АКШнын президенти Дональд Трамп Россия менен Украинанын ортосунда тынчтык келишимин түзүүгө ортомчулук кылуу аракеттеринен бир нече күн ичинде баш тартат, эгерде келишимди түзүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк бар экендиги анык далилдер менен көрсөтүлбөсө. Бул тууралуу жума күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио билдирди.
«Биз бул аракеттерди жумалап, айлап уланта бербейбиз. Бизге өтө кыска убакыттын ичинде — бир нече күн тууралуу айтып жатам — бул маселени жакынкы апталарда ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү барбы же жокпу, аныктап алуу керек», — деди Рубио Парижде Европа жана Украина лидерлери менен жолугушуудан кийин.
«Президент бул жагдайга өтө олуттуу мамиле кылууда. Ал буга маселеге көп убакыт жана күч сарптады… Бул маанилүү, бирок мындан кем эмес, балким андан да маанилүүрөөк башка иштер да бар», — деп кошумчалады Рубио.
Рубионун мындай билдирүүсү АКШ менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө бир аз жылыштар байкала баштаган учурга туш келди. Трамп бейшемби күнү Киев менен келишимге келүүнү келерки жумада күтүп жатканын билдирип, бул келишим АКШга Украинанын кен байлыктарына жеткиликтүүлүктү берет деген үмүтүн айтты.
Мындай келишимди февралда түзүү аракети Украина президенти Владимир Зеленский менен Трамп жана вице-президент Жей Ди Вэнс АКШда сүйрү кабинетте кайым айтышып кеткенден кийин үзгүлтүккө учураган.
















