Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 4-5-июнь күндөрү Тажикстандын Душанбе шаарына иш сапары менен барат.
Бул тууралуу КРнын Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Отурумдун жүрүшүндө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, чечимдер кабыл алынат.
Ошондой эле, эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөрү жана бир катар документтерге кол коюлары пландалууда.



















