АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы 2025-жылдын 30-сентябрына чейин АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги — USAIDдин бардык чет өлкөлөрдөгү кеңселерин жабуу чечимин кабыл алды.
Бул тууралуу The Guardian жана Associated Press маалымат агенттиктери кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 10-июнда USAIDдин чет өлкөлүк кызматкерлерин кызматтан бошотуу тууралуу расмий буйрук чыгарды. Анын айтымында, агенттик акыркы жылдары өзүнүн негизги миссиясынан алыстап, АКШнын тышкы саясат максаттарына туура келбеген программаларды ишке ашырып калган.
USAID учурда дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндө иш алып барып келет. Жабылуу чечими 10 миңден ашуун кызматкерге жана миңдеген өнүктүрүү долбоорлоруна таасир этет. Алардын катарында саламаттык сактоо, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу жана демократияны өнүктүрүү багытындагы программалар бар.
Буга чейин март айында эле агенттиктин 6 миңге жакын долбоорунун 5 200ү токтотулган. Калган долбоорлор эми Мамлекеттик департаменттин башкаруусуна өткөрүлмөкчү.
Бул кадам АКШ ичинде жана эл аралык коомчулук арасында нааразычылыктарды жараткан. Бир катар дипломаттар жана жарандык коом өкүлдөрү реформанын кесепетинен АКШнын дүйнөдөгү гуманитардык лидерлигине жана глобалдык коопсуздукка залакасы тийиши мүмкүн экенин эскертишкен.
Ошентип USAIDдин расмий жабылуу мөөнөтү — 2025-жыл 30-сентябры деп белгиленди. Ал эми 15-июндан тарта анын долбоорлорун Мамлекеттик департамент өзүнө өткөрүп ала баштайт.
















