Америкалык демонстранттар Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко келген Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун бул шаарда болушуна нааразылык билдирип, анын кортежи өтө турган жолду бууп, тосуп алышкан.
Бул тууралуу IRNA агенттиги америкалык ABC каналына шилтеме берип маалымдады.
Демонстрациянын катышуучулары “Согуш кылмышкерлери Нью-Йоркто кабыл алынбайт”, “Геноцидди токтоткула” жана “Курал эмбаргосун азыр токтоткула” деген ураандар жазылган транспаранттарды жана плакаттарды көтөрүп чыгышты.
Акцияны уюштурган «Jewish voice for peace» (Тынчтык үчүн еврей үнү) уюму демонстрацияга катышкан 25 киши Нью-Йорк полициясы тарабынан кармалганын билдирди.

Уюмунун мүчөсү Жей Сапер, Израилдин Ливанга жасаган кол салууларын жана Газадагы палестиналыктардын геноцидин айыптап, АКШ Израилге курал жөнөтүүнү токтотмоюнча жана палестиналыктар толук эркиндикте жашамайынча нааразычылыктарын уланта беришерин билдирди.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 17-18-сентябрда Ливандын ар кайсы райондорунда бир учурда байланыш жабдуулары: биринчи пейджерлер, эртеси рациялар жардырылгандан кийин курчуган. Маалымат каражаттары жазгандай, жарылган аппараттарды негизинен “Хезболланын” мүчөлөрү колдонгон. Расмий маалыматтар боюнча, чабуулдан 37 адам каза болуп, 3000ден ашууну жарадар болгон. Ливан бийликтери жана “Хезболла” чабуул үчүн Израилди айыптаган. Тель-Авив бул окуяга тиешеси бар экенин тастыктаган да, четке каккан да жок.
Кийинчерээк Израилдин авиациясы Бейруттун түштүк четиндеги турак жайга сокку уруп, 50дөн ашуун киши, анын ичинде “Хезболланын” атайын операцияларынын командири Ибрагим Акиль набыт болгон. “Хезболла” жооп ирээтинде Израилдин аба күчтөрүнүн Рамат Давид базасына жана Хайфанын түндүгүндөгү Рафаэль аскердик-өнөр жай комплексине чабуул коюшкан.
23-сентябрда да Израилдин аба күчтөрү Ливандын түштүк жана чыгышындагы конуштарга чабуул жасап, анын кесепетинен бир сутка ичинде 492 киши каза болуп, 1645 киши жаракат алган. Каза болгондордун ичинде 35 жаш бала жана 58 аял бар экени маалымдалган.















