АКШнын ири шаарларында өлкөнүн Ирандагы аскердик операциясын колдогондор менен ага каршы болгондордун нааразылык акциялары өттү. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди.
Телеканалдын маалыматына ылайык, Нью-Йоркто мэр Зохран Мамданинин резиденциясынын жанында бири-бирине каршы көз караштагы эки топ чогулган — бири Иранга каршы аскердик операцияны колдогондор, экинчиси ага каршы чыккандар.
Полиция топторду ар кайсы жакка бөлүп койгонуна карабастан, тынч акция кагылышууга айланып кеткен.
Тартип сакчылары алты адамды кармашкан, алардын арасында эки тараптын тең катышуучулары бар.
Нью-Йорктун мэри Зохран Мамдани АКШнын Иранга жасаган чабуулун айыптап, аны «мыйзамсыз агрессивдүү согуштун катастрофалык күчөшү» деп атаган.
Ушуга окшош митингдер Вашингтондун борборунда да өттү.
Ал жерде президенттин Иранга карата саясатын колдогондор жана ага каршы болгондор
чогулушкан.
РИА Новости билдиргендей, митингге чыккандар ураандарды кыйкырып, катуу музыка менен нааразылык билдиришкен.
“Иранда согушка жол жок”
«Известия» басылмасынын кабарчысы америкалыктар көчөгө АКШнын жана Ирандын желектерин көтөрүп чыкканын көрсөткөн.
Алардын көбү:
АКШ жана Израилдин Иранга сокку уруусуна каршы экенин билдиришкен
«Иранда согушка жол жок» деген жазуусу бар плакаттарды кармашкан
ар кандай ураандарды кыйкырып турушкан
Буга чейин Нью-Йорктогу митингдер мушташка айланып, бир нече адам камакка алынганы да маалымдалган.
















