• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
3242 Категория: Аналитика - Published: 09/12 - 17:32

БИШКЕК, 9-декабрь. — Eurasia Today.  Батыш басылмалары Ирандагы нааразылык акцияларын ирандыктардын демократиянын батыштык версиясын каалап жатканынын “далили” катары көрсөтүүдө. Ал эми Иран өз алдынча саясат жүргүзгөн, өз кызыкчылыгын көздөгөн, эч кандай компромисске баргысы келбеген алдыңкы аймактык державага айланып баратат.

Бул тууралуу россиялык тарыхчы, саясат таануучу, эксперт Станислав Тарасов баяндама жасады.

АКШнын Иран боюнча атайын өкүлү Роберт Малли Bloomberg агенттигине берген маегинде укмуштуудай билдирүү жасады.

Анын айтымында, АКШ "Ирандын өзөктүк программасы боюнча биргелешкен комплекстүү аракеттер планы боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону жактабайт", андан көрө Иранда болуп жаткан нааразычылык акцияларына, ошондой эле Тегеранга таандык курал-жарактардын Россияга жеткирилип жатканы боюнча айтылган маалыматтарга көңүл бурат. Ал ошондой эле Вашингтон "иран элинин негизги мүдөөлөрүн колдоого" умтулуп, абалдын нугун бурууга ниеттенип жатканын айтты.

Буга чейин Америка президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливан CNN телеканалына маек берип, ирандык активисттер менен жолугушканын ачык-айкын айткан. Ал ирандык активисттер менен "өлкө ичинде иш алып баргандарга колдоо көрсөтүү, Ирандагы нааразылык акцияларын колдоо үчүн АКШ дагы эмне кылышы керектиги боюнча” алардын пикирин угуу максатында жолугушканын моюнга алды.

Эске салсак, АКШнын президенти Жо Байден 4-ноябрда Вашингтон "жакында Иранды бошотот" деп айтып, "алар жакында өздөрүн өздөрү бошотот" деп кошумчалаган.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Байдендин Иранды “боштондукка чыгарабыз” деген убадасына жооп кайтарып, Тегеран боштондукка 43 жыл мурда эле чыкканын айткан. 

"Иран мындан 43 жыл мурда эле бошотулган жана мындан ары силердин туткунуңарга түшпөөгө чечкиндүү. Тегеран эч качан Кошмо Штаттары үчүн "Саан уйга" айланбайт", - деген Раиси элдин алдында сүйлөп жатып.

Белгилей кетсек, мындан 43 жыл мурда, 1979-жылы 11-февралда Иранда Ислам революциясы жеңишке жеткен.

Израилде, АКШда, Европа өлкөлөрүндө диаспора өкүлдөрү Ирандагы “режимдин” өзгөрүшүн колдорун билдиришүүдө. Ушундай эле билдирүү менен АКШда жашаган, Ирандын акыркы шахы Реза Пехлевинин улуу уулу да чыккан.

Ал эми чындап эле бир нече жумадан бери нааразылык акциялары жана баш аламандыктар уланып жаткан Тегеранда мындай аракеттер “өлкөдөгү өкмөттү кулатууга же жарандык согушту тутандырууга чакырык” катары бааланууда.

Буга чейин Иранда мындай окуялар болуп келген болсо да, бул жолу нааразылык акциялары узагыраак мүнөзгө ээ боло баштады. Объективдүүлүк үчүн белгилей кетсек, дээрлик жарым кылымдан бери батыштын санкцияларынын кысымы астында жашап жаткан өлкөдө калктын белгилүү бир бөлүгүнүн нааразылык билдирүүсүнө олуттуу социалдык-экономикалык себептер бар экени талашсыз. Тышкы коркунуч факторлору өлкө бийлигинин экономикада реформаларды жүргүзүүсүнө тоскоолдук кылууда.

Бирок алар экономикада “мындан ары да Исламдын негизинде эксперименталдык ыкмаларды колдонууну улантуу, же акырындык менен батыштын рыноктук экономикалык стандарттарынын принциптерин киргизүү” деген реформанын сценарийин ишке ашыруу боюнча принципиалдуу маселеге учурда да туш келип отурушат.

Ирандын башкаруучу элитасынын азыркы “гибриддик” интеллектуалдык абалы өлкөдөгү саясий окуялардын жүрүшүнө таасир этип келген жана учурда да таасирин тийгизип жатат. Бул Батыш эксперттерине аны реформаторлор жана консерваторлор деп аталган эки лагерге бөлүүгө мүмкүндүк берүүдө.

Бирок, Батыш Иранда болуп жаткан тирешүү чындыгында өлкөнүн мындан ары батыштын версиясы менен өнүгүүсү үчүн эмес, Ислам моделинин алкагындагы көз карашты талкуулоо форматында болуп жатканын эске албай жатат.

Иранда башка көптөгөн аспектилер менен катар өлкө боюнча кирешенин бирдей эмес бөлүштүрүлүшү менен байланышкан демографиялык фактор активдүү түрдө байкала баштады. Өлкөдө ири шаарлар, деңиз жээгиндеги райондор жана перстер мекендеген, мунай өндүрүлгөн аймактарда ички региондорго, айыл жерлерине жана азчылыктар жашаган аймактарга караганда киреше деңгээли жогору.

Ошол эле учурда, кээ бир маалыматтарга караганда, өлкөдөгү перс калкынын үлүшү башка жамааттарга салыштырмалуу төрөттүн азайышынан улам азайып баратат, бул саясий кырдаалга таасирин тийгизүүдө. Этникалык азчылыктардын арасында сепаратизмге карай трансформация элементтери менен улуттук идентификацияны аныктоо процесстери күчөй баштады. Өлкөдө үстөмдүк кылуучу шииттик идеологиялык кабыгын этникалык фактор аркылуу жарып чыгуу аракеттери көрүлүп жатканына карабастан, өлкөнүн шииттер эмес, суннилер жашаган бөлүгүндө нааразычылыктар көбөйүп жатканы бекеринен эмес.

Эң чоң нааразылык акциялары күрт жана түрк калкынын пайызы жогору болгон түндүк-батыштагы шаарларда өттү. 2019-жылы ири мунай кени табылган, арабдар жашаган Хузестан провинциясында оор кырдаал түзүлүүдө. Бул аймак Ирак менен чектеш жана Перс булуңуна чыгат жана ал жака АКШ менен Британиянын деңиз күчтөрү жайгаша алуусу мүмкүн болгондуктан коркунучтуу.

Албетте, азыркы ислам түзүмүнүн туруктуулугуна шек келтирген социалдык-демографиялык факторлор абдан көп. АКШ армиясынын атайын операциялар боюнча мурдагы офицери Скотт Беннеттин айтымында, Батыш Ооганстанда, андан кийин Иракта башаламандык жаратып, улуттук ресурстарды уурдоо үчүн өлкөнү аймактарга бөлгөндөй, Иран мамлекетинин, диний жана аскерий секторунун абсолюттук башаламан кыйроосуна толугу менен чечкиндүү түрдө
Иран менен Ооганстандын жалпы тарыхый өтмүшү бар. Демек, учурда Ирактын түндүгүндөгү күрт багытында болуп жаткан башаламандык сыяктуу, Ооганстандагы жарандык согуш Ирандын аймагына өтүшү мүмкүн.

Систан-Белужистан провинциясындагы билдирүүлөр Иран-Пакистан чек арасынын аркы тарабындагы белужилердин нааразылык кыймылы менен коштолууда. Азербайжандан тараптан да кооптондурган билдирүүлөр жасалууда.
Ошентип, Ирандын жанындагы ар кайсы флангтардан потенциалдуу тышкы коркунучтардын очогу пайда болууда. Мындан тышкары, кайсы бир күчтөр өлкөнүн ичиндеги кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттерин көрүп жатат.
Баары бир сценарий боюнча жүрөт, бирок маанилүү нюанс бар. Иранга кол салуу Москва-Тегеран согуштук-саясий огу тузулуп, Ирандын Кытай менен тыгыз союздаш болуп жаткан мезгилде жасалып жатат.

Атлантисттер бир жагынан бүткүл Жакынкы жана Борбордук Чыгыштан баштап Закавказье жана Борбордук Азияга чейин, ошондой эле Пакистандагы кеңири географиялык диапазондо туруксуздуктун өсүшүнө өбөлгө түзө турган жаңы конфликттерди тутандырууну көздөп жатышат.

Экинчи жагынан, Тегеран өзүнүн геосаясий туруктуулугун жана мамлекет катары өзүн-өзү камсыз кылуу үчүн тыштан күчтүү колдоо ала баштады жана бул анын тышкы саясаттагы жүрүм-турумуна жана күчтөрдүн жаңы тең салмактуулугун издөөсүнө таасирин тийгизүүдө.

Натыйжада, Батыш тарыхый жаңы саясий, экономикалык жана геосаясий кызыкчылыктардын топтомун жактап жаткан Иранды уламдан-улам жоготуп жатат. Демек, атлантисттер кечигип калышты. Мындан тышкары, өлкөдө болгон саясий моделдин ресурсу түгөнө элек.

Учурдагы нааразылык акциялары салттуу саясий-экономикалык факторлор жана “гендердик компонент” менен күчөп жатат.  Ошондуктан Батыш Ирандын өзөктүк программасын калыбына келтирүү менен нааразылык акцияларынын өз ара көз карандылыгын аныктай албай жатат.

Ал эми өзөктүк программадагы кызыкчылыктардын корголушу, АКШнын аймактагы таасиринин алсырашы, Сириядагы өкмөттүк аскерлердин жаңы жеңиштери, Вашингтондун араб союздаштары менен тиреши, Ооганстандан америкалык аскерлердин чыгышы жана ооган маселесин жөнгө салуу перспективалары сыяктуу тышкы өңүттөр Иранга жагып турат. Ошентип, учурда Иран өз алдынча саясат жүргүзгөн, өз кызыкчылыгын көздөгөн, эч кандай компромисске баргысы келбеген алдыңкы аймактык державага айланып баратат. Батыш муну менен эсептешүүгө аргасыз болот.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.58
0.00
EUR
94.27
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.06
0.00
TJS
8.03
+0.01
TMT
25.03
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+7°C Москва
+19°C Астана
+26°C Бишкек
+24°C Алматы
+30°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+30°C Ташкент

Соцсети