Спот рыногунда алтындын баасы АКШдан импорттолуучу товарларга бажы төлөмү киргизилет деген кооптонуулардан улам болуп көрбөгөндөй чекке жетти. Соода учурунда алтындын бир унциясы 2800,43 долларга жетти.
«Интерфакс» билдиргендей, Comex биржасында февраль айынын фьючерстери жума күнү 0,1%га кымбаттап, унциясы үчүн 2824,9 долларды түздү. Акыркы бир айда баалуу металл 6,5% кымбаттады.
АКШ президенти Дональд Трамп мурда убада кылынган канадалык жана мексикалык товарларга 25% тарифтер ишембиден тарта күчүнө кирерин ырастады. Бул коопсуз активдерге, анын ичинде алтынга болгон суроо-талаптын өсүшүнө түрткү болду.



















