Америкалык сенатор Берни Сандерс АКШ президенти Дональд Трамптын Газадагы миллиондогон палестиналыктарды ал жерден көчүрүү сунушун сындап, америкалыктарды аны айыптоого чакырды.
Бул тууралуу Al Jazeera маалымдады.
“Бул акциянын аты бар, ал этникалык тазалоо деп аталат, бул аскердик кылмыш. Чектен чыккан бул идея ар бир америкалык тарабынан айыпталышы керек”, – деп жазган Сандерс Х баракчасына.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Египет менен Иордания Израилдин ХАМАС тобуна каршы согушунан кыйраган Газа тилкесиндеги палестиналыктарды кабыл алышы керектигин билдирген.
Бул убактылуу же узак мөөнөттүү планбы деген суроого АКШ президенти: «Экөө тең болушу мүмкүн», – деп жооп берген.
Каир менен Амман дароо эле Трамптын Газа тилкесиндеги палестиналык качкындарды Египет, Иордания жана башка араб мамлекеттерине жайгаштыруу планына каршы экенин билдиришти. Трамптын сунушунан баш тарткан Египет менен Иорданиянын позицияларын ХАМАС жогору баалады.
АКШ президентинин билдирүүлөрүн Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас да айыптаган.
“Биздин элибиз бекем бойдон калат жана өз мекенин таштабайт”, – деген анын билдирүүсүн палестиналык WAFA маалымат агенттиги келтирген.
Ошол эле учурда Газадагы согушту токтотууга ортомчулук кылган Катардын расмий адамдары да жер которууга же кайра басып алууга алып баруучу бардык пландарды “кызыл сызык” деп атаган.
Белгилей кетсек, Израиль менен 15 айга созулган согушта Газанын эки миллион жашоочусунун көбү үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан жана Газанын инфраструктурасынын көп бөлүгү жер менен жексен болгон.
БУУ буга чейин Газадагы имараттардын 60%ы бузулган же кыйраганын жана аларды калыбына келтирүү ондогон жылдарга созулушу мүмкүн деп эсептеген.
















