15-ноябрда АКШнын Каржы министрлиги Орусияга каршы жаңы санкциялар пакетинин алкагында Кыргызстандын «Керемет Банкына» каршы санкциялар киргизилгенин жарыялады.
Мекеме бул чаралар Орусиянын АКШнын санкцияларын айланып өтүү аракетинин алдын алууга багытталганын баса белгиледи.
Санкциялык тизмеге 150 жеке жана юридикалык жак кирсе, алардын арасында Кыргызстандагы жалгыз компания «Керемет Банк» бар. Санкциялар банктын кызматкерлеринин орусиялык чиновниктер жана ПАО «Промсвязьбанк» менен жок дегенде 2024-жылдын жайынан бери кызматташтыгына байланыштуу киргизилген.
Кошумчалай кетсек, АКШнын Каржы министрлиги 2024-жылы банктын акцияларынын контролдук пакетине ээ болгон чет элдик компаниянын орусиялык ишкер менен байланышы бар экенин билдирген.
Өз кезегинде «Керемет Банк» АКШнын Каржы министрлигинин чечимине каршы даттанууну пландоодо. Финансы институту ачык-айкындуулук жана жоопкерчилик принциптерин сактоо менен ар дайым улуттук жана эл аралык мыйзамдарга так ылайык иш алып барарын белгиледи.
















