• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
3871 Категория: Аналитика - Published: 04/11 - 17:40

БИШКЕК, 4-ноябрь. — Eurasia Today. Ички иштер министрлигинде 2022-жылдын тогуз айынын ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.

Үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрында  ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия өттү

Коллегияга ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын башчылары, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана райондук бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Жыйындын негизги темасы катары  Ички иштер органдарынын 2022-жылдын тогуз айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маселе каралды. Андан сырткары  санариптештирүүнү өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш -чаралар жана натыйжалар жөнүндө, жайкы туристтик сезон учурунда көрүлгөн коопсуздук чаралары, элге сервистик тейлөө көрсөтүүнүн сапаты, жол кыймылынын коопсуздугу жана жарандардын арыз-билдирүүлөрүн өз убагында кароо жана алардын чечилишинин сапаты жөнүндө маселелер талкууланды.

9 ай аралыгында республика боюнча 36 миң 696  кылмыш иш козголгон. Алардын ичинде 34 миң 226 кылмыш ички иштер органдарында козголгон, бул кылмыштардын жалпы санынын 93,3 % түзөт. Быйыл козголуп, өндүрүштө болгон кылмыш иштеринин ичинен 18 миң 259 фактысынын, же 56,1% бети ачылган. Сот органдарына 14.124 кылмыш иши жиберилди.

Министрдин маалыматы боюнча, “Унаа” мекемесинин ишмердигин жаңылап, видео-камералар орнотулуп, айдоочулук күбөлүк алуу тартиби катаалдаштырылды. Бүгүнкү күндө, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн автомектептерди аяктаган жарандардын 21% гана күбөлүктөргө ээ болуп, калган 79% жол эрежесин так билбегендиги үчүн экзамендерден өтпөй калган.

Өлкөбүздүн түштүк аймагында жашаган жарандардын арасында “Унаа” мекемесине тиешелүү маселесин жеринде чечип, ыкчам тейлөө процедурасын иш жүзүнө ашыруу үчүн, Кара-Суу шаарына “АвтоЦОН” пунктун ачып, ишке киргизилген.

 

 

 

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.58
0.00
EUR
94.27
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.06
0.00
TJS
8.03
+0.01
TMT
25.03
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+12°C Москва
+19°C Астана
+26°C Бишкек
+24°C Алматы
+30°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+30°C Ташкент

Соцсети