БИШКЕК, 21-ноябрь. — Eurasia Today. Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарынын ишкерлери көмүрдү автоунаа менен ташууга киргизилген убактылуу чектөөнү токтоосуз түрдө алып салууну талап кылышууда.
Анткени, мунун кесепетинен «кара алтын» баасы аймакта кескин түрдө төмөндөп, булардын үй-бүлөсүн баккан соодасы дагы таптакыр жүрбөй калды. Бирок, жергиликтүү бийлик мындай чектөө жергиликтүү калкты арзан отун менен камсыдоо максатында гана жасалып жаткандыгын айтып келатышат.
Кенчилердин айтылуу Сүлүктү шаарынан көмүр ташыган айдоочулар жана аны керектөөчүлөргө соодалашкан жеке ишкерлер “кара алтын” ташууга чектөө киргизилгенден тартып, анын баасы кескин түрдө төмөндөп кеткендигине кейип-кепчишүүдө.
- Ишкерлерибиз ушул жылдын сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу – жаңжал кезинде жергиликтүү калкты куп гана колдодук, эй! – деп тызылдады сүлүктүлүк бизнесмен Замирбек Мурзалы уулу. – Анткени, көмүрчүлөр бир жылдык кирешесин чек ара чырынан абдан катуу жапа чеккендерге каралашып, бүтүндөй ошолорго деп гана сарптап ийишти. Дал ошондон кийин кашайып моминтип чек араларды күтүүсүз жаап, баарыбызды тең кашайтып жатышпайбы…
Мындай күтүүсүз чектөө, танып не ишкерлерибизге гана эмес, ошондой эле айдоочуларга, шахтачыларга жана дагы жергиликтүү калкка дагы кесепетин тийгизди.
- Сүлүктү шаарында биз ушул көмүр менен гана эптеп жансактайбыз. Калаабызда тээ Союз маалындагыдай өндүрүш (завод жана фабрикалар) жок. Демек, жергиликтүү тургундар – баарыбыз тең ушул тапта жумушсузбуз! – деп ыйлактады “Сүлүктүлүк айдоочулар” коомдук бирикмесинин төрагасы Газбек Марасилов. – А түгүл иштеткенге 0,1 сотых жерибиз дагы жок! Ошондуктан, жыл бою көмүр ташып гана эптеп өлбөстүн күнүн көрүп келатабыз. Буга улай бала-чакабыз жана дагы тууган-уруктарыбыз бүт ушул жердеги шахталарда тынымсыз эмгектенишет. Министрлер Кабинетинин чектөөсү кашайтып кендирибизди куп гана кесип олтурат.
Биз сүлүктүлүк айдоочулар кышында үч айда гана бир жылга тете эптеп иштеп калабыз, — дешти Сүлүктү шаарынын айдоочулары бир ооздон. – Анткени, жазында жана жайында Сүлүктүнүн көмүрүн эч ким албайт! “Кара алтынды” мобул коңшубуз Өзбекстанга үстөккө-босток ташып, үзгүлтүксүз сооодалап, ошону менен гана жан сактайбыз. Мына, эми оокат кыла турган маалыбызда Чек ара жабылып, ишибиз жүрүшпөй, а түгүл үй-бүлөбүз менен ачка дагы калып олтурабыз…
Сүлүктү шаарынын мэри Максат Кадыркулов жогоруда айтылган көйгөйлөрдү эч жашырган жок. Бирок, Министрлер Кабинетинин токтому, тескерисинче, жергиликтүү калкты арзан көмүр менен камсыз кылууну гана көздөгөндүгүн шардана кылды.
Кыргызстандын ичинде көмүр сатуу көйгөй эмес, болгону “кара алтынды” экспорттоого гана убактынча тыюу салынды! – деп агынан жарылды Сүлүктү шаарынын мэри Максат Кадыркулов. – Албетте, жашырып не, мындай чектөө Өзбекстанга “кара алтын” ташыгандарга абдан эле катуу тийип жаткан чагы. Анткени, булар жыл сайын эле коңшу өлкөлөргө көмүр сатышып, ошону менен гана оокат кылышат. Ошондуктан, жергиликтүү калкка жетиштүү даражада көмүр өндүрүлсө, биз Министрлер Кабинетине бул убактылуу чектөөнү алып таштоону сунуш этебиз.
Айтмакчы, үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети “Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө” токтомун күтүүсүз жарыялаган. Буга ылайык автоунаалар менен Кыргызстандын ичинен башка өлкөлөргө “кара алтын” ташууга алты айга чейин тыюу салынган.
Валюта курсу
Аба ырайы