Америкалык Vector Defense компаниясы Сауд Арабиясынын SR2 Defense Systems стартапы менен биргеликте Эр-Рияд шаарына жакын жерде камикадзе-дрондорду чыгаруучу завод куруп жатат.
Бул тууралуу Semafor порталы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаңы ишканада ирандык «Shahed» дронунун негизинде иштелип чыккан «Skywasp» аттуу учкучсуз аппараттар өндүрүлөт.
Бул дрондор 1,5 миң чакырымга чейинки аралыктагы максаттарды бутага ала алат.
Күтүлүп жаткандай, өндүрүлгөн учкучсуз аппараттар менен Сауд Арабиясынын өзү да камсыздалып, экспортко да жөнөтүлөт.
Өндүрүштүн көлөмү азырынча так айтыла элек.
Бирок америкалык-саудиялык биргелешкен ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири Люсьен Зейглер Semafor басылмасына берген маегинде, өндүрүш көлөмү «падышалыктын стратегиялык тоскоолдук талаптарына жооп бере турганын» билдирди.
Буга чейин АКШ LUCAS деп аталган ирандык “Shahed-136” дронунун көчүрмөсүн жасап чыгарган. Маалыматтарга караганда, ал “тескери инженерия” ыкмасын колдонуу менен, башкача айтканда, кулаган дрондорду изилдөөнүн жыйынтыктарына негизделип жасалган.
















