АКШ жана Сауд Аравиясы жалпы суммасы 300 миллиард долларды түзгөн эки тараптуу келишимдерге кол коюшту.
Бул тууралуу Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Сальман Аль Сауд Эр-Риядда өтүп жаткан Сауд-Америка форумунда сүйлөп жатып билдирди, деп жазат ТАСС.
Эки өлкө ортосундагы инвестициялык милдеттенмелердин жалпы көлөмү 600 миллиард долларды түзөт. Анын жарымы АКШ президенти Дональд Трамптын Сауд Аравиясына жасаган сапары учурунда кол коюлган келишимдер жана контракттар аркылуу бекемделди. Ханзааданын айтымында, эки өлкө биргелешкен инвестициялык долбоорлордун суммасын 1 триллион долларга чейин жеткирүүнү көздөшүүдө.
«Биз 600 миллиард доллардык өнөктөштүк долбоорлорун иштеп жатабыз, алардын ичинен 300 миллиард доллардан ашыгы буга чейин ушул форумдун алкагында жарыяланган келишимдерди түзөт. Жакынкы айларда биз калган макулдашууларды толук иштеп чыгууга киришебиз, муну менен жалпы [инвестициялык милдеттенмелердин] көлөмүн 1 триллион долларга чейин жеткирүү максаты турат», — деди Мухаммед бен Сальман.
















