Акыркы күндөрү Батыштын, айрыкча АКШ менен Израилдин маалымат каражаттарынын “Иранга каршы согуш жакындап калды” деген ызы-чуу билдирүүлөрү Израилдин кемелери менен учактарынан да катуу угулууда.
Алар улам-улам согуш бир нече күндүн же атүгүл бир нече сааттын ичинде башталат деген түшүнүктү түзүүгө аракет кылышууда. Бул пропагандаларга ылайык, Ирандын эки гана жолу бар:
же АКШ койгон шарттар менен сүйлөшүүгө макул болуу,
же согушка кирүү.
Бирок баары Батыш маалымат каражаттары айткандай жөнөкөй жана түшүнүктүүбү же окуянын башка тарабы барбы? Башкача айтканда, чыныгы кыйынчылык Иран тараптабы, ал кыйын, татаал чечим кабыл алышы керекпи же тескерисинчеби?
Азыркы кырдаалда Ирандын милдети так. Биринчиден, «согуш сөзсүз болот» деген түшүнүк — Батыш медиасы менен айрым расмий адамдар атайын түзүп жаткан жасалма образ. Бирок согуш чындап эле болчу болсо да, Иран үчүн жол так жана ачык.
АКШ «шарттарыбызды кабыл алгыла, болбосо согуш болот» дейт. Бирок бул жерде бир кызык нерсе бар: АКШнын шарттарын кабыл алуу согуштан сактабайт, тескерисинче, согушка жакындатат. Анткени бул шарттар Иранды алсыратууну, куралсыз калтырууну көздөйт.
АКШ муну мурда да кылган. Ливияны ушундай жол менен алдап, адегенде куралсыздандырып, кийин сокку урган. Сирия да алгач алсыратылып, анан каалагандай чабуулга дуушар болгон.
Ошондуктан Иранда эч ким «шарттарды кабыл алсак тынчтык болот» деп ишенбейт. Андай болсо, согуш токтобойт, тескерисинче, өлкө алсыз болуп калат.
Ошондуктан Иран бир гана жолду тандап жатат — каршы туруу, күчүн сактоо. Эгер Иран бул позициядан тайса, азыр так эмес болуп турган согуш чындап эле башталып кетиши мүмкүн.
Ал эми АКШ өзү да согуштун так болоруна ишенип турган жок. Азырынча алар көбүнчө коркутуу, маалыматтык басым аркылуу Иранды багынтууну каалап жатышат.














