдарды мобилизациялаган менен сезилерлик жеңишке жетишпей жатат, позициялык салгылашуулар гана болууда. Эки тарап тең бири-бирине ультиматумдук талаптарды коюшууда. Бул эми эмне менен аяктайт деп ойлойсуз? Же бир канча жылдарга чейин созулабы?

— Ооба, чынында эле позициялык согуш уланууда. Азыр баары Кытайдын кандай позицияны карманганына жараша болгону турат. Азыр так чечиле элек болсо да, Кытай согуштук куралдар менен камсыз кылууга ниеттенүүдө. Эгерде Россияга курал-жарактарды, дрондорду бере баштаса, анда абал кескин өзгөрөт. Муну менен Кытай Россияга аябай жардам бералат. Бирок азырынча позициялык согуш жүрүп атат, мындай абалдын улануусу Борбордук Азияда дестабилдүүлүктүн башталышын жаратышы ыктымал. Себеби, Россияга да, Украинага да артыкчылык бербей жаткан позициялык согуштун натыйжасында Украина чегинүүгө барса, анда Батыш экинчи фронтту ачып, бул Борбордук Азияга террористтик топтордун кирүүсүн шарттабай койбойт. Бул согушчандардын Тажикстан аркылуу Фергана өрөөнүнө кирүүсүн шарттайт. Тажикстандын Баткен облусу менен чектешкен аймагында ЖККУнун 20 миң адамдан турган террористтик тобу даярдыкта турат. Алардын арасында Сириядан алып келинген согушчандар да бар. Ошондуктан Россия-Украина салгылашуусунда Россиянын позициясы жакшырса, анда Борбордук Азия аймагына коркунуч жаралышы толук мүмкүн. Мында Кытай экинчи фронттун ачылышына кызыкдар эмес. Анткени, Борбордук Азия аймагында абал дестабилдешсе, Кытайдын Синьцзянында абал татаалдашат, балким, Тибеттеги сепаратисттик топтор да баш көтөрөт. Ал эми анын жанында кытай бийлигине баш оору алып келчү Сычуань бар. Ошол себептен Кытай өткөн жылдын 30-декабрында эле резервисттерге мобилизция жарыялаган, ал ушул жылдын 15-майында аяктайт. Кытай муну менен Борбордук Азиядагы мүмкүн болчу дестабилдик абалга даярдык көрүүдө. Мындай шартта Кытай Россияны колдобой коё албайт, Россиянын жеңилүүсү негизги өнөктөшүнөн ажыратат. Кытай Россияны ички тылы катары карайт, Россия-Украина тирешүүсүнүн экинчи этабы АКШ баштаган Батыштын Кытай менен тирешине алып келиши ыктымал.

— АКШнын, Батыштын Украинага жардамы тамчы түрүндө болуп жаткансыйт. Алар ”Украинага канча керек болсо, ошончо жардам көрсөтөбүз” дешет, АКШ ленд-лиз жөнүндө атайын мыйзам да кабыл алды, бирок эскалация деген шылтоо менен ракеталарды, учактарды бербей жатышат. Алардын чыныгы максаты “бири-бириңерди канчалык көбүрөөк өлтүрсөңөр, ошончолук жакшы” дегендей болуп жаткансыйт. Пекиндин тынчтык демилгесине чындап көңүл деле бурушпады. Буга көз карашыңыз кандай?

— Туура белгиледиңиз, Батыш Украинага өтө этияттык, сактык менен жардам берүүдө. Массалык түрдө жардам бере элек, авиация, узакка жетчү артиллерия жагынан колдоо көрсөтө элек. Себеби, Батыш Россияны экстраординардуу кадамдарга түртүүнү каалабайт, б. а. Россиянын тактикалык өзөктүк куралды колдонуусунан чочулайт. Украинанын бат жеңишке жетүүсү Батыштын кызыкчылыгына туура келбейт, Россиянын ыдырап кетүүсүнөн кооптонот. Андай болгон учурда Россиянын ичинде жарандык согуштун оту тутанышы мүмкүн. Россиянын ичинде ЖАКтар (частная военная компания) бар, жарандык согуш болуп кетсе, өзөктүк курал кимисинин колунда болуп калары белгисиз. Күтүлбөгөн, кооптуу кырдаал жаралат. Ошондуктан Батыш өтө этияттыкта курал-жарактар менен камсыз кылууда.

Албетте, мында Батыш Россия менен Украинанын адамдык жана материалдык ресурстарынын түгөнүп, эки өлкөнүн алсызданып калышына кызыкдар. Ошол эле мезгилде Батыш Россиянын биротоло жеңилүүгө учураганын каалабайт. Батыштын кызыкчылыгына Россиянын Түндүк жана Түштүк Кореядай болуп тынчтык сүйлөшүүлөргө баруусу ылайык келет. Россиянын ээлеп алган аймактары боюнча Батыш Россиянын Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөргө баруусун каалайт. Бирок Зеленский каршы болуп атат, мындай тынчтык келишимге баруу Украинанын бөлүнүп-жарылуусуна алып келет. Зеленскийдин, анын командасынын саясий жолуна чекит коёт. Ошондуктан Зеленский андай вариантка каршы болууда. Ушул ж. б. себептерден улам Батыш массалык түрдө жардам бербей карманууда.

Кытайдын 12 пункттан турган планы (тынчтык демилге) декларативдүү мүнөзгө ээ. Бул план Россияга жакканы менен Батышка да, Украинага да ылайык келбейт. Бул жагдай Кытай бийлигин так позицияны карманып, Россияга жардам көрсөтүүгө түртүүдө. Бул – Кытай Россияга артиллериялык куралдарды, дрондорду бере баштайт деген ыктымалдуулукту жогорулатат. Бул ишке ашырылса, анда Россия арсеналын толтуруп, аскердик абалын кыйла жакшыртат.

— Сиз бир сөзүңүздө жакында Кытай Россияга курал-жарактан жардам бере баштайт деген ойду айтыпсыз. Ага эрегишип НАТО Украинага жардамды күчөтсө, “атайын операция” дегени чоң согушка айланып кетпейби? Молдовада да тынч эмес.

— Менимче, НАТО Россия менен түздөн-түз тирешүүгө кызыкдар эмес. Молдова менен эч кандай эксцесс болбойт. Россиянын армиясы Молдовага кирбейт. Батыштын Украинага чектелген көлөмдө курал-жарактарды берүүсү, ошондой эле Кытайдын да Россияны куралдандырууда этияттануусу үчүнчү дүйнөлүк согушка алып барбайт. Кырдаал негизинен ушундай позицияда кала берет. Албетте, Россия көптөгөн адамдык жана материалдык ресурстарын жоготот. Украина боюнча деле ушуну айтууга болот. Бирок бул абал НАТО менен Россиянын түз согушуусуна алып барбайт. Бул бардык тараптар үчүн ыңгайлуу эмес, кырдаалдын ага жетүүсүн эч бир тарап каалабайт.

— Аз күн мурда АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Астанага, Ташкентке келип, аталган өлкөлөрдүн президенттери, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолукту. Анын күтүлбөгөн иш сапарынын чыныгы максаты эмнеде болду деп ойлойсуз?

— Блинкендин Астанага, Ташкентке болгон иш сапары Борбордук Азия өлкөлөрүн Батыштын таасирине өткөрүүгө багытталган. Блинкен санкциялаштырылбаган товарларды, атап айтканда, микрочиптерди Борбордук Азия өлкөлөрү аркылуу Россияга ташуу маселесин көтөрдү. Ага каршы чаралар көрүлөрүн айтып, жадакалса эмбарго да киргизилерин эскертти. Жөнөкөй тил менен айта турган болсок, Блинкендин сапарынын жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнө кысым көрсөтүлүп, саясий багыттарын аныктоо керектиги, АКШны, Батышты колдоого алуу зарылдыгы айтылды десек болот. Бирок ага карабай Борбордук Азия өлкөлөрү нейтралдуу позицияны карманышат. Ага себеп, аймактагы өлкөлөр Россия, Кытай менен саясий-экономикалык жактан тыгыз байланышкан. Ал эми Кытайдын позициясы акырындан Россия тарапка ооп баратат. Аны баарыбыз көрүп, билип, байкап атабыз. Ошондуктан 5+1 форматтагы жолугушуу нейтралдуу позицияда өтүп, Борбордук Азия өлкөлөрү буга чейинки позицияларын сактаганга аракет кылышат. Ал позицияны АКШнын ар кандай кысым, басымдары, опузалоолору да өзгөртө албайт.

— Түрк тилдүү өлкөлөрдүн өз ара саясый, экономикалык жана гуманитардык байланыштары, мамилелери жылдан жылга жакшырып, жалпы тектештикке негизделген интеграция күчөөдө. Аны жакында болуп өткөн Түркиядагы зилзала да көрсөттү. Бул шериктештиктин келечеги кандай болот деп ойлойсуз?

— Туура, Борбордук Азиядагы түрк тилдүү өлкөлөр координацияга келишип, Түркияга чоң жардам беришти. Азырынча Түркия акыркы болуп өткөн жер титирөөлөрдөн, андан жоготкон адамдык жана материалдык жоготуулардан кийин активдүү саясаттан четтеп турат. Ушул жылдын 14-майындагы Түркиядагы шайлоо Эрдоган үчүн аябай көйгөйлүү, оор болот. Менин ишенимимде, ал өзүнүн позициясын, ордун сактап калат. Баары бир Түркия азырынча өздөрүнүн ички иштери менен алек. Ураган үйлөрдү, чарбалык объектилерди калыбына келтирүү, алдыдагы шайлоого даярдыктарды көрүү менен алек болууда. Ошондуктан Түркиянын Борбордук Азиядагы жана Кавказдагы саясий активдүүлүгүн көрбөйбүз. Түрк тилдүү өлкөлөр Борбордук Азиянын алкагында координацияга келишип, саясий багытта иш алып бара беришет. Түркия убактылуу четтеп турат.

— Быйыл Кыргызстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун, Камбар-Ата‑1 ГЭСин Казакстан, Өзбекстан менен биргелешип куруу боюнча чоң долбоорлорду ишке ашырууну баштаганы жатат. Аларга Кыргызстан каражатты кайдан табат? Алардын толук ишке ашарына ишенесизби же ички, сырткы таасирлерден улам үзгүлтүккө учурап, кийинкиге калтырылабы?

— Темир жолдун курулушу долбоор боюнча жайдын ортосунда башталышы керек. Техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭО) даяр. Бул маселе азыр курч турууда. Кытай тарап темир жолду курууга кетчү каржылык чыгымды тең ортодон кылууну сунуштады. Бирок Кыргызстандын каржысы жок. Менимче, Кытай өкмөтү жол табат деп ойлойм, Кыргызстанга насыя бериши мүмкүн. Темир жолду иштетүүдөн түшкөн каражат менен насыядан кутулуу шарты менен берилет го деп ойлойм. Темир жол ишке кирсе, транзиттен эле Кыргызстан жылына 200 млн доллар пайда көрө алат. Кыргызстан насыя алуу жолу менен гана долбоордун курулушуна катыша алат, башка каржылык ресурс жок.

Албетте, башка варианттар да каралат. Анын ичинде Кытайга концессияга Жетим-Тоону берүү вариантын жокко чыгарууга да болбойт. Балким, башка кендер да каралышы ыктымал. Бирок бул аябай саясатташкан тема болгону үчүн кыргыз бийлиги мындай маселени көтөрүүдөн чочулашат. Андан көрө бул кендерди Кыргызстан өзү иштетип, концентратты Кытайга сатуу вариантын тандаган оң.

Мында бир жагдайды белгилеп кетким келет. Түркияга, андан ары Европага чыгуучу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу глобалдык оюнчулардын кызыкчылыктарына туура келбейт. Ошон үчүн долбоорго тоскоолдуктарды жаратуу үчүн Батыштын атайын кызматтары тарабынан координацияланган Ооганстандагы террористтик топтордун аймакка кирүү коркунучу бар. Анын үстүнө Ооганстандын ичинде абал курч болуп жатканда, бул жаңы башаламандыктарды жаратпай койбойт. Учурда Ооганстанда Кытайдын, Япониянын, Сауд Арабиянын, Катардын элчиликтери жабылды. Азырынча Россиянын элчилиги ишин жүргүзүп атат. Кытайдагы резервисттерди мобилизациялолоо кампаниясы да жөн жерден болгон жок. Себеби, Кытай кырдаалдын курчуп, анын Синьцзянга өтүп кетүүсүнөн кооптонууда. Мындай шартта Кыргызстан кырдаалга тыкыр көз салып, Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон иш-аракеттерин координациялоосу зарыл. Байкап атсаңыздар керек, мындай абалдын фонунда Тажикстан менен болгон мамиле жумшарып баратат. Тажикстандын бийлиги да Түштүктөн болчу коркунуч реалдуу экенин жакшы түшүнүүдө. Ошондуктан Кыргызстан менен болгон конфликтке чекит коюп, алаканы жөнгө салууну ойлоно баштады. Белгилей кетчү дагы бир жагдай, ЖККУнун алкагында аскердик окуу Арменияда өтүшү керек болчу. Бирок Армения өткөрүүдөн баш тартып, Кыргызстан өзүнүн аймагында өткөрүү каалоосун билдирди. Бул чек ара аймактарындагы абал кооптуу экенине дагы бир далил.

Маектешкен Мирлан Дүйшөнбаев.

Булак: "Жаңы ордо" гезити.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети