АКШнын Украина менен эки тараптуу коопсуздук келишимине кол коюусуна аз калды. The Financial Times (FT) гезити өз булактарына таянып жазгандай, Американын президенти Жо Байден менен Украинанын лидери Владимир Зеленский келишимди июнда Италияда өтө турган «Жетиликтин» (G7) саммитинин алкагында түзүшү мүмкүн.
Басылманын маалыматы боюнча, бул келишим Украина буга чейин НАТОго мүчө башка мамлекеттер менен түзгөн коопсуздук документтеринин эң маанилүүсү болуп калат.
Келишимде АКШнын Украинага узак мөөнөттүү колдоосу, анын ичинде украин аскер кызматкерлерин окутуу, чалгындоо маалыматтарын алмашуу жана экономикалык жардам көрсөтүү боюнча милдеттенмелер белгиленет.
Чоң жетиликтин өлкөлөрү 2023-жылы жайында Вильнюста өткөн НАТОнун саммитинде Киев менен коопсуздук кепилдиги боюнча келишим түзүү ниетин билдиришкен. Буга чейин Украина мындай келишимдерге Улуу Британия, Германия, Дания, Испания, Италия, Канада, Латвия, Нидерланды, Финляндия жана Франция менен кол койгон. Алар 10 жылдык мөөнөткө түзүлгөн.
















