Вашингтон Иранга каршы кошумча чектөөлөрдү киргизүү ниетинде. Тегеранга каршы санкцияларды кеңейтүүнү Евробиримдик да карап жатат. Бул Ирандын 14-апрелге караган түнү Израилге жасаган соккусуна жооп болмокчу.
АКШнын каржы министрлигинин башчысы Жанет Йеллен АКШ Иранга кошумча санкцияларды киргизүүгө ниеттенүүдө билдиргенин Bloomberg агенттиги жазды.
“Жакынкы күндөрү Иранга каршы кошумча санкцияларды киргизебиз деп үмүттөнөм”,- деди ал.
Бир күн мурун Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби “Жетилик тобу” Иранга каршы анын ичинде анын ракеталык программасына багытталган жаңы санкцияларды иштеп чыгып жатканын билдирген.
Ушундай эле билдирүүнү АКШ президенти Жо Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан да жасады. Ал жаңы чектөөлөр Ирандын ракеталык жана учкучсуз учак программаларына таасирин тийгизерин тактады.
«Ошондой эле… Ислам революциясынын сакчылар корпусуна жана Ирандын Коргоо министрлигине колдоо көрсөткөн структуралар», – деп билдирди Салливан.
Анын айтымында, Вашингтон “АКШнын артынан анын союздаштары жана өнөктөштөрү да өздөрүнүн санкцияларын киргизет” деп эсептейт.
Ал “жаңы санкциялар жана башка чаралар” Иранды тизигиндөөгө, анын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн жана эффективдүүлүгүн алсыратууга” багытталганын жана АКШ көйгөйлүү деп эсептеген бир катар иш-аракеттерге таасирин тийгизерин баса белгиледи.
Салливан акыркы үч жылда АКШнын Иранга каршы санкцияларына 600дөн ашык жеке жана юридикалык жактар дуушар болгонун белгилеп, кысым улана берет деди.
Буга чейин Еврокомиссиянын (ЕК) төрагасы Урсула фон дер Лейен Евробиримдик Ирандын Израилге жасаган чабуулдарына байланыштуу Тегеранга каршы жаңы чектөөчү чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн карай турганын билдирген.
“Алдыда биз өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып, Иранга каршы кошумча санкциялар тууралуу ойлонобуз, атап айтканда, учкучсуз учактар жана ракеталык программалар боюнча”, – деген ал.
Эске салсак, 14-апрелге караган түнү Ирандын куралдуу күчтөрүнүн элиталык бөлүгү – Ислам революциясынын сакчылар корпусу Израилдин 1-апрелде Сириядагы Иран консулдугуна кол салуусуна жооп иретинде Израилдин аймагына сокку урду. Чабуулда бир нече жүздөгөн ракеталар жана учкучсуз учуучу аппараттар менен болгон.
Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Мохаммад Багери Тегеран “Чындык убада” операциясын аяктагандыгын жана аны улантпай тургандыгын билдирген. Бирок эгерде Израил кандайдыр бир дагы башка чараларды көрө турган болсо, Ирандын кийинки операциясы мурдагыдан катуу болорун убада берген.
Израил жакын арада Ирандын чабуулуна жооп иретинде чара көрүшү мүмкүн экени маалымдалган. Ирандын ТИМ башчысынын орун басары Али Багери Кяни эгерде Израил Ирандын чабуулуна жооп кыла турган болсо, Тегеран контрчараларды өткөн окуядагыдай 12 күндөн кийин эмес, секунда өткөрбөй жасай турганын эскертти.
















