АКШнын Нью-Йорк шаарында жашаган Тажикстандын 33 жаштагы жараны 26-февралда “Ислам мамлекети” террордук тобу жана анын Борбор Азиядагы “Вилаят Хорасан” бөлүмү менен байланышы бар деген айып менен кармалды.
Тажикстандык Мансур Манучехри ИШИМди жана анын “Вилаят Хорасан” (ISIS-K) ячейкасын каржылаган, ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактаган жана иммиграция боюнча алдамчылыкка барган деп шектелүүдө.
Бул тууралуу АКШнын Юстиция министрлигинин билдирүүсүнө таянып “Московский Комсомолец” басылмасы билдирди.
Маалыматка караганда, Манучехри 2016-жылдын июнь айында Тажикстандан АКШга туристтик виза менен келген, бирок мөөнөтү аяктагандан кийин өлкөдө калган.
2017-жылдын март айында ал АКШнын жаранына мыйзамдуу статуска ээ болуу үчүн жасалма нике кыюу үчүн акча төлөп, бирок талап кылынган документтерди тапшыра албагандыктан баш тарткан.
2021-жылдын декабрынан 2023-жылдын апрелине чейин ал Түркиядагы жана Сириядагы ИШИМ менен байланышы бар адамдарга, анын ичинде 2024-жылдын январында Стамбулдагы чиркөөгө кол салууга шектелип түрк бийлиги тарабынан кармалган кишиге 70 миң доллардын тегерегинде акча которууга көмөктөшкөнү боюнча да шектелүүдө.
АКШнын Юстиция министрлигинин берген маалыматы боюнча, Манучехри ок атуучу куралдарга ээ болгон, бирок ага курал колдонууга тыюу салынган.
Ага карабай ок атуучу куралдар менен тез-тез машыгуудан өтүп, Түркиядагы ИШИМ менен байланышы бар адамга “Аллага шүгүр, мен даярмын, тууганым” деген жазуулар менен кошо жөнөткөн видеолору ФБРге түшкөн.
Шаршемби күнү Бруклиндеги федералдык сотто АКШнын судьясы Роберт М. Леви Манучехрини соттук териштирүүгө чейин кармоого буйрук берди.
Башкы прокурор Пам Бонди АКШнын өкмөтү “америкалык жарандарга зыян келтирүүнү көздөгөндөрдү табууга, камакка алууга жана жоопко тартууга умтулат”,- деп билдирди.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын июнь айында АКШ ИШИМ менен байланышы бар тажикстандык сегиз кишини камакка алган.
Маалыматтарга караганда, алар АКШга өлкөнүн түштүк чек арасы аркылуу киришкен. Алардын экөө чек араны 2023-жылдын жазында кесип өтсө, бири мигранттарга башпаанек алуу өтүнүчтөрүн графикке коюуга мүмкүнчүлүк берүү үчүн Байдендин администрациясы тарабынан түзүлгөн CBP One тиркемесин колдонгон.
ИШИМ – АКШда, Орусияда жана башка бир катар мамлекеттер тарабынан террордук уюм деп табылып, тыюу салынган.
















