АКШнын эң ири телекөрсөтүү тармактары — FOX News Media, ABC News, CBS News, CNN жана NBC News — АКШ президенти Дональд Трамптын иш-чараларына катышуусун чагылдырууну убактылуу токтоторун жарыялады. Бул чечим Трамптын айрым ЖМК өкүлдөрүнө Ак үйгө кирүүгө уруксат берүүдөн баш тартуусуна каршылык билдирүү катары кабыл алынды.
Бул тууралуу телеканалдар өздөрүнүн сайттарында, анын ичинде Fox News басылмасында, биргелешкен билдирүү жарыялашты.
Телевизиялык пулдун мүчөлөрү дүйшөмбү күнү Трамптын ишмердигин биргелешип чагылдырууну убактылуу токтотуу боюнча макулдашканын билдиришти. Буга президенттин пулдун мүчөсү болгон CNN телеканалынын, ошондой эле MS NOW жана Politico басылмаларынын журналисттерине Ак үйгө кирүүгө тыюу салганы себеп болгон. Трамп бул ЖМКларды «жалган жаңылыктарды» таратууда айыптаган.
Телевизиялык пулдун мүчөлөрү кезектешип Трамп менен бирге сапарларга чыгып, анын Ак үйдөгү иш-чараларын чагылдырышат. Ошондой эле алар бул иш-чаралардан алынган видеоматериалдарды, сүрөттөрдү, аудиожазууларды жана цитаталарды башка ЖМК өкүлдөрү менен бөлүшүүгө макул болушат.
Мындай практика АКШда дээрлик бир кылымдан бери, Франклин Делано Рузвельттин президенттигинен тартып колдонулуп келет. Пулдун журналисттери президент Жон Кеннединин өлтүрүлүшү жана 11-сентябрдагы террордук чабуулдар сыяктуу окуяларды түз эфирде чагылдырууну камсыз кылышкан.















