АКШда Палестинаны колдогон активисттер Газа секторуна Израилдин аба соккуларына жана окуяларды чагылдырып жаткан журналисттерге багытталган кол салууларга каршы нааразычылык акциясын өткөрүштү.
Нью-Йорк шаарындагы БУУнун штаб-квартирасынын алдында палестиналык желектерди көтөргөн демонстранттар чогулуп, Газага каршы уланып жаткан Израилдин чабуулдарын кастрюля жана сковородкаларды кагып, нааразычылыгын билдиришти.
Акцияга катышкандар Газадагы Израилдин геноцидин чагылдырган журналисттерге болгон чабуулдарды да айыпташты.
Протестчилердин колунда мындай ураандар жазылган плакаттар болду: «Израил бардык журналисттерди өлтүрүп, чындыкты жок кылгысы келет», «Талкалоону токтоткула», «Уурдалган жерге тынчтык келе албайт» жана «Геноцидди жашырып болбойт». Нью-Йорктун полиция департаментинин (NYPD) кызматкерлери демонстранттардын бир кыйласын кармап кетишти.
10-август, жекшемби күнү Израил армиясы Газа шаарындагы «Аш-Шифа» ооруканасынын жанында журналисттер турган чатырга сокку жасап, Al Jazeera телеканалынын кабарчылары Анас аш-Шариф жана Мухаммед Курайка да бар болгон алты журналист набыт болду.
Газа секторундагы Палестина өкмөтүнүн Медиа-офисинин маалыматына ылайык, бул чабуулдан кийин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Израил тарабынан өлтүрүлгөн медиа кызматкерлеринин жалпы саны 238 адамга жетти.
АКШ колдогон чабуулдардын натыйжасында 61 599 палестиналык каза болуп, 154 088 киши жаракат алды, 9 миңден ашуун адам дайынсыз жоголду. Жүз миңдеген тургундар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту, ал эми алардын көпчүлүгү, анын ичинде ондогон балдар ачарчылыктан көз жумду.















