АКШнын стратегиялык мунай кору өткөн жумада 3 миллион баррелге азайып, 316,5 миллион баррелди түздү. Бул — 1983-жылдан бери катталган эң төмөнкү көрсөткүч.
Fars News агенттиги маалымдагандай, мындай төмөндөө АКШ өкмөтү март айынан тартып Иран менен болгон куралдуу жаңжалдан улам дүйнөлүк мунай жеткирүүдө жаралган үзгүлтүктөргө жооп катары стратегиялык кордон 172 миллион баррель мунайды чыгарууга уруксат бергенден кийин болду.
АКШнын Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, учурда стратегиялык кордо анын максималдуу сыйымдуулугунун — болжол менен 727 миллион баррелдин жарымынан да азы сакталууда.

АКШнын стратегиялык мунай кору 1975-жылы дүйнөлүк мунай кризисинен кийин түзүлгөн. Анын негизги максаты — мунай жеткирүүдөгү күтүүсүз үзгүлтүктөрдөн жана энергетикалык кризистерден өлкөнү коргоо. Бул корлор Техас жана Луизиана штаттарындагы Мексика булуңунун жээгинде жайгашкан ири туз үңкүрлөрүндө сакталат.
Кордун кескин кыскарышынын негизги себептеринин бири АКШ менен Израилдин Иранга каршы жүргүзүп жаткан согушу, ал февралдын аягында башталган.
Стратегиялык резервдердин эң төмөнкү деңгээли 1983-жылдын 20-майында байкалып, 324,116 миллион баррелди түзгөн.
















