Eurasiatoday
Ишемби, 21-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Аббас Аракчи Каирде Ислам өлкөлөрүнүн “D8” тобунун ТИМ башчыларынын жыйынына катышты

  • Батыш Азия, Башкы жаңылыктар, Саясат
  • 19.12.2024 12:19

Loading

Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи Египеттин борбор шаары Каирде өткөн Ислам сегиздигине (“D-8”) мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышып, сөз сүйлөдү.

“D-8” же Ислам сегиздиги – Индонезия, Иран, Бангладеш, Пакистан, Түркия, Малайзия, Египет жана Нигерия кирген сегиз өнүгүп келе жаткан мусулман өлкөлөрүнүн тобу. Ал өнүгүп келе жаткан ислам өлкөлөрүнүн ортосунда бекем экономикалык байланыштарды түзүү жана алардын дүйнөлүк рыноктордогу таасирин арттыруу, ошондой эле өнөр жайы өнүккөн өлкөлөр менен диалог түзүү максатында түзүлгөн аймактык келишимдердин бири. “D-8” 1997-жылы Стамбулда Түркиянын премьер-министри (1996-1997-жылдары) Нежметтин Эрбакандын демилгеси менен түзүлгөн. Саммити дээрлик эки жылда бир өткөрүлүп келет.

Сапардын алкагында Аракчи Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абдул Ати, Пакистандын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри Мухаммед Исхак Дар жана Малайзиянын жогорку билим министри Замбри Абдул Кадир менен  эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, жалпы кызыкчылык жараткан айрым темаларды талкуулап, пикир алмашышты.

Жыйындын катышуучулары аймактык маселелерди, негизинен Газа тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.

Тема боюнча

Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

20.11.2026

Анда сөз сүйлөгөн Аббас Аракчи ислам дүйнөсү 2023-жылдын 7-октябрынан бери сионисттик режимдин Газа, Ливан жана Сириядагы болуп көрбөгөндөй мыкаачылыгынан жапа чегип жаткан учуру экенин белгилеп, “D8” уюму Израилдин Газага жасаган кол салышын айыптаган өлкөлөрдүн биринчи тобунун арасында болгонун белгиледи.

Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылдын июнь айында Стамбулда “D8” министрлер кеңешинин Газа боюнча кезексиз жыйыны өткөрүлгөнүн эске салды.

Ирандын ТИМ башчысы эл аралык коомчулук сионисттик режимдин аймактагы агрессивдүү аракеттерин, согуш кылмыштарын, адамзатка каршы кылмыштарын жана геноциддерин токтото албаганын, буга көбүнчө АКШ өкмөтүнүн Израилге саясий, аскердик, чалгындоо жана каржылык колдоосу себеп болгонун белгиледи.

Аракчи 19-декабрда Каирде өтө турган Ислам өлкөлөрүнүн “D8” тобунун президенттеринин жыйынында дүйнөгө Израилдин Газа, Ливан жана Сириядагы агрессиясы жана зордук-зомбулуктары токтоосуз түрдө токтотулушу керек деген күчтүү билдирүү берилет деген үмүтүн билдирди.

Ислам өлкөлөрүнүн “D8” тобуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын XI жолугушуусу бүгүн, 19-декабрда Каир өтөт. Саммиттин негизги темасы “Жаштарга инвестиция салуу жана кичи жана орто бизнести колдоо: эртеңки экономиканы калыптандыруу”. Ага Ирандын президенти Масуд Пезешкиан катышат, ал эми Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын катышуусу күтүлүүдө. Палестина мамлекетинин президенти Махмуд Аббас да конок катары катышууга ниеттенүүдө.

“Сионисттик режим жана анын союздаштары жасаган иштери үчүн жооп бериши керек; Газа калкынын гуманитардык жардамга тоскоолдуксуз жетүүсү үчүн Газада туруктуу ок атышпоо түзүлүшү керек; Палестина маселеси жана палестиналыктардын өз тагдырын өзү аныктоо укугу ишке ашуусу керек; Оккупацияланган аймактарды аннексиялоого Израилдин ар кандай аракетине жол берилбеши керек; Сионисттик режимдин күчтөрү Газа, Ливан жана Сириядагы басып алынган аймактардан дароо чыгып кетүүсү зарыл”, – деди ал.

Аркчи ошондой эле “D8” уюмуна мүчө өлкөлөр азыркы кырдаалдан келип чыккан кыйынчылыктарды жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн Палестина менен Ливанга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: "D8" тобуАббас АракчиГазаЕгипетиранИслам өлкөлөрүСаммитТИМ башчы
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

20.11.2026
Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

20.11.2026
Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

20.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

19.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Кытай Ирандын эгемендигин колдойт жана санкцияларды жоюуга чакырат

Кытай Ирандын эгемендигин колдойт жана санкцияларды жоюуга чакырат

19.11.2026
Ирандын чек аралары каршылаш тараптын кысымына карабастан толук корголгон

Ирандын чек аралары каршылаш тараптын кысымына карабастан толук корголгон

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.