БИШКЕК, 6-март. — Eurasia Today. АКШ, НАТОго кирген өлкөлөр, алардын сателлиттери Россияны саясый, экономикалык жана каржылык жактан ширидей кысып баратышат. Алар жакында 10-пакеттеги санкцияларын киргизишти.
Россиянын экономикасы начарлоодо. Мурда Россия бюджеттик кирешесинин 70 пайызга чейинкисин нефти, газ, темир, жыгач материалдарын сатуудан алса, алардын дээрлик баардыгын экспорттоого тыюу салынды. Батыш өлкөлөрүнөн Россияга инновациялык мааниси бар технологиялар түгүл, учактардын, автоунаалардын тетиктерине, смартфондорго, кулакчындарга, микроволновкаларга ж. б. чейин экспорттоо токтоду. Алардын бир бөлүгүн тымызындан Түркия менен Борбордук Азия өлкөлөрү Россияга реэкспорттоп келишсе, Еврошериктештик бул жакты да текшерип, тыюу салынган товарлар кандай жолдор менен Россияга барып жатканын териштире баштады.
Батыштын Россияга киргизген санкцияларын Борбордук Азия өлкөлөрү анын ичинде Кыргызстан ыкчам пайдаланып, ишкерлерибиз пайда көрүп алышканы чындык. Смартфондорду, тетиктерди, кулакчындарды, жардыргыч шнурларды ж. б. айтпай эле коёлу, өткөн жылы Кыргызстандын Батыш өлкөлөрүнө жыгач материалдарын экспорттоосу 18 миң эсе көбөйүптүр. Албетте, акылдуулар Россиянын фирмалары менен сүйлөшүп, алардын жыгачтарын өздөрүнө «оформить» этип, Батыштагыларга сатып жатышканын мактоо гана керек. Андай эптүүлөр өздөрү да пайда табышууда, бюджетке да тийиштүүсүн түшүрүшүүдө, бир сөз менен айтканда, өткөн жылы экономикабыздын 7 пайызга өскөнүндө андай эпчил жигит-кыздардын салымдары да бар.
АКШнын, анын сателлиттеринин Россия менен Украинанын ортосундагы кандуу кагылышууларды тынчтык жол менен токтотууга таптакыр кызыкдар эместиги, тескерисинче, алар кагылышууларды күчөтүү жолу менен Россиянын экономикасын, каржылык системасын кыйратууну гана көздөп калышканы ачыкка чыкты. Кытайдын кагылышууну токтотуу боюнча демилгесин Россия да, Украина да позитивдүү кабыл алды, бирок НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, андан кийин Германиянын коргоо министри Борис Писториус Кытайга ишенбей турганын билдиришти. Мурда тынчтыкка байланышкан демилгелерди колдоп келген АКШнын өкмөтү реакция жасабады. Кытайдын 12 пункттан турган тынчтык демилгесинин мазмуну эмнеде экени белгисиз, азырынча аны кызыкдар өлкөлөрдүн адистери, жетекчилери изилдеп үйрөнүшүүдө. Бирок, Кытайдын демилгесинин ишке ашуусуна НАТОдогулар кызыкдар эместиги толук ырасталды десек болот.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Астанага, Ташкентке жасаган иш сапарын ушул өңүттөн кароо керек. Анын алдында Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары С. Рябков “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн НАТОго кирген өлкөлөр менен жакындашуусу жемиштүү болбой” турганын билдирген. Же андай көрүнүштү Россия жактырбай турганын айткан. Э. Блинкен ЖМКлар үчүн жасаган билдирүүсүндө; кызматташуу, көз карандысыздыктарын урматтоо жөнүндө трафареттик сөздөрдү айткан менен санкциялык тизмедеги товарларды Россияга реэкспорттоону токтотууну талап кылып, антпесе андай иштер менен алектенгендер да санкцияга кирип калышы мүмкүн экендигин эскертип, Украинаны активдүү колдоого чакырганы талашсыз.
Ошентип киреше табуунун дагы бир жолу жабылып, Батыштагылар акырындап бизди да кысмакка ала тургандай болуп баратат. Бирок, алар опузалоо үчүн айрым ишкерлерди эле кара тизмелерине түшүрүшпөсө, Борбордук Азиядагы өлкөлөргө оңой менен санкция киргизишпейт. Антишсе, Борбор Азия өлкөлөрүн Россиянын кучагына түрткөндөй болуп каларын жакшы билишет. Биздин Батыш өлкөлөрү менен сезилерлик соода, экономикалык мамилелерибиз деле жок. Негизги өнөктөштөрүбүз: Кытай, Россия, Өзбекстан, Казакстан, Түркия. Бирок, Россиянын экономикасынын мындан ары начарлоосу экономикабызга аябагандай чоң терс таасирин тийгизээри талашсыз. Анткени, Россиянын экономикасы начарласа, ага кошо рублдин куну да түшө баштайт. Өткөн жылы рублдин сомго карата куну 1, 45 сомго чейин чыкса, акырындап, бирок ишенимдүү төмөндөп отуруп 1,15 сом болуп калды. Ал эми элибиздин басымдуу бөлүгүнүн турмуш-тиричилик акыбалдары, сатып алуу жөндөмдүулүктөрү рублге көз каранды экени эч кимге жашыруун эмес. Өткөн жылы мигранттар которгон акча 3 миллиард долларга жакынды түздү. Рублдин курсу оптималдуу деңгээлде туруктуу сакталса, быйыл 3,5 миллиард долларды чапчымак, мүмкүн андан да ашып кетмек. Бирок, санкциялар Россияда эмиссияны, ага кошо инфляцияны көбөйтүп, рублдин кунун кетире берсечи?
Россия менен Украинанын ортосундагы кандуу кагылышуулар токтосо деле, Россиянын экономикасынын жакынкы жылдарда кайра ордуна келиши кыйын болуп калды. Саясый чоң себептер болсо, жамааттык санкцияларды киргизүү оңой, бирок кайра алардын алынышы абдан кыйын. Анткени, Еврошериктештиктеги бир өлкө каршы болсо эле ал алынбай тура берет. Ал эми Еврошериктештикте, Э. Набиуллина айткандай, Россияга түбөлүк санкциялардын киргизилишин каалаган, ага түбөлүк душманга айланган өлкөлөр да бар. Демек, Россия менен кошо биз да экономикалык чоң сыноолорго тушукканы турабыз.
Бизди мына ушул маселе көбүрөөк тынчсыздандырат жана ойлондурат.
Мирлан Дүйшөнбаев.
Булак: "Жаңы ордо".
Валюта курсу
Аба ырайы